Куранда адамдар асмандар,
жер, тоолор, жылдыздар, өсүмдүктөр, уруктар, жаныбарлар, түн менен күндүздүн
келип чыгышы, өзүнүн төрөлүшү, жамгыр жана башка жаратылган көптөгөн нерселер
жөнүндө ойлонууга жана аларды изилдөөгө чакырылат. Буларды изилдеген адам алардын
баарынан Аллахтын жаратуу чеберчилигин көрөт жана ошентип аны жана бүт ааламды
жоктон жараткан Раббибизди тааный алат.
Ааламды жана андагы
бардык нерселерди изилдөөнүн жана Аллахтын жаратуу чеберчилигин ачып, адамзатка
көрсөтүүнүн бир жолу – бул «илим». Ошондуктан дин илимди Аллахтын жаратуу
далилдерин көрүүнүн бир жолу катары кабыл алат жана ушул себептен илимге
үндөйт.
Дин илимий
изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чакырат жана Ислам дининдеги акыйкаттарды негиз туткан
илимий изилдөөлөр да өтө ылдам жана так натыйжаларды алып келет. Анткени дин
аалам жана жашоо кантип пайда болгон деген суроонун эң туура жана эң так жообун
берет. Ошондуктан туура жерден башталган изилдөөлөр ааламдын жана жашоонун
пайда болушу тууралуу сырларды эң аз эмгек жана энергия коротуу менен, эң кыска
убакытта аныктайт. 20-кылымдын эң улуу илимпоздорунун бири деп эсептелген
Альберт Эйнштейн да айткандай, «динсиз илим аксак», башкача айтканда, дин жол
көрсөтпөгөн илим алдыга жылбайт, так жыйынтыктарга жетүү үчүн абдан көп убакыт
коротулат жана, ал тургай, көбүнчө эч кандай натыйжа алынбайт.
Бул акыйкатты түшүнбөгөн
материалисттик идеологиядагы илимпоздор тарабынан башкарылган илимий изилдөөлөрдүн
болсо өзгөчө акыркы эки кылымда адамзатка канчалык убакыт жоготтурганы, бул
багытта жасалган иштердин көпчүлүгүнүн текке кеткени жана коротулган
миллиарддаган акчанын ысырап болгону баарыбызга белгилүү.
Ошондуктан адамдар
бир акыйкатты так билиши керек: илим бир гана Аллахтын чексиз кудуретин жана
ааламдагы жаратуу далилдерин изилдөө максатын көздөйт жана изилдөөлөр ушул
максатта жүргүзүлгөндө гана так жыйынтыктарга жетет. Багыты туура белгиленсе,
илим чыныгы максатына эң кыска убакытта жете алат.
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Китепте кез-кезде колдонулган
«долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз
бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген
мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир
«план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен
жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин
же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында
мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп
калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат,
ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder