Материалист жана
атеист чөйрөлөр канчалык аракет кылышпасын, бир апачык чындык бар: илим
тарабынан изилденген бардык нерселерди, жандыктарды жана системаларды Аллах
жараткан. Ошондуктан дин менен илимдин ак ниеттүүлүк жана акылмандык менен
турмушка ашырылганда, ар дайым бири-бирине шайкеш келээри анык. Бул
шайкештиктин бир көрсөткүчү – тарыхта жана биздин заманда жашаган, ачылыштары
менен адамзатка чоң кызматы тийген «ыйман кылган илимпоздор».
Илим менен
алектенип, жаңы ачылыштарды жасаган жана ааламдын сырларын табууга аракет
кылган илимпоз – негизи Аллах жараткан чеберчиликти терең изилдеген, андагы
кылдаттыктарды байкоого жана кармоого аракет кылган киши. Ошондуктан дин менен
илим ажырагыс бир бүтүн жана илимпоз болсо Аллахтын чексиз кудуретин,
чеберчилигин, теңдешсиз жаратуусун ачып көрсөткөн киши. Ошондуктан көпчүлүк
ойлогондон тескерисинче, илимпоздор Аллахтын жараткан чеберчилиги менен эң көп
алектенген кишилер катары Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын эң бат байкаган
адамдардан болушат.
Чындыгында кылымдардан
бери дин тартуулаган эркин акылды жана чексиз ойлонуу жөндөмүн пайдаланып,
илимге чоң салымдарды кошкон көптөгөн илимпоздор бар. Ал инсандар бир жагынан
илим менен диндин бири-бирине толук шайкеш келээрин көрсөтсө, экинчи жагынан
илимге жана адамзатка чоң кызмат кылышкан. Ньютон, Кеплер, Леонардо да Винчи,
Эйнштейн сыяктуу илим тарыхына багыт берген белгилүү илимпоздор жүргүзгөн
байкоолорунун жана изилдөөлөрүнүн натыйжасында ааламды Аллахтын жаратканын,
тартипке салганын жана бүт баарынын Аллахка моюн сунаарын жакташкан. Ошондой
эле, илимдин негизги принциптерин Жаратканга ишенген кишилер иштеп чыккан жана
заманбап илимдин пайда болушунда диндин салымы чоң.
Тарыхтагы эң улуу
илимпоз деп эсептелген Исаак Ньютондун аалам тууралуу көз-карашын төмөнкү
сөздөрү апачык айгинелейт:
Күн системасынын,
планеталардын жана кометалардын кереметтүү системалары акылдуу жана күчтүү бир
заттын кудурети менен гана сакталып турушу мүмкүн. Ал зат бир гана дүйнөнүн
рухун эмес, бүт баарын башкарат, Ал – Аллах».52
Ошол сыяктуу, атактуу
илимпоз Кеплердин изилдөөлөрүнө да диний ишениминин багыт бергени белгилүү.
Физика жана космостук фон радиациясы тармагында жүргүзгөн изилдөөлөрү үчүн
1978-жылы Нобель сыйлыгын алган Арно Пензиас Иоганн Кеплер тууралуу мындай деп
айткан:
Бул Коперникке
эмес, чындыгында Кеплердин ийгилигине чейин созулат. Анткени эпициклдер
түшүнүгү жана башка түшүнүктөр илимпоздор бири-бири менен пикирлерин бөлүшкөн
күндөргө чейин барат. Булардын баары Жаратканга чындап ишенген бир киши
келгенге чейин уланган жана ал Кеплер болчу... Мыйзам коюучу Аллахка чын
жүрөктөн ишенген.
... Алда канча
жөнөкөй жана алда канча күчтүү бир нерсе болушу керек деп ишенген. Балким
жолдуу болчу же балким андан да терең бир нерсе бар эле, бирок Кеплер
ишениминин сыйлыгы катары табият мыйзамдарын ачты. Ошол күндөн баштап оор күрөш
жүрдү, бирок кылымдардан кийин жөнөкөй табият мыйзамдарынын иштээрин
көрүүдөбүз. Ушул себептен илимпоздордо дагы эле ушундай үмүт бар. Жана мунун
булагы негизи Кеплер, жана Кеплер бул үмүттү ишениминен алган.53
Китептин бул
бөлүмүндө тарыхтан бүгүнкү күнгө чейин заманбап илимди түптөгөн жана өнүктүргөн
ыймандуу илимпоздорду жана алардын илимге кылган кызматтарын карайбыз. Бул
бөлүмдө аты аталган илимпоздордун бүт баары ааламды жана жандыктардагы
системаларды Аллахтын жаратканына ишенип, илим менен алектенишкен. Фрэнсис Бэкондун бир сөзү ыймандуу илимпоздордун бардык
жаратылган нерселерге туура көз-караш менен карагандыгынын эң жакшы мисалы.
Бэкон мындай деген:
Булар Аллахтын
эмгеги; буларды жасаган заттын бүт нерсени жасоого кудуреттүү экенин жана
акылын көрсөтөт; дүйнө Аллахтын жараткан нерсеси...54
Аллах көптөгөн
аяттарда жаратылган нерселер тууралуу ой жүгүртүүнүн, Аллахтан чындап коркуп
тартынуунун, Анын улуулугун, бийиктигин түшүнө алуунун бир жолу «илимдүү болуу»
деп кабар берген. Бул жөнүндөгү аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
ТАРЫХТА ЖАШАП ӨТКӨН ЫЙМАН КЫЛГАН ИЛИМПОЗДОР
Роджер Бэкон (1220-1292)
«Ишенимдин мээрими эбегейсиз»55
Замандаштары «кереметтүү
доктор» деп эскерген Роджер Бэкон эксперименталдык (тажрыйба жүргүзүү) ыкмага маани берип, илимдеги эски
адаттарды токтоткон белгилүү британиялык дин кызматкери жана илимпоз. Аллахтын
жарыкты адамдар көрө алышы үчүн жаратканына ишенген Бэкон бул тармакта
байкоолорду жүргүзүп, ал доордо оңойчулук менен ойго келбей турган көптөгөн
техникалык өнүгүүлөрдү бир канча кылым мурда кабар берген.
Пароходдор,
поезддер, автомобильдер, учактар, крандар жана асма көпүрөлөр Бэкон 13-кылымда
эле долбоорлогон нерселердин бир канчасы гана.
Бир досуна жазган
катында Бэкон мындай деген:
Келечекте бир киши
башкарган жана бир канча калакчы жылдырган бир кайыктан алда канча ылдам жүргөн
кемелер, деңиз унаалары жана бир жандыктын күчүн пайдаланбастан, укмуш ылдам
жүрө турган унаалар жасалат.56
Мындан тышкары,
Бэкон линзалардын чоңойтуу касиетин жана колдонуу чөйрөлөрүн ачкан жана
жылдыздардан келген нурдун жерге ошол замат жетпей турганын биринчи болуп
байкаган. Христофор Колумб төрөлөөрдөн 200 жыл мурда жердин түз эмес, тоголок
экенин жана Европадан батышты көздөй тынымсыз жүрүп отурса, Индияга жетүүгө
болоорун айткан.
Жүргүзгөн
эксперименттеринен алынган маалыматтардын ыймандуу адамдарга пайдалуу болооруна
ишенген Бэкон мындай деген:
Келечекте, учурда
жана тарыхта көргөнүбүздөй, илим ыймандуулар үчүн пайдалуу.57
Бэкон бир изилдөөчү
катары илим менен диндин карама-каршы келбей турганын, тескерисинче илимдин ишенбеген
кишилерди ынандыруунун маанилүү куралы экенин айткан.
«Илим адамдарга
ишенимди кабыл алдырууда чоң артыкчылыкка ээ» деген сөз ага таандык.58
Фрэнсис Бэкон (1561-1626)
Илимий ыкманын
негиздөөчүлөрүнүн бири, атактуу илимпоз Бэкон ыйманы күчтүү бир инсан катары
белгилүү.
Фрэнсис Бэкон «Novum Organum» аттуу эмгегинде
илимий изилдөөлөрдүн кишини Жаратуучуга жакындатаарын табигый философия (илим)
«Аллахтын сөзүнөн кийинки, негизсиз ишенимдерге каршы эң анык чечүү жолу жана
ишеним тастыктаган эң чоң колдоо» деп белгилөө аркылуу билдирген.59
Галилео Галилей (1564-1642)
Галилео Галилей телескопту колдонуп, асманга көз чаптырган алгачкы киши.
Галилей жердин тоголок экенин айткан жана айдагы караңгы аймактарды,
кратерлерди жана чокуларды биринчи болуп аныктаган. Илимге кылган бул чоң
кызматтары менен тарыхка жазылган Галилей сезимдерди, сүйлөө жөндөмүн жана
мээни адамдарга Аллахтын бергенине жана аларды эң жакшы колдонуу керек экенине
ишенген. Табиятты бир Жаратуучунун долбоорлогону анык деп айткан. Галилей
«табият, эч күмөнсүз, Аллахтын эч баш тартылбай турган, окулушу керек болгон
экинчи китеби» деген жана Аллахтын китептери менен жараткандарынын ортосунда эч
кандай карама-каршылык болбой тургандыгын, себеби баарын Аллахтын жараткандыгын
айткан.60
Иоганн Кеплер (1571-1630)
Астрономия илиминин
негиздөөчүсү Кеплер планеталардын кыймылдарын жана күн системасынын аралыгын
эсептеп, жылдыздардын кыймыл картасын көрсөткөн алгачкы астрономиялык
календарьды чыгарган улуу илимпоз болгон.
Күчтүү окумуштуу
болгондон тышкары, Кеплер ошол эле учурда ааламды бир Жаратуучунун жаратканына
ишенген. Эмне үчүн илим менен алектенесиң деп сурагандарга Кеплер «Жаратуучунун
чыгармаларындагы даамды татуу үчүн» деп жооп берген.62
Кеплер Аллах бардык
жараткан нерселеринде Өзүн көрсөтөт деп ишенген жана анын жашоосу менен кылган иштерин
изилдегенде, ааламда Жараткандын долбоору бар экенине ишенген бир адамдын
илимий изилдөөлөрүндө кенен ой жүгүртүп, ийгиликке жетээрин апачык көрүүгө
болот.
Кеплер «ак аюуларды
жана ак карышкырларды түндүктүн кардуу аймактарына жиберген ким? Аюулар, киттер
жана карышкырлар азыктанышы үчүн канаттуулардын жумурткаларын да алар менен
бирге ал жерге жайгаштырган ким?» деп узаткан суроосуна өзү кайра төмөнкүчө
жооп берген:
«Биздин Аллахыбыз
жана Ал эң улуу жана Анын бийиктиги эң улуу жана Анын акылы чексиз, Анын аягы
жок.»
Кеплер сөздөрүн
төмөнкүчө уланткан:
«Жаратуучуну
түшүнүү үчүн өзүңөрдүн бардык сезимдериңерди колдонгула.»63
Ян Баптиста ван Гельмонт (1579-1644)
Гельмонт газ химиясы
менен химиялык физиологияны негиздеген жана термометр-барометрди ачкан белгилүү окумуштуу. Динчил мүнөзү менен таанылган Гельмонт тууралуу белгилүү жазуучу Уолтер Пейджелс
илимий изилдөөлөрүнө диний ишеними күч берген деп жазган.64
Блез Паскаль (1623-1662)
Байыркы Грециядан
кийин геометрияга эң чоң салымдарды жасаган белгилүү илимпоз Паскаль жаш
кезинде эле бир топ ачылыштарды жасаган, абдан ийгиликтүү окумуштуу. Математика
тармагындагы көптөгөн эмгектери менен ачылыштарынан тышкары, Паскаль физика
тармагында да маанилүү ачылыштарды жасаган. Мисалы, атмосфера жана суюктук механикасы
тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана атмосферадагы басымдын бийиктикке жараша
өзгөрөөрүн ачкан.
Илим тарыхында
маанилүү орду бар Паскаль ыймандуу илимпоз болгон. Паскаль сөздөрүндө Аллахтын
математикадан элементтердин тартибине чейин бүт баарынын Жаратуучусу экендигин жана
Аллахтын кудуретинин чексиздигин айткан.65
Джон Рэй (1627-1705)
«Башында бардык
иштерди Аллах жаратты, анан бүгүнкү күнгө чейин Өзү коргоду жана дагы эле
башында жаратылгандай турушат.»66
Ботаника илимине көп салым кошкон Рэй: «эркин адам үчүн табияттын кооздуктарын жана Аллахтын чексиз акылы менен улуулугун ойлонуудан баалуураак эч нерсе жок»67 деп, илим менен диндин тыгыз байланышта экендигине ар дайым басым жасаган.
Роберт Бойль (1627-1691)
Ушунчалык маанилүү илимий ачылыштарды жасаган Бойль Аллахтын бар экенине ишенген. Ааламда акылдуу бир долбоор бар жана ал долбоор улуу кудуреттүү бир Жаратуучу тарабынан жаратылган деп эсептеген. Бойль сөздөрүндө жана жазууларында илим менен Аллахка болгон ишеним бирге болушу керек деп көп жолу баса белгилеген. Бойль бир катында мындай деген:
Атак-даңкты
табиятты жаратканга арнагыла... Адамзатка жакшылык алып келүү үчүн илимди
колдонгула.68
Бойль башка бир
сөзүндө болсо жандыктардагы кемчиликсиздиктин Аллахтын бар экенин апачык
көрсөтөөрүн төмөнкүчө белгилеген:
Дүйнөдөгү
системанын кемчиликсиз пландалгандыгы, өзгөчө жаныбарлардагы кызыктуу
өзгөчөлүктөр, сезүү органдары жана таң калтырган түзүлүштөрдүн баары тарых бою
ойчулдардын Аллахтын бар экенин кабыл алышына себеп болгон.69
Антони ван Левенгук (1632-1723)
Левенгук бактерияны
биринчи болуп ачкан окумуштуу. Көз айнегин лупа катары колдонуп кездемелерди
изилдеп баштаган Левенгук көргөндөрүнө кызыгуусу артып, башка лупаларды иштеп
чыккан жана ошентип микроскобу менен алгачкы бактерияны аныктаган киши болгон.
Бир Жаратуучу
болбостон, өзүнөн-өзү пайда болуу көз-карашын жокко чыгаруу максаты аны абдан
маанилүү изилдөөлөргө багыттаган. Бул максатта жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн
азыктануу системалары, көбөйүү, өсүмдүктөрдөгү азык алмашуу, өсүмдүктөрдүн
түзүлүштөрү менен бөлүктөрү жана кан клеткалары тууралуу изилдөөлөрдү жасаган.
Капиллярларды изилдеп, кан клеткаларынын өтүшүн көргөн алгачкы окумуштуу
болгон. Андан мурда эч ким булчуңдардын талчалардан тураарын билген эмес.70
Исаак Ньютон (1642-1727)
Ньютон күч менен
ылдамдануунун ортосундагы кемчиликсиз байланышты масса түшүнүгү менен
байланыштырган; таасир жана жооп принцибин ачкан, жыйынды күчтөр нөл болгон
учурда кыймылдагы телолордун ылдамдыгы эч өзгөрбөйт деген гипотезаны чыгарган.
Ньютондун кыймыл
мыйзамдары 4 кылымдан бери эң жөнөкөй инженердик эсептөөлөрдөн эң татаал
технологиялык долбоорлорго чейин эч өзгөртүүсүз колдонулууда. Ньютон бир гана
гравитация (тартылуу) темасында эмес, механика жана оптика сыяктуу негизги
темаларда да абдан маанилүү ачылыштарды жасаган. Жарыктын 7 түсүн ачкан Ньютон
ошентип оптика деп аталган бир жапжаңы илим тармагынын пайдубалын түзгөн.
Биз Аны эң акылман
жана кемчиликсиз иштеген чеберчиликтеринен тааныйбыз... Пенделери катары Аны
урматтайбыз жана Ага ишенебиз.71
Джон Флемстид (1646-1719)
Джон Вудворд (1665-1728)
Вудворд геология
илиминин чыныгы түптөөчүлөрүнөн болгон. Илимге эң чоң салымдарынын бири
Кембриджде палеонтология музейин курдуруу жана геология тармагын өнүктүрүү
болгон.73
Карл Линней (1707-1778)
Линней Жаратканга
ишенген бир окумуштуу болгон жана ботаника тармагында абдан маанилүү эмгектерди
жасаган. Өсүмдүктөрдүн жыныстык жол менен көбөйөөрүн аныктаган жана илимге «биологиялык
классификация» түшүнүгүн киргизген.74
Жан Делюк (1727-1817)
Делюк швейцариялык
физик болгон жана «геология» деген сөздү ачкан. Ал атасы менен заманбап сымап
термометрин жана гидрометрди ойлоп табышкан. Делюк «аалам жана жашоо кокусунан пайда
болгон» деген көз-карашка каршы чыкканы жана жаратылууга ишенгени менен
белгилүү.75
Уильям Гершель (1738-1822)
Гершель 18-кылымдын
эң белгилүү астрономдорунун бири. Ал өз доорунун эң күчтүү чагылдыруучу
телескопторун жасап, мурда изилдене албаган тумандуулуктарды жана
галактикаларды изилдегени менен белгилүү жана Жаратканга ишенген илимпоз
болгон. Гершель «ыймансыз астрономдор жинди болушу керек» деген сөздөрү
аркылуу, астрономия менен алектенген жана ааламдагы кемчиликсиз тартипке күбө
болгон илимпоздордун Аллахка ишенбешинин таң калаарлык экендигин айткан.76
Уильям Пейли (1743-1805)
Пейли жаратылууга
ишенген окумуштуу болгон. Жогоруда айтылган «Табигый теология» аттуу чыгармасы
өз доорунда эң көп сатылган китептердин бири болгон. Пейлинин «искусство
чыгармалары эгер адамдын чыгармасы болсо, анда тирүү жандыктар адамдан алда
канча жогору бир заттын чыгармасы» деген пикири абдан белгилүү. Пейли жандыктардын
жашаган чөйрөлөрүндө жашоосун улантууга керектүү бардык өзгөчөлүктөр менен
жабдылганын «бир ачылыштын белгиси бир долбоордун жана долбоорлоочу бир
Жаратуучунун далилдерин чагылдырат»77 деп
сүрөттөйт.
Джордж Кювье (1769-1832)
Кювье илим
тарыхынын эң белгилүү анатом жана палеонтологдорунун бири. Салыштырмалуу
анатомия илиминин негиздөөчүлөрүнөн, жана палеонтологиянын өзүнчө бир илим
тармагына айланышына салым кошкон. Кювье жаратылууга болгон бекем ишеними жана
жаратылуунун далилдери жана эволюциянын жараксыздыгы тууралуу катышкан
талкуулары менен да белгилүү.78
Гемфри Дэви (1778-1829)
Адам Седжвик (1785-1873)
Седжвик 19-кылымдын
алдыңкы геология адистеринин бири болгон. Өзгөчө кембрий жана девон деп аталган
негизги тоо-тек системаларын мүнөздөп, ат койгон. Седжвик поп болгон жана
Чарльз Дарвиндин досу болгонуна карабастан, анын эволюция көз-карашын четке
каккан.80
Майкл Фарадей (1791-1867)
Фарадей бир Жаратуучунун
бар экендигине жана дин менен илимдин шайкеш келээрине ишенген окумуштуу
болгон. «Дүйнөнү жалгыз Жаратуучу жараткан, демек бүт табият бир бүтүндүн
бөлүктөрү болушу керек» деп ойлонгон Фарадей ушул принципке таянып, электр
энергиясы менен магнетизм бири-бири менен байланышта деген жыйынтыкка келген.81
Сэмюэл Морзе (1791-1872)
Морзе адамзат
тарыхында зор мааниси бар телеграмманы ачкан улуу окумуштуу. Америкадагы
алгачкы камераны жасаган.
Морзе бүт баарын
бир максат менен жараткан бир Жаратуучунун бар экенине ишенген. Анын ою боюнча,
материалдык дүйнө менен руханий дүйнө чогуу, бири-бирине шайкеш кыймылдайт.
Морзе мындай деп жазган:
Билимим өскөн сайын
диндин Жараткандан келгендигинин далилдери ансайын айкын көрүнүүдө, Аллахтын
улуулугун түшүнүп, келечек үмүт жана кубаныч менен жаркыроодо.82
Джозеф Генри (1797-1878)
Америкалык белгилүү
физик жана динчил окумуштуу Джозеф Генри Принстон университетинде профессор
болгон. Гальванометр менен электромагниттик кыймылдаткычты ачкан Генри
эксперименттерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан учурда сөзсүз Аллахка дуба
жана ибадат кылууга убакыт бөлгөн.83
Луи Агассис (1807-1873)
Көптөрдүн ою
боюнча, Американын эң улуу биологу аталган Агассис эволюция теориясына абдан
каршы чыкканы менен белгилүү бир окумуштуу.
Агассис табияттын
бүт тарабында Аллахтын бир планы бар деп ойлочу жана жаратылууну четке каккан
бир теорияны кабыл алган эмес. Агассис мындай деп айткан:
Убакыт менен
мейкиндиктин биригиши бир гана ойду көрсөтпөйт, долбоорду, кудуретти, акылды,
улуулукту, келечекти алдын ала көрүүнү, бүт баарын билүүнү, көрөгөчтүктү да
көрсөтөт. Бир сөз менен айтканда, бул өзгөчөлүктөрдүн баары адам сыйына турган
жана сүйө турган Аллахтын жалгыздыгын бийик үн менен жарыялайт.84
Термодинамиканын
биринчи мыйзамын ачкан, белгилүү илимпоз Джоуль, ошондой эле, зым аркылуу өткөн
электрдик заряддан бөлүнүп чыккан жылуулукту эсептеген жана биринчи болуп газ
молекуласынын ылдамдыгын тапкан. Джоульдун эң чоң ачылышы «механикалык жылуулук
теңдемеси» болгон. Бул маанилүү ачылыш илимдин эң негизги универсалдуу мыйзамы
болгон «энергиянын сакталуу» мыйзамына да жол көрсөткөн.
Ушунчалык маанилүү ачылыштарды жасаган Джоуль табият мыйзамдарын түшүнгөн сайын, Аллахты жакшыраак тааный алаарына ишенген илимпоздордон болгон. Бул ишеними ага көбүрөөк изилдөө жүргүзүүгө дем-күч берген. Джоуль 1864-жылы Дарвинге каршы бир манифестке кол койгон 717 илимпоздун эң алдыңкыларынын бири болгон. Анын Аллахка болгон ишенимин чагылдырган төмөнкү сөздөрү көпчүлүккө белгилүү:
Аллахтын
каалоолорун угуп, моюн сунган соң, кыла турган ишибиз Анын акылын, кудуретин
жана жакшылыгын кылган иштеринин далилдеринен таанып билүү. Табият мыйзамдарын
билүү – бул, Аллахты таануу.85
Джордж Габриель Стокс (1819-1903)
Физика жана
математика баш болгон бир топ тармактарда маанилүү ачылыштарды жасаган Стокс белгилүү
британиялык окумуштуу. Гравитациялык айырмачылыктар, астрофизика, химия, үн
менен байланыштуу көйгөйлөр жана жылуулук темасында изилдөөлөрдү жасаган. Ал кварцтын
айнектен айырмаланып, ультра кызгылт көк нурланууга карата тунук экенин көрсөткөн.
Лорд Кельвин менен электро термодинамика изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Стокс рентген нурларынын Максвеллдин
электромагниттик спектринин бир бөлүгү экенин көрсөткөн. Белгилүү мөөнөткө Лондон
Виктория институтуна жетекчилик кылган жана, ошондой эле, Кембридж университетинин
философия коомунун активдүү мүчөсү болгон.
Стокс табиятты
Жаратканга ишенип изилдеген бир окумуштуу болгон жана Аллахка ишенээрин айткан
көптөгөн жазуулары бар. Стокс ал сөздөрүндө табият мыйзамдарынын Аллахтын
буйругуна баш ийээрин жана Аллахтын ал мыйзамдарды каалагандай башкарууга
кудуреттүү экенин айткан.86
Рудольф Вирхов (1821-1902)
Вирховдун илимге
негизги салымы дары-дармек тармагында болгон. Заманбап патологиянын атасы деп
эсептелген Вирхов клеткага байланыштуу ооруларды изилдеген. Лейкемияны биринчи
болуп ал сүрөттөгөн, ошондой эле, антропология жана археология тармактарында да
изилдөөлөрдү жасаган. Вирхов Дарвин менен Геккельдин көз-караштарына каршы
чыккан эң белгилүү илимпоздордун бири. Ал тургай, илимий иштеринен тышкары,
саясатка кирип, Германиянын окуу жайларында окутулган эволюция теориясына абдан
каршы чыккан.87
Грегор Мендель (1822-1884)
Мендель мыйзамдары
деп аталган 3 генетика мыйзамын ачкан бул белгилүү илимпоз тукум куучулук
принциптерин иштеп чыккан инсан катары тарыхка жазылган. Мендельдин тукум
куучулук принциптери эволюция теориясын жокко чыгарган эң негизги илимий
таянычтардын бирин түзгөн.
Тукум куучулук
принциптери менен бир тараптан эволюция теориясын четке какса, экинчи жагынан
Мендель жеке инсан катары да кокустуктардын дүйнөнү пайда кыла албашына, бүт
нерселер сыяктуу, дүйнөнү да Аллахтын жаратканына ишенген бир дин кызматкери
болгон.88
Луи Пастер (1822-1895)
Пастердин Аллахка ишеними абдан бекем болгон жана көзү тирүү кезинде Дарвиндин эволюция теориясына каршы чыкканы үчүн көптөгөн оозеки чабуулдарга туш болгон. Пастер дин менен илимдин бири-бирине шайкеш келээрин жактаган жана бул тууралуу айткан сөздөрү көпчүлүккө абдан белгилүү. Ал сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Табиятты канчалык
көп изилдесем, Жараткандын чыгармаларын көрүп ишенимим ошончолук өсүүдө.89
Илим адамды Аллахка
алып барат.90
Уильям Томсон (лорд Кельвин) (1824-1907)
Лорд Кельвиндин Аллахка болгон ишенимин билдирген сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Эркин ойлонгон адам
болуудан коркпогула. Эгер терең ойлонсоңор, илим аркылуу Аллахка ишенимди
көздөй багыт аласыңар.91
Жашоонун келип
чыгышын караганыбызда, илим ал Улуу Кудуреттин бар экенин толугу менен
тастыктайт.92
Джозеф Джон Томсон (1856-1940)
Электронду биринчи
болуп ачкан (1897-ж.) Томсон Кембридж университетинде физика профессору болгон.
Томсондун ыйманы күчтүү болгон жана илимий ачылыштардын Аллахтын бар экенин
көрсөтөөрү тууралуу мындай деп айткан:
Илим сепилинин
бийик чокулары Аллахтын кереметтүү иштерин көрсөтүүдө.93
Уильям Хаггинс (1824-1910)
Хаггинс мыкты
астроном жана Жаратканга ишенген бир окумуштуу болгон. Ал жылдыздардын көбүнчө
жерде кездешкен элементтерден тышкары, суутекти да камтый тургандыгын ачкан.
Хаггинс, мындан тышкары, ааламдын кеңейип жатканын толук тастыктаган Доплер
эффектин (жылдыздардын бири-биринен алыстаганда кызылдан көктү көздөй жарык
чыгараарын) биринчи болуп аныктаган.94
Джеймс Клерк Максвелл (1831-1879)
Максвелл өмүрү
кыска болгонуна карабастан, илимге абдан маанилүү салымдарды жасаган, улуу
окумуштуу. Ал заманбап физиканын түптөөчүлөрүнүн бири деп эсептелет. Максвелл
жарык менен электр энергиясынын бири-бири менен байланышта экенин көрсөтүп,
жарык, электр энергиясы жана магнетизмди бир теңдеме түрүндө сүрөттөй алган.
Эйнштейн салыштырмалуулук теориясынын үстүндө иштегенде Максвеллдин
теңдемелеринен пайдаланган.
Альберт Эйнштейн
Максвеллдин ийгиликтерин «Ньютондон берки физиканын эң жемиштүү жана сыймыктуу
тажрыйбасы» деп сыпаттаган. Максвелл ошол эле учурда Жаратканга ишенген инсан
болгон. Эволюция теориясына каршы чыгып, француз атеист Лапластын белгилүү
«тумандуулук гипотезасына» жана эволюционист философ, Дарвиндин жактоочусу Герберт
Спенсерге карата курч каршы пикир даярдаган.
Бир катында
ыймандуу илимпоз илимий иштерин динге пайдасы тийиши үчүн жасашы керек деп
ойлоорун белгилеген.95
Джон Стратт (1842-1919)
Джон Стратт электромагниттик толкун кыймылын изилдеп, оптика, үн
жана газ динамикасы сыяктуу көптөгөн илимий тармактарга да салым кошкон. Стратт,
ошондой эле, аргонду жана сейрек кездешкен газдарды ачкан. Динчилдиги менен
таанылган бул илимпоз жарык көргөн эмгектеринин баш сөзүнө «Аллахтын иштери
улуу» деп жазган.96
Джордж Вашингтон Карвер (1865-1943)
Карвер Аллахка
ишеними менен белгилүү болгон жана бардык сөздөрүндө Аллахка терең ишенээрин
белгилеген. Атланта журналы менен болгон бир маегинде ага ойлоп тапкан бир чопо
бойогу тууралуу суроо узатылганда, мындай деп жооп берген: «Менин жумушум
болгону Аллахтын жараткан нерселерин адамдарга жеткиликтүү кылуу. Бул Аллахтын
чыгармасы, меники эмес.»97
Джеймс Джинс (1877-1946)
Белгилүү физик сэр
Джеймс Джинс ааламдын илими чексиз бир Жаратуучу тарабынан жаратылганына
ишенчү. Төмөндө Джинстин ишенимин билдирген кээ бир сөздөрү келтирилген:
Биз ааламдын бир
долбоорду (дизайнды) жана башкаруучу кудуретти көрсөтөөрүн ачтык.98
Аалам тууралуу
жүргүзүлгөн илимий изилдөөнүн жыйынтыгын бир сүйлөм менен сүрөттөөгө болот:
аалам илими чексиз бир Зат тарабынан долбоорлонгон.99
Альберт Эйнштейн (1879-1955)
Биздин замандын эң
улуу окумуштуусу Альберт Эйнштейн ошол эле учурда Аллахка болгон ишеними менен
да белгилүү. Илимдин динсиз боло албай турганын айткан Эйнштейндин дин менен
илим жөнүндөгү бир сөзү төмөнкүдөй:
Терең ыйманы
(ишеними) жок чыныгы илимпозду элестете албайм. Муну төмөнкүчө сүрөттөөгө болот:
динсиз илим аксак.100
Эйнштейн ааламда
кокусунан пайда болбой турган кереметтүү бир тартип бар экенине жана ааламдын
Улуу Акылман Жаратуучубуз тарабынан жаратылганына ишенген.
Жазууларында
Аллахка болгон ишенимин көп жолу белгилеген Эйнштейн ааламдагы табигый
тартиптин кереметтүүлүгүнө абдан маани берген. Бир жазуусунда Эйнштейн
«табиятты изилдеген ар бир адамдын ичинде динге карата бир сый-урмат»101 болоорун белгилеп, мындай деген:
Илим менен чындап
алектенген ар бир адам табият мыйзамдарында бир рухтун, адамдардан жогору
турган бир рухтун бар экенине ынанат. Ошондуктан илим менен алектенүү адамды
динге алып барат.102
Эйнштейндин динге
болгон көз-карашын төмөнкү сөздөрүнөн да көрүүгө болот:
Дин ишеними
жоголоору менен, илим илхамы жок эмпиризмге айланат.103
Жорж Леметр (1894-1966)
Алистер Харди (1896-1985)
Харди заманбап
океан таануу илиминин негиздөөчүсү. Ыймандуу илимпоздорго динге кылган кызматы
үчүн сыйлык берген Темплтон фонду 1985-жылы илим аркылуу динге жеткендиги жана
бул багытта жасаган эмгектери үчүн Хардиге сыйлык ыйгарган.105
Вернер фон Браун (1912-1977)
Вернер фон Браун дүйнө жүзүнө таанымал, эң атактуу космос
окумуштууларынын бири. Ал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда атактуу «Фау-2» ракеталарын иштеп чыгып,
Германиянын ракета инженериясына жол башчылык кылган.
Браун НАСАга да
жетекчилик кылган жана ошол эле учурда ыйманы күчтүү, динчил окумуштуу болгон.
Жаратылуу жана табияттагы долбоор тууралуу мындай деген:
Адамзаттын колу
менен космосто учуу таң калаарлык бир ийгилик, бирок космос эшиктеринин абдан
кичинекей бөлүгүн гана адамдарга ачууда. Ал тешиктен ааламдын эбегейсиз
табышмагына көз чаптыруу Жаратканга болгон бекем ишенимибизди тастыктайт.
Ааламды жараткан улуу Акылды тааныбаган бир илимпозду жана өнүккөн илимди четке
каккан бир дин кызматкерин түшүнүү мен үчүн кыйын.106
Вернер фон Браун 1974-жылы майда жарык көргөн бир макаласында мындай
дейт:
Адам долбоорсуз
жана максатсыз, ааламдын мыйзамы жана тартиби менен таштап коюлбайт. Ааламдын
жана андагы бардык нерселердин таң калаарлык тараптарын жакшыраак түшүнгөн
сайын, ансыз да ушул максатта жаратылган долбоордо таң калтыра турган алда
канча көп себеп таптык... Бир гана жыйынтыкка ишенүүгө мажбурлануу менен, б.а.
ааламдагы бүт нерсенин кокусунан пайда болгонуна ишенүүгө мажбурлануу менен
илимдин калыстыгы тебеленет... Кокусунан келип чыккан кайсы процесс бир адамдын
мээсин же бир адамдын көз системасын пайда кыла алат?...107
Макс Планк (1858-1947)
Ушундай абдан маанилүү ачылыштарды жасаган Планк ааламды башкарган бир улуу Кудуреттин акылына ишенген. Ааламдагы тартипти Аллахтын жаратканын айткан Макс Планк Аллахка ишенимин төмөнкүчө белгилеген:
Кайсы гана тармакта
болбосун, илим менен чындап алектенген ар бир адам илим ибадатканасынын
эшигиндеги төмөнкү жазууну окуйт: «ыйман кыл. Ыйман илимпоздор баш тарта албай
турган бир касиет.»108
Чарльз Коулсон (1910-1974)
Оксфорд
университетинде көп жылдар бою математика профессору болуп эмгектенген Коулсон
сөздөрүндө Аллахка болгон ишенимин, Аллахка жакындоо каалоосун, Аллахка дуба
кылаарын жана жашоодогу максатынын Аллахка жакындоо экендигин белгилеген.109
ТАРЫХТА ЖАШАП ӨТКӨН БАШКА ЫЙМАН КЫЛГАН ИЛИМПОЗДОР
Бул бөлүмдө аттары
аталган, Жаратканга ишенген илимпоздордун бүт баары тарыхта илимге маанилүү
кызматтарды жасаган. Тарыхта бул илимпоздордун жашап өткөндүгү Жаратканга
ишенүүнүн илимге карама-каршы келбей тургандыгын, тескерисинче диндин адамдарды
илимге чакыраарын далилдейт.
Леонардо да Винчи (1452-1519)
Искусство,
инженерия, архитектура
Георгиус Агрикола (1494-1555)
Минералогия
Джон Уилкинс (1614-1672)
Астрономия жана
механика
Уолтер Чарлтон (1619-1707)
Падышалык медицина
мектебинин (Royal College of Physicians) жетекчиси
Исаак Барроу (1630-1677)
Математика
профессору
Николас Стено (1631-1686)
Стратиграфия
Томас Бернет (1635-1715)
Геология
Инкриз Матер (1639-1723)
Астрономия
Неемия Грю (1641-1712)
Медицина
Уильям Уистон (1667-1752)
Физика, геология
Джон Хатчинсон (1674-1737)
Палеонтология
Джонатан Эдвардс (1703-1758)
Физика,
метеорология
Ричард Кирван (1733-1812)
Минералогия
Тимоти Дуайт (1752-1817)
Педагог
Джеймс Паркинсон (1755-1824)
Медицина
Уильям Керби (1759-1850)
Энтомология (курт-кумурскалар
илими)
Бенджамин Бартон (1766-1815)
Ботаника, зоология
Джон Дальтон (1766-1844)
Заманбап атом теориясынын
негиздөөчүсү
Чарлз Белл (1774-1842)
Анатомия
Джон Кидд (1775-1851)
Химия
Иоганн Карл Фридрих Гаусс (1777-1855)
Анализ, геометрия,
геология, магнетизм, астрономия
Бенджамин Силлиман (1779-1864)
Минералогия
Питер Марк Роже (1779-1869)
Физиология
Уильям Баклэнд (1784-1856)
Геология
Уильям Праут (1785-1850)
Химия
Эдвард Хичкок (1793-1864)
Геология
Уильям Уэвелл (1794-1866)
Астрономия жана
физика
Ричард Оуэн (1804-1892)
Зоология,
палеонтология
Мэтью Мори (1806-1873)
Океанология жана суу
илими
Генри Роджерс (1808-1866)
Геология
Джеймс Глейшер (1809-1903)
Метеорология
Филип Генри Госсе (1810-1888)
Орнитология, зоология
Сэр Генри Роулинсон (1810-1895)
Археология
Джон Амброз Флеминг (1849-1945)
Электроника
Сэр Джозеф Генри Гилберт (1817-1901)
Айыл-чарба химиясы
Томас Андерсон (1819-1874)
Химия
Чарлз П. Смит (1819-1900)
Астрономия
Джон Уильям Доусон (1820-1899)
Геология
Анри Фабр (1823-1915)
Энтомология
Бернхард Риман (1826-1866)
Геометрия
Джозеф Листер (1827-1912)
Хирург
Джон Белл Петтигрю (1834-1908)
Анатомия,
физиология
Бальфур Стюарт (1828-1887)
Ионосфералык электр энергиясы
П.Г. Тейт (1831-1901)
Физика, математика
Эдвард Уильямс Морли (1838-1923)
Физика тармагында
Нобель сыйлыгынын ээси
Сэр Уильям Эбней (1843-1920)
Астрономия
Александр Макалистер (1844-1919)
Анатомия
А. Х. Сейс (1845-1933)
Археология
Джеймс Дана (1813-1895)
Геология
Джордж Роменс (1848-1894)
Биология жана
физиология
Уильям Митчелл Рамзай (1851-1939)
Археология
Уильям Рамзи (1852-1916)
Химия
Говард Этвуд Келли (1858-1943)
Гинекология
Дуглас Дьюар (1875-1957)
Орнитология
Поль Лемуан (1878-1940)
Геология
Чарльз Стайн (1882-1954)
Органикалык химия
Рендл Шорт (1885-1955)
Медицина
Л. Мерсон Девис (1890-1960)
Геология, палеонтология
Сэр Сесиль П. Г. Уэйкли (1892-1979)
Медицина
Булактар:
52 Newton, Principia, 2. baskı; J. De Vries, Essentials of Physical Science, B. Eerdmans Pub.Co., Grand Rapids, SD, 1958, s.15
53 http://www.ldolphin.org/bumbulis/
54 http://www.ldolphin.org/bumbulis/
55 Dan Graves, Scientists of Faith, Kregel Resources, 1996, s.26
56 conn.me.queensu.ca/~mech480/ aeroquot.PDF
57 Michael Bumbulis, Chnistianity and The Birth of Science, http://www.ldolphin.org/bumbulis
58 First Book of Francis Bacon of the Proficience and Advancement of Learning Divine and Human
59 http://www.christianity.co.nz/ science4.htm
60 http://home.columbus.rr.com/ sciences/enlightened_belief_ history.htm
61 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, Master Books, 1992, s.13
62 Johannes Kepler, alıntı: J.H. Tiner, Johannes Kepler-Giant of Faith and Science (Milford, Michigan: Mott Media, 1977), s. 197
63 Harmonice Mundi, Harmonies of the World, Johannes Kepler Gesammelte Werke, Munih, 1937, cilt. 6, s. 363
64 Dan Graves, Scientists of Faith, Kregel Resources, 1996, s. 51
65 A.g.e,, s. 57
66 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, Master Books, 1992, s. 18
67 Dan Graves, Scientists of Faith, Kregel Resources, 1996, s. 66
68 Dan Graves, Scientists of Faith, s. 63
69 John Marks Templeton, Evidence of Purpose - Scientists Discover the Creator, Continuum, New York 1994, s.50
70 Dan Graves, Scientists of Faith, s. 70
71 Sir Isaac Newton, Mathematical Principles of Natural Philosophy. Latinceden Çeviri Andrew Motte, Revize Florian Cajore, Great Books of the Western World 34, Robert Maynard Hutchins, Baş editör, William Benton, Chicago, 1952:273-74
72 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s. 31
73 A.g.e, s. 27
74 Dan Graves, Scientists of Faith, s. 82
75 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s. 33
76 A.g.e,s. 31
77 William Paley, Natural Theology; or, Evidences of the Existence and Attributes of the Deity Collected from the Appearances of Nature [Edinburgh,1816], bölüm 5, kısım 5, s.61
78 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, Master Books, 1992, s. 38-39
79 A.g.e, s. 38
80 A.g.e, s. 53
81 Dan Graves, Scientists of Faith, s. 111
82 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s. 47
83 A.g.e, s. 49
84 http://www.ucmp.berkeley.edu/ history/agassiz.html
85 Dan Graves, Scientists of Faith, s. 133
86 www.leaderu.com/offices/schaefer/docs/scientists.html
87 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s. 58-59
88 Dan Graves, Scientists of Faith, s. 143
89 http://www.archimedesfoundation. org/quotes.html
90 Jean Guitton, Tanrı ve Bilim, Çeviren: Yaşar Avunç, Simavi Yayınları, 1993
91 www.leaderu.com/offices/ schaefer/docs/scientists.html
92 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s. 66
93 www.leaderu.com/offices/schaefer/docs/scientists.html
94 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s. 73
95 Dan Graves, Scientists of Faith, Kregel Resources, 1996, s. 153
96 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, s.79
97 Gene Adair, George Washington Carver, s.82,83, http://www.bemorecreative.com/one/431.htm
98 Sir James Jeans, in his Rede Lecture at Cambridge, The Times, London, 5 Kasım 1930
99 Sir James Jeans, The Mysterious Universe, New York: Macmillan Co., 1932/ Cambridge, England: University Press, 1932 s.140
100 Einstein, Science, Philosophy and Religion, A Symposium, Conference on Science yayını, Philosophy and Religion in Their Relation to the Democratic Way of Life, Inc., New York, 1941
101 1920; alıntı: Moszkowski, Conversations with Einstein, s. 46
102 Letter to a child who asked if scientists pray, January 24, 1936; Einstein Archive 42-601
103 Letter to Maurice Solovine,1 Ocak, 1951; Einstein Archive 21-174, 80-871, Solovine'de yayınlandı, s. 119
104 Dan Graves, Scientists of Faith, Kregel Resources, 1996, s. 159
105 http://www.templeton.org/Prize/
106 Henry M. Morris, Men of Science Men of God, Master Books, 1992, s. 85
107 Dennis R. Petersen, Unlocking the Mysteries of Creation, Creation Resource Foundation: El Dorado, California, 1990, s. 63
108 Max Planck, Where Is Science Going?, Allen & Unwin, 1933, p.214
109 Charles Coulson, Science and Christian Belief, s.72-73
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder