Дин адамдарга ааламдын жана жашоонун пайда болушу тууралуу эң туура маалыматты берген негизги булак. Бирок «дин» дегенде негизги таяна турган булак «Куран» жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтү болушу керек. Анткени башка акыйкат диндердин ыйык китептери кийинчерээк бурмаланып кеткен.
Куран болсо толугу
менен Аллахтын сөзү жана ичинде бир дагы карама-каршылык жок. Ал Аллахтын
пенделерине жол көрсөтүүчү катары түшүргөн Китеби. Аллах көптөгөн аяттарда
Курандын акыйкат китеп экендигин жана Куранды коргоорун кабар берген. Раббибиз
Хижр сүрөсүндө мындай деп билдирет:
«Эч күмөнсүз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз.» (Хижр Сүрөсү, 9)
Ошондуктан илим Куран көрсөткөн жолду, Куран көрсөткөн багытты тандаса, Аллах буйруган жолго түшкөндүгү үчүн абдан ылдам өнүгө алат. Куран көрсөткөн жолдун карама-каршысы тандалганда болсо илимпоздордун убактысы жана материалдык мүмкүнчүлүктөрү ысырап болуп, илимдин өнүгүү ылдамдыгы төмөндөйт.
Бардык тармактар
сыяктуу, илим тармагында да эң туура жол – бул, Аллахтын Куранда көрсөткөн «жолу».
Аллах кабар бергендей, «Чындыгында бул Куран эң туура жолго багыттайт...»
(Исра Сүрөсү, 9)
Айтышты: «Сен Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында Сен – бүт нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.» (Бакара Сүрөсү, 32)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder