1 Kasım 2021 Pazartesi

ДИН МЕНЕН ИЛИМ АР ДАЙЫМ БИРИ-БИРИНЕ ТӨП КЕЛЕТ

 

Материалисттер илимден жеңилгенин жаап-жашыруу үчүн дээрлик ар дайым бир катар пропаганда ыкмаларын колдонушат. Алардын башында материалист маалымат каражаттарынын салтына айланган «дин менен илимдин карама-каршылыгы» дооматы турат. Ал булактарда «дин тарых бою илимге каршы болгон», «динден баш тартылганда гана илим өнүгөт» деген сыяктуу жалган жалаалар айтылат.

Чындыгында болсо илимдин тарыхына бир саамга эле көз чаптыруу бул дооматтардын туура эместигин көрүүгө жетиштүү болот.

Исламдын тарыхын караганыбызда, Куран менен бирге Жакынкы чыгыш аймагына илимдин да киргенин көрөбүз. Исламдан мурда арабдар ар кандай ырым-жырымдарга ишенген, аалам жана табият жөнүндө эч кандай изилдөө жүргүзбөгөн бир коом болгон. Ал эми Ислам келген соң маданияттуу, илимге маани берген коомго айланышкан жана Курандын буйруктарын угуп, ааламга жана табиятка байкоо жүргүзө башташкан. Бир гана арабдар эмес, ирандыктар, түрктөр, түндүк африкалыктар сыяктуу көптөгөн коомдордун Ислам динин кабыл алгандан кийин интеллектуалдык деңгээли жогорулаган. Аллах Куранда адамдарга үйрөткөн акыл жүгүртүү жана байкоо жүргүзүү кулк-мүнөзү өзгөчө 9-10-кылымдарда улуу маданияттын пайда болушуна себеп болгон. Ошол доордо өсүп чыккан көптөгөн мусулман илимпоздор астрономия, математика, геометрия, медицина сыяктуу илим тармактарында абдан маанилүү ачылыштарды жасашкан.

Илимий эмгектердин Европага жайылышына маанилүү салым кошкон жана мусулман илимпоздордун көпчүлүгү өсүп жетилген Андалусия өзгөчө медицина тармагында өтө чоң жаңылыктардын жана секириктердин бешигине айланган. Мусулман дарыгерлер бир гана тармакта адистешпестен, өзгөчө фармакология, хирургия, көз оорулары, акушердик, физиология, бактериология жана гигиена сыяктуу көптөгөн тармактарда билим алышкан. Көп жылдар бою дары өсүмдүктөрдү изилдеп, медицина тарыхы жана дары өсүмдүктөр тууралуу эмгектерди жазган Ибн Джулджул (?-992) менен дартты аныктоо жана дарылоо боюнча атагы чыккан жана учурда отузга жакын эмгеги белгилүү болгон тунистик дарыгер Абу Джафар ибн Джаззар (?-1009) медицина тармагындагы эң белгилүү илимпоздордон. Абдул-Латиф аль-Багдади (1162-1231) анатомия тармагындагы эмгектери менен белгилүү. Астыңкы жаак жана төш сөөк сыяктуу денедеги көптөгөн сөөктөрдүн анатомиясына байланыштуу мурдакы каталарды оңдогон. Багдадинин «Аль-Ифада валь-Итибар» аттуу эмгеги 1788-жылы калыпка келтирилип, латын, немец жана француз тилдерине которулган. «Макалатун филь-Хавас» аттуу эмгегинде болсо беш сезүү органы изилденген.

Мусулман анатомдор адамдын баш сөөгүндөгү сөөктөрдүн санын туура аныкташкан жана кулактын ичинде үч кичинекей сөөкчө бар экенин да белгилешкен. Анатомиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн мусулман илимпоздордун башында Ибн Сина (980-1037) турат. Жаш кезинен эле адабият, математика, геометрия, физика, табигый илимдер, философия жана логиканы өздөштүргөн Ибн Синанын бир гана чыгышта эмес, батышта да атагы чыккан. Эң белгилүү эмгеги «Ал-Канун фи-т-Тиб» араб тилинде жазылган жана 12-кылымда латын тилине которулуп, Европанын университеттеринде 17-кылымга чейин негизги окуу китеби катары кабыл алынып, окутулган. Ал эмгекте көптөгөн оорулар жана дары-дармектер системалуу түрдө түшүндүрүлгөн. Мындан тышкары, философия жана табигый илимдер тууралуу жүздөн ашуун эмгектерди жазган. Ал-Канунда айтылган медициналык маалыматтардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө да жарактуу.

1203-1283-жылдары жашаган Закария аль-Казвини болсо Аристотельден бери айтылып келген мээ жана жүрөккө байланыштуу көптөгөн туура эмес ойлорду жокко чыгарган. Анын жүрөк жана мээ жөнүндөгү берген маалыматтары азыркы биз билген маалыматтарга абдан жакын.

Закария аль-Казвини, Хамдаллах Мустауфи аль-Казвини (1281-1350) жана Ибн ан-Нафистин анатомия тууралуу эмгектери заманбап медицина илиминин пайдубалын түзгөн. Бул илимпоздор 13-14-кылымдарда эле жүрөк менен өпкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды, артерияларда таза кандын, веналарда болсо булганган кандын агаарын, кандын өпкөлөрдө тазаланаарын, жүрөккө кайткан таза кандын аорта аркылуу мээге жана дененин башка органдарына жиберилээрин көрсөтүшкөн.

Али бин Исанын (?-1038) үч томдук көз оорулары тууралуу жазган «Тезкиретүл-Кеххалин филь-Айн ва Эмразиха» аттуу эмгегинин биринчи тому толугу менен көздүн анатомиясына арналып, абдан баалуу маалыматтарды камтыйт. Бул эмгек кийинчерээк латын жана немец тилдерине которулган.

Абу Бакр Мухаммад ар-Рази (865-925), Бурханеддин Нефис (?-1438), Исмаил Джурджани (?-1136), Кутбиддин Ширази (1236-1310), Мансур бин Мухаммед, Абуль-Касим аз-Захрави астрономия, математика, медицина жана анатомия илимдеринин тарыхында маанилүү орду бар мусулман илимпоздордун кээ бирлери.

Медицина жана анатомия илимдеринен башка илим тармактарында да көптөгөн мусулман илимпоздун абдан маанилүү салымдары болгон. Мисалы, 11-кылымда жашаган Аль-Бируни Галилейден 600 жыл мурда жердин айланаарын далилдеп, Ньютондон 700 жыл мурда жердин диаметрин эсептеген. 15-кылымда жашаган Али Кушчу айдын алгачкы картасын чыгарган жана бүгүнкү күндө айдагы бир аймакка анын ысымы ыйгарылган. Сабит ибн Курра 9-кылымда жашаган жана Ньютондон бир канча кылым мурда дифференциалдык эсептөөнү ачкан. 10-кылымда жашаган Аль-Баттани тригонометрияны биринчи болуп ачкан. Аны менен бир кылымда жашаган Абу-ль-Вафа болсо тригонометрияга «секанс-косеканс» түшүнүктөрүн киргизген. Аль-Хорезми 9-кылымда алгачкы алгебра китебин жазган. Аль-Магриби бүгүнкү күндө Паскаль үч бурчтугу деп аталган теңдемени Паскальдан 600 жыл мурда тапкан. 11-кылымда жашаган Ибн аль-Хайсам оптика илиминин негиздөөчүсү. Роджер Бэкон жана Иоганн Кеплер анын эмгектеринен пайдаланышкан, Галилей да анын эмгектеринен пайдаланып телескопту ойлоп тапкан. Аль-Кинди болсо Эйнштейнден 1100 жыл мурда салыштырмалуу физика жана салыштырмалуулук теориясын чыгарган. Луи Пастерден болжол менен 400 жыл мурда жашаган Акшемседдин биринчи болуп микробдордун бар экенин ачкан. Али ибн Аббас 10-кылымда жашаган жана алгачкы рак операциясын жасаган. Ошол эле кылымда Ибн Джессар пес оорусунун (проказа) себептерин жана дарылоо ыкмаларын түшүндүргөн. Бул жерде бир канчасы гана каралган мусулман илимпоздор заманбап илимге пайдубал түзгөн маанилүү ачылыштарды жасашкан.

Батыш цивилизациясын караганыбызда заманбап илимдин Аллахка болгон ишенимге таянып түптөлгөнүн көрөбүз. «Илимий төңкөрүш доору» деп айтылган 17-кылымда Аллах жараткан ааламды жана табиятты ачуу ниети менен изилдөөлөрдү жүргүзгөн абдан көп окумуштуулар жашаган. Ал доордо Британия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө ачылган бардык илимий институттар «Аллахтын мыйзамдарын ачып, Аны таануу» максатын көздөгөн. Бул тенденция 18-кылымда да уланган. Ньютон, Кеплер, Коперник, Бэкон, Галилей, Паскаль, Бойль, Пейли, Кювье сыяктуу ысымдар илим дүйнөсүнө маанилүү салымдарды жасаган жана ошол эле учурда Аллахка ишенген илимпоздордун бир канчасы гана. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн «Ыйман кылган илимпоздор» аттуу бөлүмдү караңыз.)

Бул илимпоздор Аллахка ишенген жана, ошондой эле, ошол ишенимден алган дем-күч менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн кишилер болушкан. Бул акыйкаттын бир көрсөткүчү катары 19-кылымдын баштарында Британияда басылып чыккан «Бриджуотер трактаттары» деп аталган илимий эмгектер сериясын айтууга болот. Көптөгөн илимпоздор ар кайсы илим тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзүп, алган жыйынтыктарын «Аллах ааламда жана табиятта жараткан гармония менен шайкештиктин далилдери» деп сыпатташкан. Ал илимпоздордун колдонгон ыкмасы болсо «Аллахты табият аркылуу таануу» деген мааниде «Natural Theology» (Табигый теология) деп аталган.

Бриджуотер трактаттарынын алгачкысы өз доорунун белгилүү илимпозу Уильям Пейли тарабынан 1802-жылы жарыяланган «Natural Theology: or, Evidences of the Existence and Attributes of the Deity, Collected from the Appearances of Nature» (Табигый теология: же, табияттагы көрүнүштөрдөн топтолгон Аллахтын бар экендигинин жана белгилеринин далилдери) аттуу китеп болгон. Пейли ал китепте анатомия тууралуу терең маалыматтарды берген жана жандыктардын денелериндеги «долбоорлордон» мисалдарды келтирген.

Андан соң Пейлинин эмгеги үлгү алынып, Падышалык коомчулугунун кол астында бир билдирүү жасалган. Ал билдирүүдө илимпоздордон төмөнкү темаларда изилдөө жүргүзүүлөрү талап кылынган:

Аллахтын кудурети, акылы жана сулуулугу тууралуу, Анын жаратуусун көрсөткөн бардык далилдер жана акылдуу түшүндүрмөлөр. Мисалы, жаныбарлар, өсүмдүктөр же кендердин арасында Аллахтын жараткандарынын көп түрдүүлүгү жана пайда болушу; тамак сиңирүүнүн жана (азыктардын) айланышынын майда-чүйдөлөрү; адамзат жасаган долбоорлордун үлгүлөрү жана башка ар кандай акылдуу аргументтер; байыркы жана заманбап илим жана искусство тармактары жана бүтүндөй адабият...

Аллахтын бар экендигинин далилдерин аныктоону көздөгөн бул чакырыкка көптөгөн илимпоздор жооп берип, катары менен абдан маанилүү илимий эмгектер жарыяланган. Бриджуотер трактаттарынын курамында жарык көргөн бул эмгектер жана алардын авторлору кезеги менен төмөнкүдөй:

- Табияттын адамдын адеп-ахлактык жана интеллектуалдык түзүлүшүнө болгон шайкештиги (Thomas Chalmers, 1833)

- Химия, метеорология жана тамак сиңирүү (William Prout, M.D., 1834)

- Жаныбарлардын инстинкттери, адаттары жана тарыхы (William Kirby, 1835)

- Адамдын колу; долбоордун бир мисалы (Sir Charles Bell, 1837)

- Геология жана минералогия (Dean Buckland, 1837)

- Табияттын адамдын дене түзүлүшүнө болгон шайкештиги (J. Kidd, M.D., 1837)

- Астрономия жана жалпы физика (Dr. William Whewell, 1839)

- Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы (P. M. Roget, M.D., 1840)

Майкл Дентон

Бриджуотер трактаттары дин менен илимдин ортосундагы шайкештикти көрсөткөн көптөгөн мисалдардын бири. Бул эмгектерге чейин жана алардан кийин жасалган дагы көптөгөн илимий иштердин максаты Аллах жараткан ааламды таануу жана ошол аркылуу Анын улуулугун түшүнүү болгон.

Илим дүйнөсү бул багытынан материалисттик философиянын бир катар коомдук жана саясий шарттардан улам 19-кылымда батышта өкүмчүлүк кылышынын натыйжасында адашкан. Бул процесс Дарвиндин эволюция теориясы аркылуу туу чокусуна жеткен жана андан соң илим менен динди бири-бирине карама-каршы эки булак катары көрсөтө баштаган.

Британиялык окумуштуулар Майкл Бейджент, Ричард Ли жана Генри Линкольн бул тууралуу мындай дешет:

Дарвинден бир жарым кылым мурда илим динден өзүнчө эмес болчу; тескерисинче анын бир бөлүгү эле жана түпкү максаты ага кызмат кылуу болчу... Бирок Дарвиндин учурунда илим ошол кезге чейинки маанисинен ажыратылды жана динге каршы абсолюттук атаандаш жана альтернативдүү түшүнүк катары көрсөтүлө баштады. Андан соң адамзат бул экөөнүн бирөөсүн тандоого мажбурланды.40

Бирок бүгүнкү күндө минтип дин менен илимди мажбурлап ажыратуу аракети түздөн-түз илимий ачылыштар тарабынан четке кагылууда. Дин бизге ааламдын жоктон жаратылгандыгын билдирсе, илим бул акыйкаттын далилдерин табууда. Дин бизге жандыктарды Аллахтын жараткандыгын кабар берсе, илим жандыктардагы долбоорлорду ачуу аркылуу бул чындыктын далилдерин көрсөтүүдө. Майкл Дентон «Nature's Destiny» аттуу китебинде «бир кездерде атеизмдин жана ишенбөөчүлүктүн эң негизги өнөктөшү деп эсептелген илим аягында, экинчи миң жылдык бүтүп жаткан азыркы заманда, бир кездерде Ньютон жана анын тарапкерлери каалагандай, антропоцентрдик ишенимдин эң негизги жактоочусуна айланды» дейт.41 Антропоцентрдик ишеним деп «бул дүйнөнү Аллах адамдар үчүн жараткан» деген ишеним айтылат.

Илимдин бул жыйынтыгы барган сайын көбүрөөк илимпоздун Аллахка чын жүрөктөн ишенишине шарт түзүүдө. Белгилүү биохимик Майкл Бихи бул тууралуу «Жаратуучуга же табияттан тышкары бир акыйкаттын бар экенине ишенген илимпоздордун саны популярдуу маалымат каражаттарында айтылгандан алда канча көп; жалпы калктын 90%ын түзгөн ыймандуулар илимпоздордун арасында башкача деп ойлоого бир себеп жок»42 дейт.

Илимдин бул жыйынтыгына каршы материалисттер бир катар кысым көрсөтүү механизмдерин колдонуп, илим дүйнөсүн басым астына алууга аракет кылууда. Батыш өлкөлөрүндө бир илимпоз жогорулап, доцент, профессор сыяктуу наамдарга ээ болушу жана илимий журналдарда эмгектери жарыяланышы үчүн кээ бир стандарттарга баш ийиши шарт. Эволюция теориясын кыңк этпей кабыл алуу эң биринчи стандарт. Ошондуктан кээ бир илимпоздор дарвинисттик жомокторду эч ишенбесе да кабыл алып, жаратылуу далилдерин көрмөксөн болушат. «Scientific American» журналынын 1999-жылдын сентябрь айындагы санында жарыяланган «Scientists and Religion in America» (Америкада илимпоздор жана дин) аттуу макалада Вашингтон университетинин социологдорунун бири Родни Старк илимпоздорго жасалган кысымчылы    к тууралуу мындай дейт:

200 жылдан бери «эгер илимпоз болгуң келсе, мээң бардык диний чынжырлардан тазаланышы керек» деген түшүнүк жайылтылды... Университеттерде динчил адамдардын үнү чыкпайт. Жана динсиздерге артыкчылык берилет. Жогорку кызматтарда атеизмди шыктандыруу системасы бар.43

Материалисттердин динге каршы жүргүзгөн системалуу күрөшүнүн дагы бир мисалы – бул, жогоруда айтылган пропаганда ыкмалары. «Дин илимге каршы чыгат», же болбосо «илим материалист болушу шарт» деген сыяктуу дооматтар бул пропаганданын негизги элементтери. Эми бул дооматтардын эмне үчүн логикага сыйбай тургандыгын карайлы.

 

Орто кылымдагы чиркөөнүн илимпоздорго жасаган мамилеси

Динге каршы чыккан чөйрөлөр динге каршы курал катары негизинен орто кылымдагы чиркөөнүн туура эмес иш-аракеттерин жана мамилесин колдонушат. Чиркөө Европаны артка тартып, жакырчылыкка себеп болгон деп айтышат. Мындай аракеттердин негизги максаты болсо орто кылымдагы чиркөөнү дин менен байланыштыруу жана ал аркылуу адамдарга «эгер дин келсе, орто кылымдагы караңгылыкка бөлөнөбүз» деген түшүнүктү сиңирүү. Анткен менен, орто кылымдагы чиркөөнүн иш-аракеттери жана мамилеси чыныгы дин эмес.

Орто кылымдагы чиркөө Аз. Иса пайгамбар билдирген вахийден алыстап, динге туура келбеген кээ бир иш-аракеттерди жасаган. Өзгөчө дин кызматкерлери тарабынан кээ бир чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөп, Жараткандан келген китептен бүтүндөй алыстап башкарылган чиркөөнүн иш-аракеттеринен, албетте, илим да зыян тарткан. Бирок бул тарыхый чындыкты, албетте, Ислам динине таңуулоого болбойт. Анткени Ислам дини орто кылымдагы чиркөөгө окшогон дин кызматкерлеринин ырым-жырымдарына эмес, бир гана Аллахтын сөзү Куранга таянат.



Орто кылымдагы чиркөөнүн караңгылыгынын динчилдик менен байланышы жок экендигинин маанилүү бир көрсөткүчү – бул, чиркөө тарабынан кысымчылык көрсөтүлгөн Галилейге окшогон илимпоздордун да чындыгында абдан динчил инсандар болушу. (Китептин экинчи бөлүмүндө бул илимпоздордун ыйманы тууралуу тереңирээк маалымат берилет.) Бул мисал дагы бир жолу көрсөткөндөй, схоластикалык ой-пикирдин илимге жасаган кысымчылыгы динчилдиктин эмес, диндин бурмаланышынын бир натыйжасы.

 

Инжил менен Тооротко таянган сын-пикирлер

Өлкөбүздөгү материалисттер дин менен илимди карама-каршы көрсөткүлөрү келгенде, орто кылымдагы чиркөөнүн иш-аракеттеринен тышкары, Тоороттон же Инжилден бир сүйлөмдү алып, ал сүйлөмдүн илимий маалыматтарга кандайча карама-каршы келээрин мисал келтиришет. Бирок алар эске албаган же көрмөксөн болгон бир чындык бар: Тоорот менен Инжил бурмаланган китептер. Экөөсүнө тең адамдын колу менен жазылган көптөгөн ырым-жырымдар кошулган. Ошондуктан бул китептерди дин жөнүндө булак катары көрсөтүү абдан туура эмес болот.

Ал эми Куран болсо Аллахтын вахийи жана эч бир жери бурмаланган эмес жана бир тамгасы да өзгөртүлгөн эмес. Ошондуктан Куранда кичинекей бир карама-каршылык же катачылык жок. Аллах Куранда билдирген маалыматтар менен илимий ачылыштар бири-бирине дал келет. Ал тургай, биздин кылымда гана араң ачылган көптөгөн илимий чындыктар мындан 1400 жыл мурда Куранда адамзатка кабар берилген. Бул Курандын маанилүү бир керемети жана Аллахтын вахийи экендигин көрсөткөн анык далилдердин бири. (Кийинки бөлүмдөрдө Куранда кабар берилген илимий чындыктардын кээ бирлери каралат.)

Негизи материалист чөйрөлөр да бул акыйкатты билгендиктен, динге каршы пикирин айтканда, эч качан Курандан аят көрсөтө алышпайт жана ар дайым Инжилден же Тоороттон алган сүйлөмдөрдү колдонушат.

 

«Илим материалист болушу шарт» дооматы

Материалисттер дагы бир пропаганда куралы катары «илим бир гана затты изилдейт, ошондуктан материалист болушу шарт» деген эски түшүнүктү колдонушат.

Бул негизи бир саамга ойлонгон адам ошол замат байкай турган бир сөз оюну гана. Илимдин затты изилдээри чындык, бирок бул «илим материалист болушу шарт» деген мааниге келбейт. Себеби «затты изилдөө» менен «материалист болуунун» ортосунда өтө чоң айырма бар.

Затты изилдегенде, «зат – өзүнөн-өзү пайда боло албай турганчалык улуу маалымат жана долбоор» деген жыйынтыкка келебиз. Ал маалымат жана долбоордун, анын ээсин эч көрбөсөк да, пландуу түрдө жаратылганын түшүнө алабыз. Мисалы, бизден мурда адамдар кирип-кирбегени белгисиз болгон бир үңкүрдү элестетели. Ал үңкүргө киргенибизде, эгер үңкүрдүн дубалдарында өтө чеберчилик менен тартылган, кооз сүрөттөр бар болсо, анда «бизден мурда бул жерде акыл-эстүү бирөө болгон экен, бул жерге чыгармаларын тартып калтырыптыр» деген ойго келебиз. Ал акыл-эстүү жандыкты эч көрбөшүбүз мүмкүн, бирок чыгармаларынан анын бар экенин түшүнөбүз.



Илим дагы ушул ыкма менен табиятты изилдейт. Жана табиятта эч качан материалдык факторлор менен түшүндүрүүгө болбой турган бир тартиптин бар экенин жана заттан жогору турган бир Акыл тарабынан гана жаратыла ала турган бир долбоордун орун алганын көрсөтүүдө. Башкача айтканда, материалдык дүйнөнүн бүт тарабынан Аллахтын жаратуусун жана кудуретин көрсөткөн апачык далилдерди табууда.

 

Материалисттердин фанаттык мүнөзү

Роберт Шапиро
Албетте, ар бир адам өзүнүн көз-карашынын илимий маалыматтар тарабынан тастыкталып-тастыкталбаганын текшерүүгө, ал тууралуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. Мисалы, бир адам «жер планетасы тегиз» деген көз-карашта болушу мүмкүн жана ал жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүшү ыктымал. Бирок ал адамдын алынган илимий маалыматтарды кандайча кабыл алаары негизги маселе. Илимий маалыматтарды калыс баалаган бир илимпоз изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында жердин тегиз экенин көрсөткөн бир далил таба албайт, тескерисинче жердин тоголок экени тууралуу сансыз далилдерди көрөт. Демек ал киши көшөрбөстөн, чындыкты кабыл алып, баштапкы көз-карашынан баш тартышы керек.

Бул абал материализмге да тиешелүү. Илим заттын абсолюттук нерсе эмес экенин, бир башталышы бар экенин далилдеди. Мындан тышкары, затта кереметтүү бир долбоор бар экенин көрсөттү. Ошондуктан затты изилдеген материалист илимпоздор теорияларынын туура эместигин, чындыктын алар ишенгенден тескерисинче экенин көрүштү.

Бирок, кызыгы, ал кишилер материализмге фанаттардай жабышып, бул «ишениминен» эч кайтпай көшөрүшүүдө. Белгилүү эволюционист жана материалист, Гарвард университетинин генетика профессору Ричард Левонтин мындай фанаттык материалист мүнөзүн төмөнкүчө мойнуна алат:

Биздин материализмге бир ишенимибиз бар, «априори» (алдын-ала кабыл алынган, туура деп эсептелген) бир ишеним, бул. Бизди дүйнөнү материалисттик түшүндүрүүгө мажбурлаган нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон априори көз-карандылыгыбыздан улам, дүйнөнү материалисттик көз-караш менен түшүндүргөн изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрдү ойлоп чыгарабыз. Материализм абсолюттук чындык болгондуктан, Кудай жараткан деген бир түшүндүрмөнүн сахнага киришине уруксат бере албайбыз.44

Левонтин бардык материалисттердин көз-карашын апачык билдирген. Анын сөздөрүндө да айтылгандай, материалисттер алгач материалисттик идеологияны кабыл алышат жана андан соң ал идеологияны тастыктай турган маалыматтарды издешет. Башкача айтканда, материализм илимий изилдөөлөрдөн алынган бир жыйынтык эмес, илимге кабыл алдырууга аракет кылынган бир ишеним.

Муну башка бир эволюционисттин көз-карашынан да көрүүгө болот. Белгилүү эволюционист Роберт Шапиронун «Origins: A Skeptic's Guide to Creation of Life on Earth» (Түпкү тектер: бир скептиктин бул дүйнөдө жашоонун жаратылуусу боюнча колдонмосу) аттуу китебиндеги эволюция теориясына болгон бекемдигин көрсөткөн сөздөрү төмөнкүдөй:

Келечекте бир күнү бардык логикалуу химиялык эксперименттер жашоонун ыктымалдуу келип чыгышынын бүтүндөй туура эмес экенин көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой эле, жаңы геологиялык далилдер жер бетинде жашоонун бир заматта пайда болгонун көрсөтүшү ыктымал. Эң аягында, бүт ааламды изилдеп, башка жерден жашоонун издерин же жашоону пайда кыла турган бир процессти таппашыбыз мүмкүн. Мындай жагдайда бир катар илимпоздор жоопту динден издеши ыктымал. Бирок мен да кошо, башкалар болсо колдогу азыраак ыктымалдуу илимий түшүндүрмөлөрдү калгандардын арасынан ылайыктуураак бирөөсүн тандап алуу максатында иргегенге аракет кылышат.45

Шапиро «илимий түшүндүрмөнү издөөнү улантабыз» деп, чындыгында «материалисттик түшүндүрмөнү» айткан. Материализмге болгон мындай фанаттык бекемдик Шапирону жана ага окшогон миңдеген адамдарды фанаттык динсиздикке түртүүдө. Негизи алар «кандай далилди көрсөк да, Аллахка ишенбейбиз» деген ойду айткылары келет.

Кызыгы, мындай адашуучулук биздин замандагы материалисттерге гана тиешелүү эмес. Аллах өздөрүн ыймансыздыкка түрткөн мындай адамдар тууралуу Куранда маанилүү маалыматтарды берет. Мисалы, көптөгөн кереметтерди көрсөткөндө Аз. Мусага «бизди сыйкырлоо үчүн эмне керемет (аят) алып келсең да, баары бир биз сага ишенбейбиз» (Аьраф Сүрөсү, 132) деп айткан египеттиктердин мүнөзү азыркы материалисттерге окшош. Аллах башка аяттарында мындай адамдар тууралуу төмөнкүчө сөз кылат:

 

Алардын (арасында) сени тыңдагандары бар; Биз болсо аны аңдап түшүнүшүнө (бир тосмо катары) жүрөктөрүндө кабат кабат тосмолор жана кулактарында бир тоскоолдук пайда кылдык. Алар кандай гана «апачык далилди» көрүшпөсүн, баары бир ишенишпейт. Ал ыймансыздар сага келгенде, сени менен талашып: «Бул мурдакылардын ойлоп тапкан жомоктору гана» дешет. (Энъам Сүрөсү, 25)

 

Болгон анттары менен (ант ичип) эгер аларга бир аят келсе, ага толук ишенээрин айтып Аллахка ант ичишти. Айткын: «Аяттар (кереметтер, далилдер) Аллах Кабатында гана; аларга (кереметтер) келсе да, албетте, (баары бир) ишенбей турганын билбейсиңерби?» (Энъам Сүрөсү, 109)






Булактар:

40 Michael Baigent, Richard Leigh, Henry Lincoln, The Messianic Legacy, Gorgi Books, London:1991, s.177-178

41 Michael Denton, Nature's Destiny: How the Laws of Biology Reveal Purpose in the Universe, s. 389

42 Michael J.Behe, Darwin's Black Box, s.239

43 Edward J. larson ve Larry Witham, Scientists and Religion in America, Scientific American, Eylül 1999, s. 81

44 Richard Lewontin, The Demon-Haunted World, The New York Review of Books, 9 Ocak 1997, s.28

45 Michael J. Behe, Darwin's Black Box, s. 234

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ

  Куранда адамдар асмандар, жер, тоолор, жылдыздар, өсүмдүктөр, уруктар, жаныбарлар, түн менен күндүздүн келип чыгышы, өзүнүн төрөлүшү, жамг...