Мындан 14 кылым мурда
Аллах адамдарга жол көрсөтүүчү бир китеп катары Курани Каримди түшүргөн. Бүт
адамзатты бул Китепти угуп, кутулууга үндөгөн. Түшүрүлгөн күнүнөн кыяматка
чейин адамзаттын жол башчысы Аллахтан келген ушул акыркы Китеп жана Пайгамбар
Мырзабыздын сүннөтү болот.
Курандын теңдешсиз
стили жана мазмунундагы улуу даанышмандык анын Аллахтын сөзү экендигинин анык
далили. Мындан тышкары, Курандын Аллах Кабатынан түшүрүлгөнүн далилдеген
көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүктөрү да бар. Алардын бири 20-кылымдын технологиясы
менен араң ачылган кээ бир илимий чындыктардын 1400 жыл мурда Куранда кабар
берилгендиги.
Куран, албетте,
илимий китеп эмес. Бирок көптөгөн аяттарында абдан маңыздуу жана даанышмандык
менен билдирилген кээ бир илимий акыйкаттар 20-кылымдын технологиясы менен араң
ачылган. Куран түшүрүлгөн доордо илимдин аныктоого күчү жептеген бул
маалыматтар азыркы адамзатка Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу
далилдөөдө.
Курандын илимий
кереметтерин түшүнүү үчүн, алгач бул Ыйык Китеп түшүрүлгөн доордогу илим-билимдин
деңгээлине көз чаптыруу керек.
Куран түшүрүлгөн
7-кылымда араб эли илимий темалар жөнүндө көптөгөн ырым-жырымдарга ишенген.
Ааламды жана табиятты изилдөөгө технологиясы болбогон арабдар урпактан урпакка
айтылып келген уламыштарга ишенишкен. Мисалы, асманды тоолор көтөрүп турат
деген ишеним болгон. Башкача айтканда, жер тегиз жана эки учунду бийик тоолор
бар, ошол тоолор түркүккө окшоп асманды көтөрүп турат деп ишенишкен.
Бирок араб коомунун
бардык мындай негизсиз ишенимдери Аллах билдирген аяттар аркылуу четке
кагылган. «Аллах асмандарды түркүксүз көтөрдү»
(Рад Сүрөсү, 2) аяты асманды тоолор көтөрүп турат деген ишенимди четке каккан.
Ушул сыяктуу дагы көптөгөн тармакта ал доордо эч ким билбеген маанилүү
маалыматтар берилген.
Адамдар астрономия,
физика, биология тууралуу абдан аз маалымат билген кезде түшүрүлгөн Куран
ааламдын жаратылуусунан адамдын пайда болушуна, атмосферанын түзүлүшүнөн жер
жүзүндөгү тең салмактуулуктарга чейин көптөгөн темаларда эң маанилүү
маалыматтарды камтыган.
Эми Курандагы бул
илимий кереметтердин бир бөлүгүн чогуу карайлы.
Ааламдын пайда болушу
Курани Каримде
ааламдын пайда болушу төмөнкүчө кабар берилет:
Ал асмандарды жана
жерди жоктон жараткан. (Энъам Сүрөсү, 101)
Аллах Куранда
билдирген бул маалымат заманбап илимдин ачылыштарына толук дал келет. Бүгүнкү
күндө астрофизика «бүт аалам зат жана убакыт чен-өлчөмдөрү менен бирге, жок
кезинде, чоң жарылуунун натыйжасында пайда болгон» деген анык жыйынтыкка келди.
«Чоң жарылуу», оригиналдуу аталышы менен айтканда, «Big Bang» (Биг Бенг) теориясы бүт ааламдын болжол менен 15
миллиард жыл мурда бир чекиттин жарылышынын натыйжасында жоктон пайда болгонун
далилдеди. Чоң жарылуу теориясы учурда ааламдын пайда болушу жана башталышы жөнүндөгү
бардык илимий чөйрөлөр тарабынан бир ооздон кабыл алынган илимий түшүндүрмө.
Чоң жарылуудан
мурда зат деген нерсе болгон эмес. Зат, энергия, ал тургай, убакыт да болбогон,
толугу менен метафизика деп сүрөттөөгө боло турган бир жоктук учурунда зат,
энергия жана убакыт жаратылган. Заманбап физика тарабынан ачылган бул улуу
акыйкатты Аллах Куранда бизге 1400 жыл мурда кабар берген.
Ааламдын кеңейиши
| 1- Келечекте 2- Учурдагы аалам 3- Баштапкы аалам |
Биз асманды «улуу күч-кудурет
менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)
Аяттагы «асман»
деген сөз Курандын көп жеринде космос жана аалам деген мааниде колдонулат. Бул
жерде да ушул мааниде колдонулган. Башкача айтканда, Аллах Куранда ааламдын
кеңейип жатканын билдирген. Илимдин бүгүнкү күндөгү жыйынтыгы да ушундай.
Биздин кылымдын
баштарына чейин илим дүйнөсүндө бир гана көз-караш өкүмчүлүк кылып келген:
«аалам туруктуу түзүлүшкө ээ жана түбөлүктөн бери бар». Бирок заманбап
технология менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр, байкоолор жана эсептөөлөр ааламдын бир
башталышы бар экенин жана тынымсыз «кеңейип жатканын» көрсөттү.
Орус физик
Александр Фридман менен бельгиялык космолог Жорж Леметр 20-кылымдын баштарында
ааламдын тынымсыз кыймыл абалында экенин жана кеңейип жатканын теориялык жактан
эсептеп табышкан.
Бул акыйкат
1929-жылы байкоолор тарабынан да далилденген. Америкалык астроном Эдвин Хаббл
эбегейсиз чоң телескоп менен космосту изилдеп жатып, жылдыздар менен
галактикалардын тынымсыз бири-биринен алыстап баратканын байкаган. Баары
бири-биринен алыстап бараткан аалам болсо тынымсыз «кеңейип жаткан» аалам деген
мааниге келет. Ааламдын кеңейип жаткандыгы андан кийинки байкоолор тарабынан да
тастыкталган.
Бирок бул акыйкат
эч бир адам биле элек кезде Куранда кабар берилген. Анткени Куран бүт ааламдын
жаратуучусу жана өкүмдары Аллахтын сөзү.
Орбиталар
Аллах Куранда күн
менен ай тууралуу маалымат бергенде, ар биринин белгилүү бир орбитасы бар
экенин да белгилеген:
Түндү, күндүздү, күндү жана айды Ал жараткан; ар бири бир
орбитада сүзүп жүрөт. (Анбия Сүрөсү, 33)
Күндүн ордунда
турбастан, белгилүү бир орбитада сүзүп жүрөөрү башка бир аятта төмөнкүчө кабар
берилет:
Күн да ал үчүн (белгиленип) коюлган бир ордун көздөй агып
(сүзүп) баратат. Бул улуу жана кудуреттүү, даанышмандын буйругу. (Йасин Сүрөсү,
38)
Куранда кабар
берилген бул акыйкаттар биздин заманыбыздагы астрономиялык байкоолор тарабынан
аныкталган. Астрономия адистеринин эсептөөлөрү боюнча, күн «solar apex» деп аталган бир
орбитада Вега жылдызын көздөй саатына 720 миң километрлик эбегейсиз ылдамдыкта
учуп баратат. Бул болжол менен эсептегенде, күндүн бир күндө 17 миллион 280 миң
километр аралыкты басып өтөөрүн көрсөтөт. Күн менен бирге анын гравитация системасынын
ичиндеги бардык планеталар жана алардын спутниктери да дал ошончо аралыкты
басып өтүшөт. Ошондой эле, ааламдагы бардык жылдыздар да ушул сыяктуу пландалган
багыттарды көздөй кыймылдашат.
Бүт ааламдын
белгилүү орбиталар менен жабдылганын Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Кылдат жолдор жана орбиталар
менен жабдылган асманга ант болсун. (Зарият Сүрөсү, 7)
Ааламда болжол
менен 200 миллиард галактика бар жана ар бир галактикада орточо 200 миллиард
жылдыз жайгашкан. Ал жылдыздардын көпчүлүгүнүн планеталары, ал планеталардын
болсо спутниктери бар. Бул асман телолорунун бүт баары өтө кылдат эсептелген
орбиталарга ээ. Жана миллиондогон жылдан бери бүт баары өзүнүн орбитасында
башкалар менен кемчиликсиз гармонияда жана тартипте учуп жүрүшөт. Мындан тышкары,
көптөгөн куйруктуу жылдыздар (кометалар) да өздөрүнүн белгиленген орбитасында
сүзүп жүрүшөт.
Ааламдагы орбиталар
бир эле асман телолоруна тиешелүү эмес. Галактикалар да эбегейсиз чоң
ылдамдыкта, пландуу жана эсептелген орбиталарда кыймылдашат. Кыймыл учурунда
бир дагы асман телосу башкасы менен сүзүшүп кетпейт, жолдору кесилишпейт. Ал
тургай, кээ бир галактикалардын бир дагы бөлүгү экинчисиникине тийбестен,
бири-биринен ичинен өтүп кеткени байкоолордо аныкталган.
Албетте, Куран
түшүрүлгөн доордо адамзаттын колунда бүгүнкүдөй космосту миллиондогон километр
алыстыктарга чейин байкай ала турган телескоптор, алдыңкы байкоо
технологиялары, заманбап физика жана астрономия маалыматтары болгон эмес.
Ошондуктан космостун, аятта айтылгандай, «кылдат жолдор жана орбиталар менен жабдылганын»
ал кезде илимий жактан аныктоо мүмкүн эмес болчу. Бирок ошол кезде түшүрүлгөн
Курани Каримде бул акыйкат бизге апачык кабар берилген; анткени Куран Аллахтын
сөзү.
Корголгон чатыр
Куранда Аллах
асмандын кызыктуу бир өзгөчөлүгүнө төмөнкүчө көңүл бурат:
Асманды корголгон бир
чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда. (Анбия Сүрөсү, 32)
Асмандын бул
өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр тарабынан далилденди.
Жер планетабызды
толук курчап турган атмосфера жашоонун уланышы үчүн абдан маанилүү кызматтарды
аткарат. Жерге жакындаган чоң-кичине көптөгөн метеоритти ээритип жок кылат жана
алардын жердин бетине түшүп, жандыктарга чоң зыян тийгизишине бөгөт койот.
Атмосфера, мындан
тышкары, космостон келген, организмдерге зыяндуу нурларды да фильтрлейт. Кызыгы, атмосфера бир гана
зыянсыз нурларды, тагыраак айтканда, көзгө көрүнгөн нурларды, инфра кызыл
нурларды жана радиотолкундарды гана өткөрөт. Анткени булар жашоого керектүү
нурлар. Атмосфера белгилүү өлчөмдө өтүшүнө мүмкүнчүлүк берген ультра кызгылт көк
нурлар болсо өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашы жана натыйжада бардык
организмдердин жашоосун улантышы үчүн чоң мааниге ээ. Күндөн тараган күчтүү
ультра кызгылт көк нурлардын көп бөлүгү атмосферанын озон катмарында кармалып
калат жана жердин бетине жашоого керектүү аз бөлүгү гана жетет.
Атмосферанын
коргоочу касиети муну менен эле чектелбейт. Жер планетасын космостун орточо
минус 270 градустук тоңдуруучу суугунан да кайра эле атмосфера коргойт.
Жерди зыяндуу
нерселерден коргогон бир эле атмосфера эмес. Атмосферадан тышкары, «Ван Аллен курлары»
деп аталган жана жердин магниттик талаасынан келип чыккан бир катмар да
планетабызды зыяндуу нурлардан коргоочу калкандын кызматын аткарат. Күндөн жана
башка жылдыздардан тынымсыз тараган мындай нурлар адамдардын өмүрүнө коркунуч
туудурат. Өзгөчө күндө маал маалы менен болуп турган жана «жаркыроо» деп
аталган энергия жарылуулары Ван Аллен курлары болбосо, жер бетиндеги бүт
жашоону жок кыла ала турган күчкө ээ.
Бир канча жыл мурда
байкалган бир жаркыроодон бөлүнүп чыккан энергиянын көлөмү эсептөөлөр боюнча,
Хиросимага ташталганга окшогон 100 миллиард атом бомбасына тең болгон.
Жаркыроодон 58 сааттан кийин компастардын жебелеринде ашыкча кыймылдар байкалган
жана жердин атмосферасынын 250 км жогорусунда температура кескин көтөрүлүп,
2500°Сге жеткен.
Кыскасы, жердин
үстүндө аны курчап турган жана сырткы коркунучтардан коргогон кемчиликсиз бир
система иштейт. Жердин асманынын ушул коргоочу калкан касиетин Аллах канчалаган
кылым мурда Куранда бизге билдирген.
Артка кайтаруучу асман
Курани Каримде
Тарык сүрөсүнүн 11-аятында асмандын «артка кайтаруучу» өзгөчөлүгү кабар
берилет:
Артка кайтаруучу асманга ант болсун. (Тарык Сүрөсү, 11)
Аяттын башындагы
сөз «артка кайтаруучу» же «кайра кайтаруучу» деген мааниге келет.
Кызыгы, асмандын
Куранда билдирилген бул өзгөчөлүгү Куран түшүрүлгөндөн канчалаган кылымдан
кийин гана илимий жактан аныкталган.
Белгилүү болгондой,
жерди курчап турган атмосфера бир канча катмардан турат. Ар бир катмардын
организмдерге пайдалуу, маанилүү кызматтары бар. Изилдөөлөр ар бир катмардын
ага келген заттарды же нурларды космоско, же болбосо жер жүзүнө кайра кайтаруу
өзгөчөлүгүнө ээ экенин көрсөткөн.
Мисалы, 13-15 км
бийиктиктеги тропосфера жер жүзүнөн көтөрүлгөн суу буусунун топтолуп,
жаан-чачын түрүндө жерге кайра кайтышына шарт түзөт.
25 км бийиктиктеги
озоносфера космостон келген радиацияны жана зыяндуу ультра кызгылт көк нурларды
чагылтып, жердин бетине жеткирбей артка кайтарат.
Ионосфера катмары
жер жүзүнөн тараган радиотолкундарды спутникке окшоп жер жүзүнүн башка аймактарына
кайра чагылтып, уюлдук байланышка, радио жана телеберүүлөрдүн алыс аралыкка
жетишине шарт түзөт.
Атмосферанын магнитосфера
катмары болсо күндөн жана башка жылдыздардан тараган зыяндуу радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү
жердин бетине жеткирбей, космоско кайра кайтарат.
Атмосферанын катмарлары
Курандын аяттарында
Аллах аалам тууралуу билдирген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат
кылып жаратылгандыгы:
Силер үчүн жердегилердин баарын Ал
жаратты. Анан асманды максат кылып, аларды жети асман кылып Ал жасады. Жана Ал
баарын билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 29)
Анан түтүн абалындагы
асманга кайрылды... Ошентип аларды эки күндүн ичинде жети асман кылып
толуктады жана ар бир асманга буйругун вахий кылды... (Фуссилет Сүрөсү, 11-12)
Куранда «асман»
деген сөз «бүт аалам» деген мааниде да жана «жердин асманы» деген мааниде да
колдонулат. Сөздүн бул маанисин алганыбызда жердин асманы, башкача айтканда,
атмосфера 7 кабаттан турат деген жыйынтык келип чыгат.
Чындап эле бүгүнкү
күндө жердин атмосферасынын үстү-үстүнө тизилген, ар кандай катмарлардан
тураарын билебиз. Болгондо да, аятта айтылгандай, дал жети негизги катмардан...
Бир илимий булакта
алар төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Илимпоздор
атмосферанын бир канча катмардан тураарын аныкташты. Катмарлар басымы жана
аларды түзгөн газдардын курамы сыяктуу белгилүү физикалык өзгөчөлүктөрү жагынан
бири-биринен айырмаланат... Атмосферанын жерге эң жакын катмары «ТРОПОСФЕРА».
Атмосферанын жалпы массасынын 90%ын түзөт... Тропосферанын үстүндөгү катмар
«СТРАТОСФЕРА»... Стратосферада ультра кызгылт көк нурларды сиңирген катмар
«ОЗОНОСФЕРА» деп аталат... Стратосферанын үстүндөгү катмар «МЕЗОСФЕРА» деп
аталат... Мезосферанын үстүндө «ТЕРМОСФЕРА» жайгашкан... Иондошкон газдар
термосферанын ичинде «ИОНОСФЕРА» деп аталган бир катмарды түзүшөт... Жердин
атмосферасынын эң сырткы катмары 450 километрден 960 километрге чейин созулат.
Ал катмар «ЭКЗОСФЕРА» деп аталат.46
Бул булакта
белгиленген катмарларды санаганыбызда, атмосферанын аятта айтылгандай дал 7
катмардан тураарын көрөбүз:
1- ТРОПОСФЕРА
2- СТРАТОСФЕРА
3- ОЗОНОСФЕРА
4- МЕЗОСФЕРА
5- ТЕРМОСФЕРА
6- ИОНОСФЕРА
7- ЭКЗОСФЕРА
| 1- Экзосфера; 2- Ионосфера; 3- Термосфера; 4- Мезосфера; 5- Озоносфера; 6- Стратосфера; 7- Тропосфера. А- Булуттар. |
20-кылымдын
технологиясы болбостон, эч качан аныктала албай турган бул маалыматтардын 1400
жыл мурда түшүрүлгөн Курани Каримде апачык билдирилиши өтө улуу керемет.
Тоолордун кызматы
Куранда тоолордун
маанилүү бир геологиялык кызматына көңүл бурулат:
Жер жүзүндө алар
термелбесин деп бекем тоолорду жараттык... (Анбия Сүрөсү, 31)
Көңүл бурулган
болсо, аятта тоолордун жер жүзүндөгү термелүүлөргө бөгөт болуучу бир өзгөчөлүгү
кабар берилүүдө.
Куран түшүрүлгөн
доордо бир дагы адам билбеген бул акыйкат заманбап геология тарабынан белгилүү
болду. Геологиялык маалыматтар боюнча, тоолор жердин кыртышын түзгөн өтө чоң
катмарлардын кыймылдарынын жана сүзүшүүлөрүнүн натыйжасында пайда болот.
Эки катмар
сүзүшкөндө бекемирээги экинчисинин астына кирет. Үстүндө калган катмар буралып
жогору көтөрүлөт жана тоолорду пайда кылат. Астында калган катмар болсо жердин
астын көздөй сүңгүп терең тамырга айланат. Башкача айтканда, тоолордун жердин
бетиндеги бизге көрүнгөн көлөмүндөй болгон, жердин астын көздөй созулган
тамырлары да бар.
Ошентип тоолор
жердин катмарлары бириккен чекиттерде жердин үстүн жана жердин астын көздөй
созулуп, ал катмарларды бири-бирине кадайт. Ошентип жердин кыртышын бекемдеп,
магма катмарынын үстүндө же өзүнүн катмарларынын арасында сыйгаланышына бөгөт
койот. Кыскасы, тоолорду тактайларды бири-бирине карматкан мыктарга
салыштырууга болот.
Башка бир аятта
Аллах тоолордун бул кызматына аларды «казыктарга» салыштыруу аркылуу төмөнкүчө
көңүл бурат:
Биз жер жүзүн бир төшөк кылбадыкпы? Тоолорду болсо бир казык?
(Небе Сүрөсү, 6-7)
Тоолордун мындай
бекемдөөчү касиети илимий булактарда «изостазия» деп аталат. Изостазия деген
сөздүн мааниси төмөнкүдөй:
Изостазия: ...
Геологияда, тоолордун жер жүзүнүн астында пайда кылган тартылуу күчүнөн улам
жер кыртышынын жалпы тең салмактуулугунун камсыз кылынышы.47
Көрүнүп тургандай,
заманбап геологиялык жана сейсмикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган
тоолордун абдан маанилүү бир кызматы канчалаган кылым мурда түшүрүлгөн Курани
Каримде Аллахтын жаратуусундагы улуу даанышмандыктын бир үлгүсү катары кабар
берилген. Башка бир аятта болсо мындай деп айтылат:
Жерде
болсо силерди термелтпесин деп термелбес тоолорду койду... (Локман Сүрөсү, 10)
Манжанын изи
Куранда адамдарды
өлгөндөн кийин тирилтүүнүн Аллах үчүн абдан оңой экени айтылып жатканда,
адамдардын өзгөчө манжаларынын учтарына көңүл бурулат:
Ооба, анын манжасынын
учтарын да жыйнап (кайрадан) жасоого кудуреттүүбүз. (Кыямат Сүрөсү, 4)
Манжанын учтарына
басым жасалышынын абдан терең мааниси бар. Анткени бардык адамдардын
манжаларынын изи уникалдуу. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө жашап жаткан ар бир
адамдын манжасынын изи ар башка. Ал тургай, тарыхта жашап өткөн бардык
адамдардыкы ар башка.
Ошондуктан манжанын
изи жеке адамга тиешелүү, өзгөчө бир «паспорт» катары эсептелет жана дүйнө
жүзүндө ушул максатта колдонулат.
Бирок манжалардын
изинин мындай өзгөчөлүгү 19-кылымдын аягына жакын гана аныкталган. Андан мурда
адамдар манжалардын издерин эч кандай өзгөчөлүгү жана мааниси жок сызыктардай
көрүшкөн. Анткен менен, Куранда ал кезде эч кимдин көңүлүн бурбаган манжалардын
издерине басым жасалып, ал издердин биздин доордо гана аныкталган маанисине
көңүл бурулууда.
| Бардык адамдардын терилери бирдей заттардан түзүлгөнү менен, манжа издери бири-бирине эч окшобойт. |
Тоолордун кыймылдашы
Бир аятта тоолордун
сыртынан көрүнгөндөй кыймылсыз турбастан, тынымсыз кыймылдаары төмөнкүчө кабар
берилет:
Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чындыгында болсо алар булуттар
айдалгандай айдалышат. (Немл Сүрөсү, 88)
| 1- 200 млн жыл мурда; 2- 135 млн жыл мурда; 3- 65 млн жыл мурда; 4- Азыркы учурда 5- 50 млн жылдан кийин батыш жарым шар; 6- 50 млн жылдан кийин чыгыш жарым шар. |
Бирок геологдор Вегенердин туура айтканын ал өлгөндөн 50 жылдан кийин, 1980-жылдары түшүнүшкөн. Вегенер 1915-жылы жарыяланган макаласында белгилегендей, дүйнөдөгү кургактыктар болжол менен 500 миллион жыл мурда бир болгон жана Пангея деп аталган ал эбегейсиз континент Түштүк уюлда жайгашкан.
Болжол менен 180 миллион
жыл мурда Пангея экиге бөлүнгөн. Бири-биринен карама-каршы багытка жылган ал
эки материктин биринчиси Африка, Австралия, Антрактика жана Индияны камтыган
Гондвана материги болгон. Экинчиси болсо Европа, Түндүк Америка жана Индиядан
тышкары Азиядан турган Лавразия материги болгон. Андан соң болжол менен 150 миллион
жыл аралыгында Гондвана менен Лавразия андан да майда бөлүктөргө бөлүнгөн.
Пангеянын
бөлүнүшүнөн келип чыккан материктер тынымсыз кургактык менен океандын таралышын
өзгөртүп, бир жылда бир канча сантиметрлик ылдамдык менен ордуларынан жылып
турушат.
20-кылымдын
баштарында жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган жер
кыртышынын бул кыймылы илимий булактарда төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Жер кыртышы жана
үстүңкү мантиядан турган 100 км калыңдыктагы жердин үстүңкү бети «плита» деп
аталган бөлүктөрдөн турат. Жердин үстүңкү бетин түзгөн алты чоң жана көптөгөн
майда плиталар бар. «Плиталардын тектоникасы» деп аталган теория боюнча, ал
плиталар материктерди жана океандын түптөрүн да өзү менен кошо сүйрөп, ордунан
жылып турушат... Эсептөөлөр боюнча, материктик кыймыл бир жылда орточо 1
сантиметрден 5 сантиметрге чейин болот. Плиталар минтип кыймылдаган сайын
жердин географиясы өзгөрүп турат. Мисалы, Атлантика океаны жыл сайын бир аздан
кеңейүүдө.48
Бул жерде белгилөө
керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар: Аллах тоолордун кыймылын аятта
«айдалуу» деп билдирген. Илимпоздор учурда бул кыймылды англис тилинде «continental drift» деген
термин менен аташат, ал «материктик айдалуу» деп которулат.49
Илим жаңы гана
ачкан бул илимий чындыктын Куранда кабар берилиши, албетте, Курандын
кереметтеринин бири.
Чаңдаштыруучу шамалдар
Курандын бир
аятында шамалдардын «чаңдаштыруу» касиетине жана анын натыйжасында
жаан-чачындын пайда болооруна көңүл бурулат:
Жана чаңдаштыруучу шамалдарды жөнөттүк, ошентип асмандан
суу түшүрүп, силерди сугардык. (Хижр Сүрөсү, 22)
Аятта жаан-чачындын
пайда болушунда алгачкы баскычтын шамалдар экендигине көңүл бурулууда. Бирок
ушул кылымдын баштарына чейин шамал менен жамгырдын ортосунда бир байланыш бар
экени белгисиз болчу. Шамалдардын жаан-чачындын пайда болушунда «чаңдаштыруу»
кызматын аткараары заманбап метеорологиялык изилдөөлөр аркылуу аныкталды.
Шамалдардын
чаңдаштыруу касиети төмөнкүчө ишке ашат:
Океандар менен деңиздердин
бетинде көбүктөнүүдөн улам тынымсыз көптөгөн аба көбүкчөлөрү пайда болот. Ал
көбүкчөлөр жарылганда диаметри миллиметрдин 100дөн бириндей болгон миңдеген
бөлүкчөлөрдү абага учурушат. «Аэрозоль» деп аталган ал бөлүкчөлөр шамалдар
аркылуу кургактыктардан келген чаңдарга аралашып, атмосферанын үстүңкү катмарларына
көтөрүлөт. Ошентип шамал менен бийиктикке көтөрүлгөн бөлүкчөлөр ал жерде суу
буусуна тийет. Суу буусу ал бөлүкчөлөрдүн айланасына топтолуп, суу тамчыларына
айланат. Ал суу тамчылары алгач чогулуп булуттарды пайда кылат, белгилүү
убакыттан соң жамгыр болуп жер бетине түшөт.
Көрүнүп тургандай,
шамалдар абада эркин абалда жүргөн суу буусун деңиздерден бөлүкчөлөрдү көтөрүү
аркылуу «чаңдаштырат» жана ошентип жамгыр булуттарын пайда кылат.
Эгер шамалдардын бул
касиети болбогондо, бийик атмосферада суу тамчылары эч качан пайда болмок эмес
жана жамгыр да жаамак эмес.
Бул жерде көңүл
бура турган жагдай, шамалдардын жаан-чачындын пайда болушундагы өтө маанилүү
кызматы канчалаган кылым мурда Курандын аятында кабар берилген. Болгондо да,
адамдар табигый кубулуштар жөнүндө дээрлик эч нерсе билбеген заманда...
Жамгырдын өлчөмү
Куранда жамгыр
тууралуу дагы бир маалымат катары анын белгилүү өлчөмдө түшүрүлөөрү
билдирилген. Зухруф сүрөсүндө мындай деп айтылат:
Ал белгилүү бир өлчөм
менен асмандан суу түшүрүп, аны менен өлүк бир өлкөнү «тирилтти (жана бүт тарабына
жашоо) таратты»; силер да ушундай (кабырларыңардан тирилтилип) чыгарыласыңар. (Зухруф
Сүрөсү, 11)
Жамгырдын бул
өлчөмү да биздин заманыбыздагы изилдөөлөр тарабынан аныкталды. Өлчөөлөр боюнча,
жер жүзүнөн секундасына 16 миллион тонна суу бууланат. Бир жылда анын көлөмү
513 триллион тонна сууга жетет. Бул ошол эле учурда бир жылда дүйнө жүзүндө
жааган жамгырдын көлөмүнө барабар. Башкача айтканда, суу тең салмакта тынымсыз
«бир өлчөм менен» айланып турат. Суунун айланышы жер жүзүндө жашоонун уланышына
шарт түзөт. Адамзат колундагы бардык технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонсо
да, бул айланууну эч качан жасалма жол менен жасай албайт.
Эгер бул өлчөм бир
азга эле өзгөрсө, кыска убакыттын ичинде чоң экологиялык тең салмаксыздык келип
чыгат жана ал жашоонун токтошуна алып келет. Бирок эч качан мындай болбойт;
жамгыр, Куранда айтылгандай, жер жүзүнө жыл сайын бирдей өлчөмдө жааганын
улантат.
Деңиздердин бири-бирине аралашпашы
Деңиздердин
изилдөөчүлөр тарабынан жакында эле аныкталган бир өзгөчөлүгү Курандын бир
аятында төмөнкүчө кабар берилет:
Бири-бири менен кездешүүсү
үчүн эки деңизди коюп жиберди. Экөөсүнүн арасында бир тосмо бар; бири-биринин чегинен өтө алышпайт.
(Рахман Сүрөсү, 19-20)
Бири-бирине кошулса
да, суулары эч качан бири-бирине аралашпаган деңиздердин аятта билдирилген бул
касиети океан изилдөөчүлөр тарабынан жакында эле ачылган. «Беттик тартылуу» деп
аталган физикалык күчтүн себебинен кошуна деңиздердин сууларынын бири-бирине
аралашпай тургандыгы аныкталган. Деңиздердин тыгыздыктарындагы айырмадан келип
чыккан беттик тартылуусу бир дубал сыяктуу суулардын бири-бирине аралашышына
жол бербейт.
Адамдардын
физикадан да, беттик тартылуудан да, океанологиядан да кабары жок доордо бул
акыйкаттын Куранда кабар берилиши, албетте, таң калаарлык.
Наристенин жынысы
Жакын жылдарга чейин адамдар наристенин жынысы эненин клеткалары тарабынан аныкталат деп ойлоп келишкен. Же болбосо, жок дегенде эне менен атадан келген клеткалар биргелешип баланын жынысын аныктайт деп ойлошкон. Ал эми Куранда болсо бул тууралуу башкача маалымат берилип, эркектик менен ургаачылыктын «жатынга куюлган урук суюктугунан» жаратылаары билдирилген:Чындыгында жуптарды;
эркек менен аялды Ал жараткан. Бир тамчы суудан (жатынга) урук суюктугу куюлганда.
(Нежм Сүрөсү, 45-46)
Аллах Куранда
билдирген бул маалыматтын тууралыгы генетика жана микробиология илимдеринин
өнүгүшү менен бирге илимий жактан да далилденди. Жыныстын толугу менен эркектен
келген сперма клеткалары тарабынан аныкталаары, аялдын болсо буга эч кандай
таасиринин жок экендиги белгилүү болду.
Жыныстын аныкталышы
хромосомалардын көз-каранды. Адамдын дене түзүлүшүн аныктаган 46 хромосоманын
экөөсү жыныстык хромосома деп аталат. Бул эки хромосома эркекте ХҮ, аялда болсо
ХХ деп белгиленет. Анын себеби бул хромосомалар ушул тамгаларга окшошот. Ү
хромосомасы эркектик, Х хромосомасы болсо аялдык гендерди камтыйт.
Адамдын калыптанышы
эркек менен аялда жуп түрүндө орун алган бул хромосомалардын бир дааналарынын
биригишинен башталат. Аялда овуляция учурунда экиге бөлүнгөн жыныстык клетканын
экөөсүндө тең Х хромосомасы болот. Ал эми эркекте экиге бөлүнгөн жыныстык
клеткадан Х жана Ү хромосомаларын камтыган эки түрдүү сперма пайда болот. Аялдагы
Х хромосомасы эгер эркектеги Х хромосомасын камтыган сперма менен бириксе,
төрөлө турган наристе кыз болот. Эгер Ү хромосомасын камтыган сперма менен
бириксе, анда төрөлө турган наристе эркек болот.
Башкача айтканда,
наристенин жынысы эркектеги хромосомалардын кайсынысынын аялдын энелик клеткасы
менен биригээринен көз-каранды.
Албетте, генетика
илими пайда болгонго чейин, т.а. 20-кылымга чейин булар тууралуу эч кандай
маалымат жок болчу. Тескерисинче, көп элдерде төрөлө турган наристенин жынысы
аялдын денеси тарабынан аныкталат деген ишеним кеңири тараган эле. Ал тургай,
ушул себептен кыз төрөгөн аялдар сынга кабылчу.
Бирок Куранда
адамдарга гендер ачылаардан 13 кылым мурда бул негизсиз ишенимди четке каккан
бир маалымат берилип, жыныстын булагы аял эмес, эркектен келген урук суюктугу
экендиги билдирилген.
| Жыныстын аныкталышы хромосомалардын көз-каранды |
Жатынга асылып карманган «алак»
Аллах адамдын пайда болушу тууралуу билдирген маалыматтарды талдоону улантканыбызда, абдан маанилүү башка илимий кереметтерди да көрөбүз.Эркектен келген сперма менен аялдагы энелик клетка бириккенде, төрөлө турган наристенин алгачкы маңызы пайда болот. Биологияда «зигота» деп аталган ал жалгыз клетка эч убакыт жоготпостон, бөлүнүп көбөйө баштайт жана акырындап кичинекей «этке» айланат.
Бирок зигота бош
көңдөйдө чоңойбойт. Жатындын капталына асылып карманат. Ал жерге узарып топуракка
сүңгүгөн тамырларга окшоп жабышат. Ошентип ал байланыш аркылуу өрчүүгө керектүү
заттарды эненин денесинен соро алат.
Ушул жерде Курандын
абдан маанилүү бир кереметин көрөбүз. Аллах Куранда жатынга жабышып өрчүй
баштаган зигота тууралуу сөз кылганда, «алак» деген сөздү колдонот:
Жараткан Раббиңдин аты
менен оку. Ал адамды бир «алактан» жаратты. Оку, Раббиң эң улуу берешен (Зат).
(Алак Сүрөсү, 1-3)
«Алак» деген сөз
араб тилинде «бир жерге асылып карманган нерсе» деген мааниге келет. Ал тургай, бул сөз негизи териге жабышып,
ал жерден кан соргон сүлүктөрдү билдирет.
Жатында өрчүп
жаткан зиготанын ушул өзгөчөлүгүнө ишарат кылган бир сөздүн колдонулушу,
албетте, Куранды ааламдардын Рабби Аллахтын түшүргөндүгүн дагы бир жолу
далилдейт.
Сөөктөрдүн булчуң менен оролушу
Курандын аяттарында
кабар берилген дагы бир маанилүү маалымат – бул адамдын жатындагы өрчүү
баскычтары. Аяттарда жатында алгач сөөктөрдүн пайда болоору, андан соң
булчуңдар пайда болуп, ал сөөктөрдү ороору билдирилет:
Кийин ал суу тамчысын
бир алак (клетка жыйындысы) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык;
андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик;
андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах
кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 14)
| "Ошентип сөөктөргө эт кийгиздик..." (Мүминун Сүрөсү, 14) |
Жатындагы өрчүүнү
изилдеген илим тармагы эмбриология деп аталат. Жана эмбриология тармагында
жакын убакка чейин сөөктөр менен булчуңдар чогуу пайда болуп өрчүйт деп эсептелип
келген. Ушул себептен кээ бирлер көпкө чейин бул аяттар илимге карама-каршы
келет деп айтып келишкен. Бирок технология өнүккөн соң жүргүзүлгөн тереңирээк
микроскопиялык изилдөөлөр Куранда айтылган маалыматтын толугу менен туура
экенин тастыктады.
Микроскопиялык
изилдөөлөр жатындагы өрчүүнүн дал аяттарда сүрөттөлгөндөй ишке ашаарын
көрсөттү. Алгач эмбриондогу кемирчек кыртыш сөөккө айланат. Андан соң
сөөктөрдүн айланасындагы кыртыштан булчуң клеткалары тандалып, бириктирилет
жана ал сөөктөрдү оройт.
Бул процесс «Developing Human», б.а.
«Өрчүп жаткан адам» аттуу илимий булакта төмөнкүчө сүрөттөлөт:
6-жумада кемирчекке
айлануунун уландысы катары алгачкы сөөккө айлануу процесси акырек сөөгүндө
келип чыгат. 7-жуманын аягында узун сөөктөрдө да сөөккө айлануу башталат.
Сөөктөр калыптанууну улантып жатканда, сөөктү ороп турган кыртыштан булчуң
клеткалары тандалып, булчуң массасын пайда кылышат. Ошентип булчуң кыртышы
сөөктүн айланасында алдыңкы жана арткы булчуң топторуна бөлүнөт.50
Кыскасы, адамдын
Куранда сүрөттөлгөн өрчүү баскычтары заманбап эмбриологиянын ачылыштарына толук
дал келет.
Наристенин жатындагы үч баскычы
Куранда адамдын
жатында үч баскычта жаратылаары кабар берилет:
... Силерди энелериңердин курсактарында, үч караңгылык ичинде
бир жаратылыштан соң (башка бир) жаратылышка (айлантып) жаратууда. Раббиңер Аллах
мына ушул, мүлк Аныкы. Андан башка кудай жок. Ошого карабастан, кантип бурулуп
(адашып) жатасыңар? (Зүмер Сүрөсү, 6)
Көңүл бурулган
болсо, аятта адамдын эненин курсагында бири-биринен айырмалуу үч баскычта пайда
болооруна ишарат кылынууда.
Чындап эле бүгүнкү
күндө заманбап биология наристенин эненин курсагындагы эмбриологиялык өрчүшүнүн
үч баскычта болоорун көрсөттү. Учурда медицина факультеттеринде окуу китеби
катары окутулган бардык эмбриология китептеринде бул жагдай эң негизги
маалыматтардын арасында орун алат. Мисалы, эмбриология тууралуу негизги
китептердин бири болуп эсептелген «Basic Human
Embryology» аттуу китепте бул төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Жатындагы жашоо 3
БАСКЫЧТАН турат; преэмбрионалдык (алгачкы 2,5 жума), эмбрионалдык (8-жуманын аягына
чейин) жана феталдык (8-жумадан төрөлгөнгө чейин).51
Медицинада
«триместр», б.а. «үч мөөнөт» деп да айтылган бул баскычтар наристенин ар башка
өрчүү баскычтарын камтыйт. Бул үч өрчүү баскычынын негизги өзгөчөлүктөрү
кыскача төмөнкүдөй:
- преэмбрионалдык
баскыч:
Көбүнчө «биринчи
триместр» деп айтылган бул алгачкы баскычта зигота бөлүнүп көбөйөт жана бир
клетка жыйындысына айланган соң, жатындын капталына сүңгүп жайгашат. Клеткалар
көбөйүүнү улантып, 3 катмарга бөлүнүп топтолушат.
- эмбрионалдык
баскыч:
«Экинчи триместр»
деп аталган экинчи баскыч жалпысынан 5,5 жумага созулат жана бул мөөнөттө
жандуу «эмбрион» деп айтылат. Бул баскычта клетка катмарларынан дененин негизги
орган жана системалары пайда болот.
- феталдык баскыч:
Кош бойлуулуктун
«үчүнчү триместри» деп аталган баскычка өткөндө, эмбрион «түйүлдүк» деп атала
баштайт. Бул мөөнөт кош бойлуулуктун сегизинчи жумасынан башталып, төрөткө
чейин уланат. Мурдакы баскычтан айырмасы, бул баскычта жүзү, колдору жана
буттары пайда болуп, тышкы көрүнүшү адамга окшошуп калат. Бул мөөнөттүн башында
бою 3 см болгонуна карабастан, бардык органдары бар болот. Бул 30 жумалык
мөөнөттүн өзгөчөлүгү, төрөт жумасына чейин түйүлдүк чоңоюп, дене мүчөлөрүнүн
катыштары өзгөрөт.
Жатындагы өрчүүгө
байланыштуу бул маалыматтар заманбап технологиялык каражаттар менен жүргүзүлгөн
байкоолордон гана алынган. Бирок көрүнүп тургандай, бул маалыматтар да, башка
көптөгөн илимий акыйкаттар сыяктуу, Курандын аяттарында кереметтүү түрдө кабар
берилген. Адамзаттын медицина тууралуу эч кандай тереңирээк маалыматы болбогон
бир доордо Куранда ушунчалык терең жана туура маалыматтардын берилгени,
албетте, Курандын Аллахтын сөзү экендигинин апачык бир далили.
Эненин сүтү
Эненин сүтү – Аллах
наристенин азык муктаждыктарын кемчиликсиз камсыздоо жана наристени ыктымалдуу
инфекциялардан коргоо үчүн жараткан теңдешсиз аралашма. Учурдагы технология
менен даярдалган балдардын азыктары да бул кереметтүү азыкка тең келе албайт.
Эненин сүтүнүн
наристеге болгон пайдалары тууралуу күн өткөн сайын жаңы ачылыштар жасалууда.
Илим тарабынан бул багытта жаңы ачылган акыйкаттардын бири наристенин энесин 2
жыл эмишинин абдан пайда болоорун көрсөттү. Илимде жаңы гана ачылган бул
маалыматты Аллах бизге «...Анын (сүттөн) чыгышы эки жылдын ичинде...» (Локман
Сүрөсү, 14) деген аят аркылуу 14 кылым мурда кабар берген.
Жыйынтык
Бул жерде каралган
маалыматтардын баары бизге бир апачык чындыкты көрсөтүүдө: Куран ушундай
кереметтүү бир китеп, ичинде билдирилген кабарлардын баары туура чыкты жана ал
кезде бир дагы адам билбеген акыйкаттар аяттарда кабар берилген. Албетте, бул
Курандын бир адамдын сөзү эмес экендигинин апачык далили. Куран – бүт нерсени
жоктон жараткан жана илими менен бүт баарын курчап турган Улуу Аллахтын сөзү.
Аллах бир аятында
Куран тууралуу «эгер ал Аллахтан башкасынын кабатынан болгондо, шек жок ичинде көптөгөн
карама-каршылыктарды (дал келбестиктерди) табышмак» (Ниса Сүрөсү, 82) деп
билдирет. Куранда бир дагы карама-каршылык жок жана ичиндеги ар бир маалымат
күн өткөн сайын бул Ыйык Китептин жаңы кереметтерин көрсөтүүдө. Адамдын милдети
болсо – Аллах түшүргөн бул Ыйык Китепти бекем кармануу жана аны өзүнө жол башчы
кылып кабыл алуу. Аллах бир аятында бизге мындай дейт:
Бул (Биз) түшүргөн куттуу бир Китеп. Демек Аны ээрчигиле жана
коркуп-тартынгыла. (Балким) Ырайымга жетээрсиңер. (Энъам Сүрөсү, 155)
Булактар:
46 General Science, Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe; Allyn and Bacon Inc. Newton, Massachusetts, ss. 319-322
47 http://southport.jpl.nasa.gov/ scienceapps/dixon/report6.html
48 Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe; General Science, Allyn and Bacon Inc. Newton, Massachusetts, pp. 305-306
49 Powers of Nature, National Geographic Society, Washington D.C., 1978, s.12-13
50 Moore, Developing Human, 6. baskı, 1998
51 Williams P., Basic Human Embryology, 3rd. edition, 1984, s. 64, Rex D.Russell, Design in Infant Nutrition, http://www.icr.org/pubs/imp259.htm
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder