1 Kasım 2021 Pazartesi

ДИН ИЛИМГЕ ҮНДӨЙТ

 

Ислам дини акылдын жана абийирдин дини. Адам акылы менен Аллах билдирген акыйкаттарды көрөт жана абийирин колдонуп көргөндөрүнөн жыйынтык чыгарат. Мисалы, акылы жана абийири бар адам эч кандай маалымат берилбесе да, ааламдагы кандайдыр бир нерсенин касиеттерин изилдегенде, аны улуу Акылдын, Илимдин жана Кудуреттин ээси болгон бир Жаратуучунун жаратканын түшүнөт. Же болбосо, жер бетинде жашоонун пайда болушу үчүн талап кылынган миңдеген шарттын бир канчасын эле көрсө, жер планетасынын атайын адамзаттын жашоосу үчүн жаратылганын түшүнөт. Акылы жана абийири бар адам «аалам кокусунан пайда болгон» деген көз-караштын акылга сыйбай турганын оңой эле түшүнөт. Кыскасы, акылы менен абийирин колдонуп ойлонгон ар бир адам Аллахтын бар экендигин көрсөткөн далилдерди апачык көрө алат. Аллах мындай адамдар тууралуу бир аятта төмөнкүдөй кабар берет:

 

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

 


Ошондуктан Аллах Куранда адамдарды айланасындагы жаратуу далилдерин ойлонууга жана изилдөөгө чакырат. Бүт ааламдагы системаларды, жандуу жана жансыз заттарды изилдеген, көргөндөрү жөнүндө ойлонгон жана анализ кылган ар бир адам Аллахтын улуу акылын, илимин жана чексиз кудуретин тааный баштайт. Аллах адамдарды ойлонууга үндөгөн кээ бир нерселер аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:

 

Үстүлөрүндөгү асманга карашпайбы? Биз аны кандай курганыбызды жана аны кандай кооздогонубузду? Анын эч кандай жаракасы жок. Жерди болсо кандай төшөп-жайдык? Анда чайпалбас тоолорду жайгаштырдык жана анда «көздүн жоосун алган жана көздү кубандырган» ар бир жуптан канчалаган өсүмдүктөрдү өстүрдүк. (Булар) «Чын жүрөктөн Аллахка багытталган» ар бир пенде үчүн «даанышмандык менен караган бир ички көз» жана бир зикир. Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бактарды жана өнө турган уруктарды өстүрдүк. Жана үстү-үстүнө тизилген бүчүрлөрдү байлаган бийик курма дарактарын да. (Каф Сүрөсү, 6-10)

 

Ал бири-бирине толук төп келген жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? (Мүлк Сүрөсү, 3)

 

Адам бир карап көрсүн, эмнеден жаратылды? (Тарык Сүрөсү, 5)

 

Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын? Асманды, кантип көтөрүлгөнүн? Тоолорду; кантип отургузулуп-курулганын? Жерди; кантип жайылып-төшөлгөнүн? (Гашия Сүрөсү, 17-20)

 

Бул аяттардан да көрүнүп тургандай, Аллах адамдарды асман, жамгыр, өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдын төрөлүшү, жердин географиялык өзгөчөлүктөрү сыяктуу темаларда изилдөө жүргүзүүгө үндөөдө. Буларды талдап, изилдөөнүн бир жолу, жогоруда да айтылгандай, илим. Илимий изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар адамдарга жаратылыштын сырлары, Аллахтын чексиз илими, акылы жана кудурети тууралуу маалымат берет. Жана тарых бою адамзатка чоң кызмат кылган илимпоздордун көпчүлүгүнүн Аллахка ишенген, динчил инсандар болушунун себеби да ушунда: илим Аллахтын кудуретин таануунун бир жолу...



 

Аллахка ишенүү илимпоздорду шыктандырып, күч-кубат берет

Жогоруда да айтылгандай, дин илимди шыктандырат жана илим менен алектенген акылдуу жана абийирдүү адамдар Аллахтын бар экендигинин далилдерине түздөн-түз күбө болгону үчүн, ошол эле учурда ыймандары да бекем болот. Анткени алар изилдөө жүргүзүп, ачылыш жасаган сайын Аллах жараткан кемчиликсиз системаны, кереметтүү өзгөчөлүктөрдү көрүшөт.

Мисалы, көздөрдү изилдеген бир илимпоз адамдын көзүндөгү татаал системаны көргөндө эле анын эч качан баскычтуу түрдө, кокусунан пайда болбой тургандыгын түшүнөт. Дагы тереңирээк изилдегенде, көздүн пайда болушундагы ар бир баскычтын кереметтүү жаратылганына күбө болот. Көздүн бири-бирине толук шайкеш келген ондогон бөлүктөрдөн тураарын көрөт жана аны жараткан Аллахка болгон суктануусу эсе эсе артат.

Ошол сыяктуу, ааламды изилдеген бир илимпоз бир заматта миңдеген кереметтүү тең салмактарды байкайт. Чеги билинбеген учу-кыйырсыз космосто жайгашкан миллиарддаган галактиканын жана ал галактикалардагы миллиарддаган жылдыздардын укмуш гармонияда кыймылдарын улантышы ага изилдөөлөрүн тереңдетүүгө чоң дем берет.

Мындан улам ыймандуу адам илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана ааламдын сырларын түшүнүүгө абдан ынтызар жана чечкиндүү болот. Биздин доордун эң улуу генийи деп кабыл алынган Альберт Эйнштейн ыймандуу илимпоздордун динден алган мындай күч-кубаты тууралуу минтип жазган:

Альберт Эйнштейн

«Аалам тууралуу диний сезимди илимий изилдөөлөрдүн эң күчтүү жана эң түпкү себеби деп ойлоймун. Чындыгында бул сезимди илимий ой жүгүртүү аркылуу алгачкы негиздегендер эң күчтүү сезишкен. Ааламдын түзүлүшүн илимий жана акыл жүгүртүү аркылуу түшүнүү адамга эң бекем ыйман сезимин берет. Көп жылдык эмгектен келип чыккан аалам түшүнүгү Кеплер менен Ньютонго ушундай терең сезимдерди тартуулаган.

Илимий изилдөөлөрдүн практикалык чөйрөсүнөн чыкпагандар бул тууралуу ар дайым, бүт тарапта туура эмес пикирлерди айтышкан. Бирок өмүрүн бүтүндөй илимий изилдөөгө арнагандар миңдеген кыйынчылыктарга карабастан, изденүүлөрүн улантышат, анткени алар бул сезим жана илхам жүрөктөрүнө толгон, ошондой даражадагы инсандар болушат. Алар мындай күч-кубатты дин ишениминен алышат. Бир замандашыбыздын төмөнкү сөздөрү эң туура: биздин материалисттик доордо эң терең дин сезимин позитивдүү илим жолунун алгачкы изденүүчүлөрү сезишкен.»1

Иоганн Кеплер Жаратуучунун чыгармаларындагы даамды татуу үчүн илим менен алектенгенин айтса, тарыхтын эң улуу илимпоздорунун бири Исаак Ньютон илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аракетинин артындагы себептин Аллахты таап, таануу каалоосу болгондугун белгилеген.

Бул сөздөр дүйнө тарыхындагы эң белгилүү илимпоздордун бир канчасынын гана сөздөрү. Бул инсандар жана кийинки бөлүмдөрдө каралган ушул сыяктуу дагы жүздөгөн илимпоздор ааламды изилдеп Аллахтын бар экенине ишенген жана Аллахтын жараткан кереметтүү мыйзамдарынан жана окуяларынан таасирленип, андан да терең ачылыштарды жасоону каалаган адамдар болушкан.

Көрүнүп тургандай, Аллахтын ааламды кандай кылып жаратканын көрүү каалоосу тарыхта көптөгөн илимпоздор үчүн эң чоң мотивация булагы болгон. Анткени ааламдын жана жандыктардын жаратылганын түшүнгөн адам ошол эле учурда жаратуунун бир максаты бар экенин да түшүнөт. Максат бар болсо демек анын бир мааниси да бар. Ал маанини түшүнүп, далилдерин табуу жана аны терең изилдөө каалоосу илимий иштерге чоң күч-кубат берет. Ал эми ааламдын жана жандыктардын жаратылгандыгы тууралуу акыйкат четке кагылса, анда анын мааниси да жоголот. Мисалы, материалисттик философияга жана дарвинизмге ишенген бир илимпоз «ааламда эч кандай максат жок, бүт баары кокусунан пайда болгон» деп ойлойт. Ошондуктан ааламды жана жандыктарды изилдөөнүн чыныгы мааниси да жоголот. Эйнштейн бул акыйкатты кыскача төмөнкүдөй сүрөттөйт: «дин ишеними жоголоору менен, илим илхамы жок эмпиризмге айланат».2

Мындай учурда илимпоз жасаган ачылышы аркылуу атак-даңкка жетүүнү, тарыхта калууну же көп акча табууну гана көздөшү мүмкүн. Мындай максаттар аны ак ниеттүүлүктөн жана илимий чынчылдыктан алыстатышы ыктымал. Мисалы, илимий изилдөөлөрдөн алган бир жыйынтыгын ал жыйынтык илим дүйнөсүндө кеңири тараган бир түшүнүккө карама-каршы келген учурда атак-даңкын жоготуудан, сын-пикирлерге кабылуудан же кемсинтилүүдөн коркуп, жашырып коюшу мүмкүн.

Эволюция теориясынын көп жылдардан бери илим дүйнөсүндө кабыл алынып келиши ушундай жасалмалыктын бир мисалы. Чындыгында илимий маалыматтарды көргөн көптөгөн илимпоздор эволюция теориясынын жашоону түшүндүрүүдөн абдан алыс экенин көрүшөт, бирок башкалардын реакциясынан тартынганы үчүн гана аны айтышпайт. Англис физик Генри Липсон муну мындайча мойнуна алат:

Жандыктар жөнүндө Дарвиндин билгендеринен алда канча көп нерсе билебиз. Мисалы, нервдердин кантип иштээрин билебиз жана менимче ар бир нерв электр инженериясы жагынан өзүнчө бир шедевр. Жана биздин денебизде алардан миллиарддаган санда бар... Мындан улам менин оюма «долбоор (дизайн)» сөзү келет. Бирок биолог кесиптештерим бул сөздү эч жактырышпайт.3

Ааламдагы бүт нерселер кемчиликсиз долбоорго ээ. Мисалы, физик Липсон
айткандай, кичинекей нерв клеткасы электр инженериясы жагынан
өзүнчө бир шедевр


Жаратылууну сүрөттөгөн «долбоор» же «дизайн» деген сөздү жактырылбаганы үчүн гана илимий булактарга киргизгилери келбейт жана көптөгөн илимпоздор мындай догматикалык мамилеге моюн сунушууда. Липсон бул акыйкат тууралуу мындай дейт:

Негизи эволюция кандайдыр бир мааниде илимий динге айланган; дээрлик бардык илимпоздор аны кабыл алышкан жана көпчүлүгү ага шайкеш келтирүү үчүн байкоолорун бурмалаганга даяр.4

Бул туура эмес көрүнүш 19-кылымдын ортолорунан соң илим дүйнөсүн ээлей баштаган «динсиз илим» алдамчылыгынын бир натыйжасы. Эйнштейн айткандай, «динсиз илим аксак».5 Ошондуктан бул алдамчылык бир жагынан илим дүйнөсүн туура эмес максаттарга багыттаса, экинчи жагынан ал максаттардын туура эместигин көрүп туруп, ага кайдыгер караган илимпоздорду пайда кылган. Бул эки натыйжанын биринчисине алдыда тереңирээк токтолобуз.

 

Ыйман кылган илимпоздордун «кызмат кылуу дымагы»

Аллахтын бар экенине жана улуулугуна ыйман кылган илимпоздордун кызматтык даража, атак-даңк же байлык сыяктуу дүнүйөлүк амбициялары болбогону үчүн, илимий изилдөө аракеттери да абдан ак ниеттүү болот. Алар аалам тууралуу ачылган ар бир сырдын бардык адамдарга Аллахты таанытаарын, адамдарга Аллахтын чексиз кудуретин жана илимин көрсөтөөрүн билишет. Жана адамдарга Аллахтын бар экенин баяндап, жашоонун жаратылганын таанытуу ыймандуу адам үчүн, албетте, маанилүү бир ибадат.

Ыймандуу илимпоздор ушундай ак ниети менен, ааламдагы мыйзамдарды, табияттагы кереметтүү системаларды, жандыктардагы кемчиликсиз механизмдерди жана акылдуу кыймыл-аракеттерди ачуу үчүн өмүр бою болгон аракеттерин жумшашат. Жүргүзгөн изилдөөлөрүнөн абдан пайдалуу натыйжаларды алышат жана чоң жылыштарды жасашат. Алдыларынан чыккан кыйынчылыктар аларды мокотпойт. Же адамдардан жооп албаса да, дымактары азайбайт. Анткени алардын максаты Аллахтын ыраазылыгына жетүү.

Аллахтын ыраазылыгы үчүн, башка ыймандууларга да пайда тийгизүү максатын көздөшөт. Жана бул багытта эч нерседен чектелишпейт. Мүмкүн болушунча эң пайдалуу болуу жана адамдарга эң мыкты кызмат кылуу үчүн эмгектенишет. Мындай ак ниеттүү аракетинен улам абдан жемиштүү адамдар болушат. Кылган иштеринен ар дайым эң жакшы натыйжалар алынат.

Илимийлик динден алыс болуудан келип чыгат деп ойлогондор болсо, албетте, абдан жаңылышат. Эң биринчиден, Аллахка ыйман кылбагандарда ыймандан келип чыккан руханий шыктануу болбойт. Балким башында абдан толкундануу менен баштаган илимий изилдөөлөрү белгилүү убакыттан соң аларга окшош, монотондуу окуялардай сезиле баштайт. Мындай түшүнүктөгү адамдардын жашоодогу максаты убактылуу дүйнө жашоосунун кызыкчылыктарына жетүү болуп саналат. Акча, кызмат, атак-даңк, кадыр-барк сыяктуу дүнүйөлүк амбицияларды көздөгөн мындай кишилер ушул нерселерди алып келе турган иштерди гана жасашат. Мисалы, ушинтип ойлонгон жана университетте карьера кылууну каалаган бир илимпоз анын кызматтык даражасын жогорулата турган тармактарда гана изилдөөлөрдү жүргүзөт. Адамдарга пайдалуу боло турган бир тема турса дагы, ага кызыкчылык алып келбей тургандай сезилсе, аны изилдебейт. Же алдында изилдөө жүргүзүлө турган эки тема турса, алардын кайсынысы мага көбүрөөк материалдык байлык, кадыр-барк же кызматтык даража алып келет деп салыштырат жана экинчисинин адамдар үчүн пайдалуураак натыйжа берээрин билсе дагы, аны тандабашы мүмкүн. Кыскасы, мындай адамдар аларга кызыкчылык алып келмейинче, башка адамдарга пайдалуу болууга жана аларга кызмат кылууга эч аракет кылышпайт. Кызыкчылыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жоголоор замат, иштөө каалоолору да жоголот.

Аллахка ишенген адамдын шыктануусу жана толкундануусу болсо бир гана илим тармагында эмес, искусство, маданият сыяктуу жашоонун дагы көптөгөн тармактарында да адамдарга кеңири мейкиндиктерди ачат. Жана эч качан жоголбойт, ал тургай, барган сайын эселеп көбөйөт.


Булактар:

1 Albert Einstein, Ideas and Opinions, Crown Publishers, New York, 1954

2 Letter to Maurice Solovine, 1 Ocak 1951; Einstein Archive 21-174, 80-871, Letters to Solovine'de yayınlandı, s. 119

3 H. S. Lipson, A Physicist's View of Darwin's Theory, Evolutionary Trends in Plants, vol. 2, no. 1, 1988, s. 6

4 H. S. Lipson, A Physicist Looks at Evolution. Physics Bulletin, vol. 31 (1980) s. 138

5 Albert Einstein, Science, Philosophy, And Religion: A Symposium,- 1941, ch1.3

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ

  Куранда адамдар асмандар, жер, тоолор, жылдыздар, өсүмдүктөр, уруктар, жаныбарлар, түн менен күндүздүн келип чыгышы, өзүнүн төрөлүшү, жамг...