Илим дегенде
айланабыздагы материалдык дүйнөнү эксперимент жана байкоо аркылуу изилдөөнү
түшүнөбүз. Албетте, илим бул изилдөөнү жүргүзгөндө, эксперимент жана байкоо
аркылуу алган маалыматтарына таянып, ошол маалыматтардын негизинде жыйынтык
чыгарат. Бирок, мындан тышкары, ар бир илим тармагында изилдөөдөн мурда кабыл
алынган кээ бир негизги критерийлер бар. Ал критерийлер жалпысынан илимий тилде
«парадигма» деп аталат.
Бул пайдубал
жүргүзүлө турган илимий изилдөөлөрдүн «багытын» белгилейт. Белгилүү болгондой,
илимий изилдөөлөрдө алгачкы кадам «гипотеза» белгилөөдөн башталат. Илимпоздор
изилдене турган тема тууралуу башында бир гипотеза (көз-караш) чыгарышат. Андан
соң ал гипотеза илимий маалыматтар менен текшерилет. Эгер эксперименттер менен
байкоолор гипотезаны тастыктаса, анда гипотеза «далилденген принцип же мыйзам»
деп аталат. Эгер гипотеза четке кагылса, анда башка гипотезалар текшерилет жана
ошентип бул процесс уланат.
Көңүл бурулган болсо,
бул процесстин алгачкы баскычы болгон гипотезанын белгилениши илимпоздор
тарабынан кабыл алынган түпкүрүндө туура эмес болгон көз-караш менен байланыштуу.
Мисалы, илимпоздор туура эмес көз-карашынан улам «зат кандайдыр бир аң-сезимдүү
түрдө жөнгө салынбастан, өзүн-өзү жөнгө салууга умтулат» деген гипотеза менен
жолго чыгышы мүмкүн. Андан соң бул гипотезаны тастыктоо үчүн көп жылдар бою, көптөгөн
изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бирок заттын мындай касиети жок жана ошондуктан
алардын аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт. Ал тургай, эгер илимпоздор бул
гипотезадан баш тарткылары келбесе, изилдөөлөр көп жылдар, ал тургай, көп
муундар бою улантылышы мүмкүн. Аягында абдан көп убакыт жана каражат текке
кеткен болот. Эгер башында «зат кандайдыр бир аң-сезим тарабынан жөнгө
салынбаса, өзүн-өзү жөнгө сала албайт» деген гипотезадан жолго чыгышса, илимий
изилдөөлөр абдан тез жана натыйжалуу болот.
Көңүл бурулган болсо,
бул жагдай, б.а. гипотезаны туура белгилөө илимий маалыматтардан башка булакты
талап кылат. Ал булакты туура аныктоо абдан маанилүү, анткени жогорудагы
мисалдан көрүнүп тургандай, булактын туура эмес белгилениши илим дүйнөсүнүн
жылдарын, ондогон жылдарын, ал тургай, кылымдарын текке кетириши мүмкүн.
Бул булак Аллахтын
адамдарга жиберген вахийи. Себеби Аллах ааламдын жана бардык жандыктардын
жаратуучусу, ошондуктан буларга байланыштуу эң туура жана эң так маалымат –
Аллахтан келген маалымат. Аллах Куранда бул нерселер тууралуу бизге маанилүү
маалыматтарды берет. Алардын эң белгилүүлөрү төмөнкүдөй:
1) Ааламды Аллах
жоктон жараткан. Бүт баары бир максат менен жаратылган. Ошондуктан табиятта
жана бүт ааламда кокустуктарга таянган бир хаос эмес, жаратылган кемчиликсиз
бир тартип бар.
2) Заттык ааламдын,
өзгөчө биз жашап жаткан жер планетасынын бардык өзгөчөлүктөрү атайын адамзаттын
жашоосуна ылайыктуу кылып пландалган. Жылдыздардын жана планеталардын
кыймылдарында, жер жүзүнүн формаларында, суунун жана атмосферанын
өзгөчөлүктөрүндө адамзаттын жашоосуна шарт түзгөн белгилүү бир максат бар.
3) Жандыктардын
бардык түрлөрүн Аллах жараткан. Ошондой эле, бал аарылар мисалында
билдирилгендей, жандыктар кыймыл-аракеттерин да Аллахтан келген атайын илхам
менен жасашат.
Булар Аллах Куран
аркылуу бизге үйрөткөн абсолюттук чындыктар. Бул чындыктарга таянган илим
түшүнүгү да, албетте, өтө чоң ийгиликке жетип, адамзатка абдан жемиштүү кызмат
кылат. Тарыхта мунун ачык мисалдары бар. Мусулман илимпоздордун 9-10-кылымдарда
дүйнөнүн эң алдыңкы маданияттарына жол көрсөтүп, маанилүү ийгиликтерге жетишине
илимдин жогоруда айтылган туура пайдубалга таяндырылышы себеп болгон. Батышта
да физика, химия, астрономия, биология, палеонтология сыяктуу илим
тармактарынын бардык алгачкы өкүлдөрү Аллахтын бар экенине ишенген жана Анын
жараткан нерселерин изилдөө максатында иш-аракеттерди жүргүзгөн улуу илимпоздор
болушкан.
Эйнштейн адамдардын
максаттарын аныктоодо диний акыйкаттарга таянышы керек экенин төмөнкүчө
белгилеген:
Адамдын чыныгы
максатын дин аныктайт. Бирок кайсы куралдардын колдонулаарына байланыштуу
илимдин да айта турган нерселери бар. Илим чындыкка толук жетүүнү каалагандар
тарабынан калыптандырылып, белгилүү алкактарга таянат. Бирок түпкүрүндө анын
булагында да негизинен кайра эле дин турат. Мен терең ыйманы болбогон кандайдыр
бир илимпозду элестете албайм.6
Бирок 19-кылымдын
ортолорунан баштап илим дүйнөсү Жараткандын бул пайдубалынан алыстап,
материалисттик философиянын таасири астында калган. Материализм – тарыхы
Байыркы Грецияга чейин созулган бир көз-караш. Затты абсолюттук нерсе деп кабыл
алат жана Аллахты четке кагат.
Материализм бул
көз-караштарын акырындап илим дүйнөсүнө кабыл алдырган жана 19-кылымдын экинчи
жарымынан баштап илимий изилдөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү ушул көз-караштарды
колдоого арналган. Бул максатта «аалам түбөлүктөн бери бар» деп кабыл алган
«түбөлүктүү аалам модели», «жандыктар кокусунан пайда болгон» деген ойду
жактаган Дарвиндин эволюция теориясы, «адамдын аң-сезими мээден гана турат»
деген Фрейддин көз-караштары жана ушул сыяктуу теориялар чыгарылган.
Бирок бүгүн артка
бурулуп караганыбызда материализмдин бул көз-караштарынын илимге бир гана
убакыт жоготтурганын көрөбүз. Анткени бул көз-караштардын ар бирин далилдөө
үчүн ондогон жылдар бою сансыз илимпоздор аракет кылган, бирок алынган
жыйынтыктар бул көз-караштардын жараксыздыгын көрсөткөн. Илимий жыйынтыктар,
Аллах Куранда кабар бергендей, ааламдын жоктон жаратылганын, адамзаттын
жашоосун көздөгөн бир максатка ылайык пландалганын, жандыктардын эч качан
кокусунан пайда болуп, эволюцияланбай турганын далилдеген.
Эми бул акыйкаттарды
бир-бирден карайлы.
Материалисттердин «түбөлүктүү аалам» көз-карашы аркылуу илимге тийгизген зыяндары
20-кылымдын баштарына
чейин материалисттер өкүмчүлүк кылган илим дүйнөсүндө «ааламдын көлөмү чексиз,
түбөлүктөн бери бар жана түбөлүккө чейин жок болбойт» деген көз-караш кеңири
тараган. «Статикалык аалам модели» деп аталган бул ишеним «ааламдын башталышы
жана аягы жок жана аалам чексиз заттардын жыйындысы» деп эсептеген.
Материалисттик философиянын пайдубалын түзгөн бул көз-караш ааламдын
жаратылганын да четке каккан.
Материализмге ишенген
же бул философиянын таасири астында калган көптөгөн илимпоздор бул «чексиз
аалам» моделин илимий изилдөөлөрүндө негиз тутушкан. Астрономия жана физика
тармактарындагы бардык изилдөөлөр «зат түбөлүктөн бери бар» деген гипотезага
таянган. Кыскасы, сансыз илимпоздор көп жылдар бою мээнети текке кетип,
чарчаган. Анткени илим көп өтпөй бул жомокторду четке каккан.
Чексиз аалам
моделинин туура эместигин сезип, ага илимий альтернатива сунуштаган алгачкы
киши бельгиялык илимпоз Жорж Леметр болгон. Леметр орус илимпоз Александр Фридмандын
кээ бир эсептөөлөрүнө таянып, «ааламдын чындыгында бир башталышы бар жана ошол
башталышынан бери тынымсыз кеңейип баратат» деген ойду айткан. Ошондой эле,
ошол башталыш учурунан калган радиацияны да аныктоого болот деп белгилеген.
Бул жерде Жорж
Леметрдин ошол эле учурда дин кызматчысы болгондугун да белгилөө керек. Леметр
«ааламды Аллахтын жоктон жаратканына» чын жүрөктөн ишенген. Башкача айтканда,
илимге материалисттерден такыр башка бир пайдубалдын негизинде караган.
Алдыдагы жылдар
Леметр ишенген пайдубалдын тууралыгын тастыктаган. Биринчи болуп америкалык
астроном Эдвин Хаббл эбегейсиз чоң телескопту колдонуп, жылдыздардын бизден да,
бири-биринен да тынымсыз алыстап баратканын ачкан. Ааламда бүт баары
бири-биринен алыстап баратса, демек ал бир гана жыйынтыкты көрсөтөт: аалам
кеңейип баратат, б.а. материалисттер айткандай туруктуу, же болбосо өзгөрүүсүз
эмес.
Ааламдын туруктуу
боло албашын негизи Альберт Эйнштейн андан мурда теориялык жактан эсептеп
тапкан. Бирок ал эсептөөлөрдөн алынган жыйынтыктар ошол кездеги туруктуу аалам
моделине туура келбегени үчүн, бул ачылышына басым жасабай, четке таштап
койгон. Эйнштейндей кылымдын эң улуу генийи деп эсептелген бир илимпоз дагы
материалисттик догманын таасиринде калып, бул маанилүү ачылышын жарыялаган
эмес. Эйнштейн кийин бул окуяны «карьерамдын эң чоң катасы» деп атаган.
Ааламдын кеңейип
жатышы дагы бир маанилүү чындыкты көрсөткөн: эгер аалам кеңейип жаткан болсо,
демек убакыт менен артты көздөй барсак, аалам бир чекиттен кеңейип баштаган.
Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде ал чекиттин көлөмүнүн нөл болушу керек
экени аныкталган. Аалам ошол чекиттин жарылышынан келип чыккан. Ал жарылуу «Big Bang» (Биг Бенг), б.а. «Чоң жарылуу» деп аталып калган.
Негизи «көлөмү нөл
болгон бир чекит» деген түшүнүк теорияда гана колдонулат. Анткени көлөмү нөл
деген түшүнүк «жоктукту» билдирет. Башкача айтканда, аалам жоктон бар болгон.
Тагыраак айтканда, «жоктон жаратылган».
Чоң жарылуу теориясы
ааламдын жоктон жаратылганын апачык көрсөткөн. Бирок бул теория кабыл алынышы
үчүн илимий далилдер керек болгон. 1948-жылы Георгий Гамов эгер аалам чоң
жарылуудан келип чыккан болсо, анда Леметр да белгилегендей, ааламда ал
жарылуудан калган бир радиациянын болоорун жана ал радиациянын ааламдын бүт
тарабында бирдей өлчөмдө тарашы керек экенин айткан.
Гамов айткан бул
далил кыска убакытта табылган. 1965-жылы Арно Пензиас жана Роберт Уилсон аттуу
эки изилдөөчү бул радиация калдыктарын аныкташкан. «Космостук фон радиациясы»
деп аталган бул нурдануу белгилүү бир булактан чыкпастан, ааламдын бүт тарабына
тараган бир радиация болгон. Ошентип көп убакыттан бери ааламдын бүт тарабынан
бирдей өлчөмдө алынган нурдануунун Чоң жарылуунун алгачкы мезгилдеринен
калгандыгы аныкталган. Пензиас менен Уилсон бул ачылышы үчүн Нобель сыйлыгына
ээ болушкан.
1989-жылы Америка
космостук изилдөөлөр башкармалыгы (NASA) космостук фон радиациясын изилдөө үчүн космоско COBE спутнигин жиберген. Бул өнүккөн спутникке орнотулган
абдан так сканерлер Пензиас менен Уилсондун жыйынтыктарын бир канча мүнөттө
тастыктаган.
Ааламды Аллахтын «Чоң
жарылуу» аркылуу жоктон жараткандыгынын бул далилдер аркылуу тастыкталышы
материалист илимпоздорду нес кылган. Анткени канча жылдык эмгектеринин,
чыгарган көз-караштарынын, жараксыз теорияларынын бир-бирден кулаганына күбө
болушкан. Белгилүү атеист философ Энтони Флю бул тууралуу ойлорун төмөнкүчө билдирген:
Моюнга алуу адамдын маанайына
жакшы таасир берет дешет. Мен да бир нерсени моюнга аламын: Чоң жарылуу модели бир
атеистке абдан азап берет. Себеби илим диний булактар тарабынан жакталган бир көз-карашты
далилдеди: ааламдын бир башталышы бар деген көз-карашты. Мен дагы эле атеизмге
ишенем, бирок Чоң жарылуунун алдында муну жактоонун көп оңой болбошун моюнга
алышым керек.7
Бул мисалдан көрүнүп
тургандай, материализмге эч далилсиз жабышкан кээ бир адамдар канчалаган илимий
далилдерди көрүшсө да, аларды кабыл алгылары келбейт. Ал тургай, бул чындыкты моюнга
алган күндө дагы, материализмден баш тарта алышпайт.
Ал эми өзүн Аллахтын
бар экенин жокко чыгарууга мажбурлабаган көптөгөн илимпоздор болсо ааламды
чексиз кудуреттүү Аллахтын жаратканын кабыл алышууда. Мисалы, Чоң жарылуу (Биг
Бенг) тууралуу изилдөөлөрү менен белгилүү, америкалык илимпоз Уильям Лейн Крейг
бул жөнүндө мындай дейт:
Чындыгында «жоктуктан
бир гана жоктук келип чыгат» деген эрежеге ылайык, Чоң жарылуунун табияттан
жогору турган бир себеби болушу шарт. Жарылуудан мурдакы жалгыздык ар кандай
убакыт-мейкиндик түшүнүктөрүнүн бүткөн чеги, демек Чоң жарылуунун физикалык бир
себептен келип чыгышы мүмкүн эмес. Тескерисинче, Чоң жарылуунун себеби
физикалык космостон жана убакыттан жогору, ааламдан бүтүндөй көз-карандысыз
жана эбегейсиз кудуреттүү болушу шарт... Ошондой эле, ал себеп өзүнүн
көз-карандысыз эрки бар, аң-сезимдүү бир зат болушу керек... Ошондуктан
ааламдын келип чыгышынын себеби – ааламды бир гана өзүнүн эрки менен белгилүү
бир убакыт мурда жараткан бир Жаратуучу.8
Чоң жарылуу теориясынын
бизге көрсөткөн маанилүү бир жыйынтыгы, жогоруда да айтылгандай, Жаратуучунун
булактарына таянган илим түшүнүгүнүн ааламдын сырларын чечүүдө абдан ийгиликтүү
болоору. Материалисттик философияга ишенген илимпоздор «чексиз аалам» моделин
чыгарышкан, бирок бардык аракеттерине карабастан, ал теорияны сактап кала алышкан
эмес. Жорж Леметрдин диний булактарга таянып иштеп чыккан Чоң жарылуу теориясы
болсо илимге жол көрсөтүп, ааламдын чыныгы келип чыгуу себебин түшүнүүгө шарт
түзгөн. 20-кылымдагы илимдин тарыхынан ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн башка
тармактарда да орун алганын көрүүгө болот.
«Ааламда долбоор жок» деген көз-караштын илимге тийгизген зыяндары
Материалисттер «аалам
түбөлүктөн бери бар» дешет жана, ошондой эле, «ааламда кандайдыр бир максат
жана долбоор жок» деген көз-карашты жакташат. Ааламдагы бардык тең салмактуулуктар,
гармония жана шайкештиктер бир гана кокустуктардан келип чыккан дешет. Бул
көз-караштар да 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк
кылып, илимий иштерге багыт берген.
Мисалы, ааламда
долбоор жок экенин көрсөтүү максатында «хаос теориясы» аттуу бир гипотеза
чыгарылган. Бул теория боюнча, хаостон (башаламандыктан) өзүнөн-өзү тартип
келип чыгышы мүмкүн деп айтылган жана аны далилдөө үчүн сансыз илимий иштер
жасалган. Математикалык эсептөөлөр, теориялык физика изилдөөлөрү, физикалык
эксперименттер жана химиялык изилдөөлөр бир гана «ааламдын хаостон келип
чыкканын кантип көрсөтүүгө болот» деген суроого жооп табуу үчүн жүргүзүлгөн.
Бирок ар бир изилдөө
хаос жана кокустук гипотезаларын четке кагып, чындыгында ааламда абдан улуу бир
долбоор бар экенин көрсөткөн. Өзгөчө 1960-жылдардан баштап илимий изилдөөлөр
ааламдагы бардык физикалык тең салмактуулуктардын адамзаттын жашоосу үчүн абдан
кылдат жөнгө салынганын көрсөтүүдө. Изилдөөлөр тереңдеген сайын, ааламдагы
физика, химия жана биология мыйзамдарынын, тартылуу күчү, электромагниттик күч
сыяктуу негизги күчтөрдүн, атомдордун жана элементтердин бардык түзүлүштөрүнүн
адамзаттын жашоосуна эң ыңгайлуу кылып белгиленгени аныкталган.
Батыш илимпоздору бул
кереметтүү долбоорду «антроптук принцип» (anthropic principle) деп аташууда. Бул
принцип боюнча, ааламдагы ар бир өзгөчөлүк адамзаттын жашоосу үчүн
долбоорлонгон.
Ошентип
материалисттик философия тарабынан илим дүйнөсүнө таңууланган «аалам эч бир
максаты жана мааниси жок заттардын жыйындысы, башаламан кокустуктардан турат»
деген түшүнүгүнүн чындыгында илимге туура келбеген бир жомок экендиги
аныкталган. Белгилүү молекулярдык биолог Майкл Дентон «Nature's Destiny: How the Laws of Biology Reveal Purpose in the Universe» (Табияттын тагдыры: биология мыйзамдары ааламдагы максатты кандайча көрсөтүүдө)
аттуу китебинде бул тууралуу мындай дейт:
20-кылымдын
астрономиялык ачылыштары өткөн төрт кылымда илимий чөйрөлөрдө кеңири кабыл
алынган бир гипотезага каршы олуттуу баш көтөрүүдө. Ал гипотеза «жашоо ааламдын
ичинде кокусунан келип чыккан, маанисиз бир түшүнүк» деген ойду жактайт...
Заманбап космологиянын жана физиканын ачкан далилдери негизи 17-кылымдагы
табигый теологиянын жактоочулары издеп, бирок ал кездеги илим деңгээлинде таба
албаган далилдер.9
Бул жерде «табигый
теологиянын жактоочулары» деп 17-18-кылымдарда жашаган жана илимий далилдерге
таянып атеизмди жокко чыгарууну жана Аллахтын бар экенин далилдөөнү көздөгөн
динчил илимпоздор тууралуу айтылган. Бирок, бул жерде айтылгандай, ошол кезде илим
деңгээлинин төмөн болушу ал илимпоздордун жетиштүү далил көрсөтө албашына себеп
болгон жана материализм ошол примитивдүү илим деңгээлинде күчтөнүп, 19-кылымда
илим дүйнөсүнө өкүмчүлүк кылган. Бирок 20-кылымда илим бул процессти тескериге
айланткан жана ааламды Аллахтын жараткандыгын көрсөткөн апачык далилдерди көз
алдыга тартуулаган.
Бул жерде «ааламда
кандайдыр бир максат жана долбоор жок» деген материалисттик жомоктордун илим
дүйнөсүнө канча убакыт жоготтурганын баса белгилөө керек. Бул жомокту колдоо
максатында чыгарылган бардык теориялар, формулалар, теориялык физика
тармагындагы изилдөөлөр, математикалык теңдемелер жана башка аракеттердин баары
текке кеткен. Фашисттик идеология Экинчи дүйнөлүк согушту чыгарып, бүткүл
адамзатты бүлгүнгө салгандай, материалисттик идеология да илим дүйнөсүн
майнапсыз караңгылыкка түрткөн.
Эгер илим дүйнөсү
материализмдин ордуна, «ааламды Аллах жараткан» деген акыйкатка таянганда,
илимий изилдөөлөр да ошол багытта жүргүзүлмөк.
Эволюция теориясын далилдөөнү көздөгөн үмүтсүз аракеттердин илимге тийгизген зыяндары
Илимдин туура эмес
пайдубалга таяндырылышынын эң ачык мисалын Дарвиндин эволюция теориясынан
көрүүгө болот. 140 жыл мурда илим дүйнөсүндө пайда болгон бул теорияны
чындыгында бүт илим тарыхынын эң чоң жаңылыштыгы деп айтууга болот.
Эволюция теориясы
«тирүү организмдер кокустуктардын натыйжасында кээ бир жансыз заттардын
биригишинен келип чыккан» дейт. Ошондой эле, бул көз-караш боюнча, кокусунан
пайда болгон ал организмдер кайра эле кокусунан эволюцияга дуушар болуп, башка
жандыктарга айланган. Бул сценарийди далилдөө үчүн бир жарым кылымдан бери
абдан көп аракеттер жасалууда, бирок илимий далилдердин баары теорияга каршы
чыгууда. Табылган далилдердин баары эволюциянын эч качан болбогонун,
жандыктардын акырындап бири-бирине айланбаганын, бардык организм түрлөрүнүн
өз-өзүнчө жана азыркыдай көрүнүштө жаратылганын көрсөтүүдө.
Бирок канчалаган
апачык далилдерге карабастан, эволюционисттер эволюция теориясын далилдөө үчүн
сансыз изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жасап, бир гана жомоктордон жана
жалгандардан турган том томдук китептерди жазышууда жана институттарды ачып,
конференцияларды өткөрүп, телепрограммаларды даярдашууда. Чындыкка сыйбаган бир
теория үчүн миңдеген илимпоздун, эсепсиз акчанын жана каражаттардын текке
кетиши адамзат үчүн абдан чоң бир жоготуу. Ошол мүмкүнчүлүктөрдүн баары эгер
туура багытта колдонулганда, бүгүнкү күнгө чейин илимдин пайдалуу тармактарында
абдан маанилүү кадамдар жасалып, так жыйынтыктар алынышы мүмкүн эле.
Кээ бир илимпоздор же
ойчулдар эволюциянын канчалык чоң жаңылыштык экенин көрүшүүдө. Мисалы,
америкалык философ Малкольм Маггеридж бул тууралуу мындай дейт:
Мен өзүм эволюция теориясынын
келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим.
Келечек урпактар мынчалык негизсиз жана белгисиз бир гипотезанын кантип кабыл алынганына
таң калышат.10
Скандинавиялык окумуштуу Сорен Лёвтруп болсо «Darwinism: The
Refutation of a Myth» (Дарвинизм: бир жомоктун
кыйратылышы) аттуу китебинде мындай дейт:
Менимче, бүтүндөй бир
илим тармагынын туура эмес теориядан көз-каранды болуп калышынын өтө чоң каражолтойлук
болоорун ар бир адам кабыл алса керек. Бирок биология дал ушундай абалда: көп
убакыттан бери адамдар эволюция темасын дарвинисттик түшүнүктөр менен талкуулап
келишүүдө, «адаптация», «тандалуу басымы» же «табигый тандалуу» деген сыяктуу
түшүнүктөр менен. Андан соң мындай талкуулар аркылуу табигый окуялардын
чечмеленишине салым кошуп жатабыз деп ойлошууда. Бирок чындыгында эч кандай
салым кошушкан жок... Дарвинизм жомогунун бир күнү илим тарыхынын эң чоң калпы
деп аталаарына ишенем.11
Кээ бир эволюционист
илимпоздор да өздөрү жактаган теориянын чындыкка туура келбегенин сезип, ага
абдан тынчсызданышууда. Мисалы, эволюционист илимпоз Пол Р. Эрлих «Science» журналындагы бир маегинде «бүгүнкү күндө эволюция
теориясын бир догма катары түбөлүктөө дүйнө тууралуу дагы да канааттандырарлык
түшүндүрмөлөрдү жасаганга жолтоо болот»12 деп, эволюция теориясына далилсиз ишенүүнүн
илимге тийгизген зыяндарын кыйыр түрдө болсо да кабыл алган.
Эми эволюция
теориясынын илимге каршы көз-караштарын колдоо үчүн жасалган жана иш жүзүндө
илимдин бир гана убакыт жана каражаттарын текке кетирген аракеттерди карайлы.
«Жансыз зат жашоону пайда кылышы мүмкүн» деген көз-караштын илимге тийгизген зыяндары
Жашоонун булагы эмне?
Бир канаттууну же жирафты таштан, суудан, топурактан, кыскасы, жансыз заттан
эмне айырмалайт?
Бул суроонун жообу
тарыхтын байыркы доорлорунан бери кызыктырып келген. Бул жөнүндө келип чыккан
көз-караштар эки негизги пайдубалга таянат. Биринчи көз-караш «жандыктар менен
жансыз заттардын ортосунда кичинекей чек ара бар, андан оңой эле өтүүгө болот
жана жансыз зат өзүнөн-өзү жандана алат» дейт. Бул көз-караш илимий тилде «абиогенез»
деп аталат.
Экинчи көз-караш
болсо, «жандыктар менен жансыз заттардын ортосунда чоң жана ашып өткүс бир чек
ара бар» деп кабыл алат. Жансыз зат эч качан өзүнөн-өзү жандана албайт жана ар
бир жандык башка жандыктан гана туулат. Кыскача «жашоо жашоодон келип чыгат»
деп сүрөттөлгөн бул көз-караш «биогенез» деп аталат.
Кызыгы, «абиогенез»
көз-карашы материалисттик философия менен, «биогенез» көз-карашы болсо диний
булактар менен байланышта. Материалисттик философия эң башынан бери «жансыз зат
жандана алат» деген көз-карашты жактап келген. Байыркы Грециядагы ойчулдар
жөнөкөй организмдер жансыз заттын ичинен тынымсыз пайда болуп турат деп
ишенишкен.
Ал эми Жараткандан
келген булактар болсо затка бир гана Аллахтын жашоо берээрин кабар берет. Курандын
аяттарында мындай деп айтылат:
Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат,
өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?
(Энъам Сүрөсү, 95)
Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге
кудуреттүү. (Хадид Сүрөсү, 2)
Адамдардын табият
жөнүндөгү билими абдан аз болгон Орто кылымда кээ бир туура эмес байкоолордун
натыйжасында «абиогенез» ишеними кеңири тараган. Ачык калган эттердин курттап
кеткенин көргөн адамдар курттар эттин бетинде «өзүнөн-өзү» пайда болот деп
ойлошкон. Кампалардагы чычкандарды да буудайдын ичинде өзүнөн-өзү пайда болот
деп элестетишкен. «Спонтандуу пайда болуу» (өзүнөн-өзү пайда болуу) деп аталган
бул ишеним 17-кылымга чейин кеңири тараган.
Бирок эки илимпоздун жүргүзгөн
эксперименттери «спонтандуу пайда болуу» ишенимин четке каккан. Алардын
биринчиси Франческо Реди болгон. Реди 1668-жылы эксперимент жүргүзүп, эттердин
бетиндеги курттардын өзүнөн-өзү пайда болбой тургандыгын, чымындар таштаган
жумурткалардан чыгаарын далилдеген. Мындан улам «абиогенез» көз-карашынын
жактоочулары артка кадам ташташкан жана курт же бакага окшогон чоңураак
организмдер эмес, көзгө көрүнбөгөн микробдор жансыз заттардан пайда болот
дешкен. Талаш болжол менен дагы эки кылым уланган. Аягында француз биолог Луи
Пастер бир катар эксперименттерди жасап, микробдордун да жансыз заттан пайда
болбой тургандыгын далилдеген. Пастер тыянагын төмөнкүчө белгилеген:
Зат өзүн-өзү уюштура
алабы?... Жок, учурдагы колдогу маалыматтар микроскопиялык жандыктардын да бул
дүйнөгө өздөрү сыяктуу жандуу аталары болмоюнча, келе албашын көрсөтүүдө.13
| Луи Пастер |
Реди менен Пастердин
маанилүү бир өзгөчөлүгү болгон: эки илимпоз тең Аллахтын бар экенине жана бүт
жандыктарды Анын жаратканына ишенишкен. Абиогенез көз-карашынын акылга
сыйбастыгын байкашында бул ишеним чоң роль ойногон. Материалисттик философиядан
таасирленген илимпоздор (мисалы, Дарвин, Геккель сыяктуу эволюционисттер)
абиогенез көз-карашын көшөрүү менен жакташса, бул илимпоздор илимге туура
пайдубал аркылуу караганы үчүн, «биогенез» чындыгын байкашкан.
Бирок эволюционисттер
бул апачык чындыкка каршы тирешүүнү улантышкан. Материалисттик философияга эч
далилсиз ишенүү аларды бир кылымга созулган үмүтсүз аракетке салган. Александр
Опарин жана Дж. Б. Холдейн аттуу эки материалист илимпоз «химиялык эволюция»
деген түшүнүктү чыгарышкан. Опарин менен Холдейн абиогенез кыска убакытта
болбойт, ага узун убакыт керек деген ойду айтышкан. Чындыгында термодинамиканын
экинчи мыйзамы баш болгон кээ бир негизги илимий мыйзамдарга карама-каршы
келген бул көз-караш илим дүйнөсүнүн убактысын текке кетирген жаңы бир туюкка
айланган.
Бир кылым бою сансыз
илимпоз химиялык эволюция көз-карашын колдой турган эксперименттерди жасоого
жана жаңы теориялар аркылуу аны колдоого аракет кылган. Эбегейсиз
лабораториялар, ири институттар, университет кампустары бул көз-карашты
колдоого арналган. Бирок ал аракеттердин эч биринен майнап чыккан эмес.
Белгилүү
эволюционист, Йоханнес Гутенберг университетинин биохимия институтунун башчысы,
профессор Клаус Дозе жансыз заттардын жашоону пайда кылаарын далилдөөгө
арналган иш-аракеттерден эч кандай майнап чыкпаганын төмөнкүчө мойнуна алган:
Химиялык жана
молекулярдык эволюция тармактарында жашоонун келип чыгышы багытында отуз жылдан
ашуун убакыттан бери жүргүзүлгөн бардык эксперименттер жашоонун келип чыгышы
маселесине жооп табуунун ордуна, маселенин канчалык чоң экенин түшүнүүгө себеп
болду. Учурда бул жөнүндөгү бардык теориялар менен эксперименттер же туюкка
кабылууда, же болбосо маалымат жетишсиз деген моюнга алуулар менен
жыйынтыкталууда.14
Эгер илим дүйнөсү
«абиогенез» аттуу материалисттик жомокко алданбаганда, «химиялык эволюцияга»
арналган мындай максатсыз аракеттердин баары балким алда канча пайдалуу иштерге
арналмак. Илим дүйнөсү жашоону Аллахтын жаратканын жана жан берүү кудуретинин
бир гана Раббибиздин колунда экенин билип изилдөөлөрдү жүргүзгөндө, канчалаган
убакыт, акча жана эмгек текке кетмек эмес. Илим Байыркы Грециянын жомокторун
далилдегенге аракет кылбастан, адамзатка пайдалуу жаңы ачылыштарга жана
изилдөөлөргө багытталмак.
Бүгүнкү күндө илим
дүйнөсү жансыз заттардын кокустуктардын натыйжасында өзүнөн-өзү уюшуп, башка
жансыз заттар менен биригип, кемчиликсиз жана абдан татаал клетканы пайда кыла
албай тургандыгын көрсөттү. Ошондой эле, айланабыздагы миллиондогон организм
түрлөрүнүн эволюционисттер айткандай клеткалардын кокусунан биригишинен пайда
болбой тургандыгы да белгилүү болду. Бир розанын, павлиндин, жолборстун,
кумурсканын, кыскасы эч бир жандыктын аң-сезимсиз атомдордун жыйындысынан
турган аң-сезимсиз клеткалардын эрки менен пайда болбогону анык.
Булар тууралуу терең
изилдөөлөрдү жүргүзгөн бир илимпоз дагы аң-сезимсиз атомдордун чечиминен пайда
болгон эмес. Аң-сезимсиз атомдор абдан аң-сезимдүү адамды, албетте, эч качан
пайда кыла албайт.
Куранда жашоону Аллах
«жоктуктан» жараткан, жанды Аллах берет жана Андан башка эч ким «жан берүү»
кудуретине ээ эмес деп мындан миңдеген жыл мурда кабар берилген.
Эгер илим Аллах
тарабынан адамдарга кабар берилген бул акыйкаттарга кулак төшөгөндө, мынчалык
узун убакыт эволюционисттердин натыйжа чыкпай турган изилдөөлөрү менен
«алпурушуп» мээнеттери текке кетмек эмес.
«Түрлөрдүн эволюциясы» көз-карашын далилдөө аракеттеринин илимге тийгизген зыяндары
Жер жүзүндө
жандыктардын миллиондогон түрү бар жана ар түрлөр бири-биринен көп жагынан айырмаланат.
Мисалы, аттар, канаттуулар, жыландар, көпөлөктөр, балыктар, мышыктар,
жарганаттар, сөөлжандар, кумурскалар, пилдер, чиркейлер, аарылар, дельфиндер,
деңиз жылдыздары, медузалар, төөлөр... Бул жандыктардын ар биринин дене
түзүлүштөрү, жашаган чөйрөлөрү, аңчылык ыкмалары, коргонуу тактикалары,
азыктануу адаттары, көбөйүүсү, кыскасы, бардык өзгөчөлүктөрү бири-биринен абдан
айырмаланат.
Бул жандыктар кантип
пайда болгон?
Бул суроону акылын колдонуп
ойлонгон ар бир адам бардык жандыктардын кемчиликсиз долбоорлонгонун, т.а.
жаратылганын түшүнөт. Ар кандай долбоор аны жасаган бир дизайнердин бар экенин
көрсөтөт. Жандыктар да, ааламдагы бардык долбоор үлгүлөрү сыяктуу, Аллахтын бар
экенин далилдейт.
Бул акыйкат бизге
Ислам дини аркылуу да кабар берилген. Куранда бизге жандыктардын кантип пайда
болгонун Аллах билдирген: жандыктардын бардык түрлөрүн Раббибиз өз-өзүнчө
жараткан. Аллах теңдешсиз жаратуу кудурети жана чексиз илими менен ар бир
жандыкка ар кандай өзгөчөлүктөрдү берген жана адамдарга чексиз кудуретин,
акылын жана илимин көрсөткөн. Жандыктардын жаратылуусу жөнүндөгү аяттардын кээ
бирлери төмөнкүдөй:
Асмандар менен жердин жаратылышы жана аларда ар бир жандыкты көбөйтүп-жайышы
Анын (Аллахтын) далилдеринен. Жана Ал каалаган кезде алардын баарын топтогонго кудуреттүү.
(Шура Сүрөсү, 29)
Аллах жандуулардын баарын суудан жаратты. Алардын кээ бирлери курсагы менен
сойлоп жүрөт, кээ бирлери эки буту менен жүрөт, кээ бирлери болсо төрт буту менен
басат. Аллах каалаганын жаратат. Эч шексиз, Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Нур Сүрөсү,
45)
Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди
чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду койду жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп
жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк
өстүрдүк. Бул Аллахтын жаратышы. Андай болсо, Андан башкалардын жараткандарын Мага
көрсөткүлөчү. Жок, зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү,
10-11)
| Карл Линней |
Бирок Чарльз
Дарвиндин чыгарган эволюция теориясы кабыл алынган соң, илим дүйнөсү «түрлөрдүн
бири-биринен келип чыкканын далилдөөгө» аракет кылып баштаган. Бул аракет
илимпоздорду көптөгөн майнапсыз изилдөөлөргө түрткөн. Дүйнөнүн төрт бурчунда
фоссилдер (организмдердин калдыктары) казылып, чындыгында эч качан жашабаган
өткөөл формалар изделген. Ал тургай, түрлөрдүн кантип бири-бирине айлангандыгы
жөнүндө сценарийлер ойлоп чыгарылган. Ал сценарийлер илимий журналдарда
жарыяланып, мектептерде жаштарга окутулуп баштаган.
| Алан Федуччи |
Эволюционисттердин
илимди канчалык пайдасыз фантазияларга колдонгонун жакшыраак түшүндүрүү үчүн
мындай сценарийлерден бир канча мисал келтирүү туура болот. Мисалы, эволюцияга
байланыштуу бир китепте сойлоочулардын сүт эмүүчүлөргө айланышы тууралуу
төмөнкүдөй икая айтылат:
Суук аймактарда
жашаган кээ бир сойлоочулар денелерин жылыта турган бир ыкманы иштеп
чыгышкан... Кабырчыктары барган сайын учтуураак болуп, аягында жүндөргө
айланган. Ал ортодо дагы бир адаптация катары тердөө келип чыккан; ал жандыкка
керек учурда суунун буулануусу аркылуу денесин муздатуу мүмкүнчүлүгүн берген. Ал
ортодо күтүүсүздөн кээ бир жандыктардын балдары азыктануу үчүн энелеринин денесинде
пайда болгон терди жалай башташкан. Ошол себептен кээ бир тер бездери байыраак
секреция бөлүп чыгара баштаган жана ал секреция аягында сүткө айланган. Ошентип
сүт эмүүчүлөрдүн ошол алгачкы балдары жакшыраак жашоону башташкан.15
Мунун тууралыгын далилдөө
үчүн тердин сүткө, кабырчыктын жүнгө айланышы сыяктуу эч качан ишке ашпай
турган окуяларды да илимий жактан далилдөө керек болгон жана миңдеген илимпоз
эми бул жомоктун артынан түшкөн. Бирок мындай нерсе эч качан болбойт. Эң
биринчиден, наристеге керектүү бардык азыктарды камтыган эненин сүтү, жогоруда
айтылгандай, «тердин» эволюциясынан эч качан пайда болбойт. Анткени эненин сүтү
атайын наристенин муктаждыгына жараша жөнгө салынган жана ар бир баскычта
белгилүү пландын негизинде курамы жаңыланып турган бир зат. Наристеге керектүү
бардык заттар дал керектүү учурда эненин сүтүнөн орун алат. Мисалы, наристеге
калий керек болгон күнү эненин сүтү калийге бай болот. Мындай жөнгө салуу
наристенин өрчүшүнө жараша керектүү болгон бардык башка заттарга да тиешелүү. Мындай
кереметтүү азыктын аң-сезимсиз кокустуктардан пайда болбой тургандыгы анык.
Ошол сыяктуу,
жогорудагы булакта айтылган «сойлоочунун кабырчыктарынын сүт эмүүчүлөрдүн
жүндөрүнө айланышы» тууралуу жомок дагы илимий маалыматтарга толук карама-каршы
келет. Кабырчыктар менен жүндөр түзүлүшү жагынан бири-бирине такыр окшобойт:
1- Жүндөр фолликулярдык
түзүлүштөр, б.а. бир түтүктүн ичинде өсөт. Кабырчыктар болсо теринин ичиндеги
катмарлар. Мындан тышкары, кабырчыктардын өрчүү, өсүү жана түшүү баскычтары
жүндүкүнөн толугу менен айырмаланат, бул жагынан бири-бирине эч окшобойт.
2- Жүндөрдүн
кабырчыктардан келип чыкканын көрсөткөн бир дагы илимий далил жок. Фоссил
калдыктарында эволюционисттердин бул көз-карашына байланыштуу эч нерсе жок жана
алар сунуштай ала турган логикалуу бир механизм да жок.
Сойлоочулардын сүт
эмүүчүлөргө «айланганы» тууралуу чыгарылган илимге сыйбаган жомоктор муну менен
эле чектелбейт. Ар бир эволюционисттин өзүнүн бир «жомогу» бар. Ошол сыяктуу,
динозаврлардын канаттууларга айланганы жөнүндө да көптөгөн сценарийлер ойлоп
чыгарылган. Ал сценарийлердин бири динозаврлар чымындарды кубалап жүрүп, учуп
башташкан дейт. Дагы бири болсо динозаврларга дарактан даракка секирип жүргөндө
канат өсүп чыккан дейт. Ар бир эволюционисттин фантазия күчүнөн келип чыккан
мындай сценарийлерди «далилдөө» милдети болсо илимге жүктөлөт. Жана канчалаган
илимпоз бүгүнкү күнгө чейин динозаврлардын чуркап баратып же бутактан бутакка
секирип жатып кантип учушу мүмкүн экенин изилдеп, кабырчыктардын канаттуунун
жүнүнө кантип айланганын көрсөтүү үчүн канча жылдык эмгегин короткон. Белгилүү
эволюционист жана орнитолог Алан Федуччи бул багытта канча жылдык эмгегин текке
кетирген эволюционист илимпоздордун бири. 25 жылын динозаврлар менен
канаттуулардын ортосунда байланыш бар же жок экенин изилдеп өткөргөн Федуччи
аягында мындай деп мойнуна алган:
25 жыл канаттуулардын
баш сөөктөрүн изилдедим жана динозаврлар менен ортолорунда эч кандай окшоштук
көргөн жокмун. Канаттуулар төрт буттуулардан эволюция аркылуу келип чыккан деген
теория палеонтология тармагындагы 20-кылымдын эң чоң шермендеси болот.16
Эволюция тууралуу
сценарийлер булар менен эле чектелбейт. Эволюционист палеонтолог доктор Колин Паттерсон
да мойнуна алгандай, «жашоонун келип чыгышы жөнүндө баары бири-биринен фантазиялуу
канчалаган икаялар бар.»17
Эволюционисттер кит,
дельфин сыяктуу деңиз сүт эмүүчүлөрү сууга түшүүнү жактырган аюулардан келип
чыккан деген сыяктуу фантастикалуу ойду айтышкан. Бул сценарийге пайдубал түзүү
үчүн жарым аюу-жарым кит кейпиндеги жандыктар тууралуу теорияларды чыгарып,
«басып жүрүүчү киттер» жөнүндө икаяларды жазышкан.
Албетте,
эволюционисттер каалагандай фантазияларды чыгарып, каалагандай сценарийлерге
ишене алышат. Бирок маселе ал сценарийлерди далилдөө үчүн илимдин
мүмкүнчүлүктөрүн жана убактысын текке кетиришинде. Дагы бир белгилүү эволюционист
окумуштуу Пьер Поль Грассе эволюция сценарийлери тууралуу белгилегендей,
«кыялданууга тыюу салган бир мыйзам жок, бирок илим андан тышкары болушу
керек.»18
Илимди дарвинизмге
окшогон туура эмес гипотезаларга таяндыруу аракеттери токтотулмайынча, буга окшогон
жомоктордун артынан үмүтсүз кубалоо да токтобойт. Эгер жаратылуу акыйкаты кабыл
алынса, илимдин жолун торогон мындай майнапсыз аракеттердин баары токтойт. Башында
да айтылгандай, бардык жандык түрлөрүн Аллах өз-өзүнчө жараткан. Бүт баарынын
дене түзүлүштөрү, азыктануу адаттары, аңчылык ыкмалары, коргонуу тактикалары,
балдарын чоңойтушу жана башкалары бири-бирине толук шайкеш келет. Бул
шайкештикти кокусунан пайда болгон деп айтуунун жана андан соң аны далилдөөгө
аракет кылуунун эч кандай кажети жок. Анткени мындай кемчиликсиздик кокусунан
пайда болбойт, улуу Жаратуучу Раббибиздин кудурети жана көзөмөлү менен гана
жаралышы мүмкүн. Ошондуктан фантазиялуу жомокторду ойлоп табуунун ордуна, иштеп
жаткан системаларды изилдеп, ал системалардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүү илимге
абдан чоң салым кошот. Эң негизгиси, бул багыттагы изилдөөлөр адамды жана бүт
ааламды жоктон жараткан улуу кудуреттүү Аллахты жакшыраак таанышыбызга себепчи
болот.
| Эволюционисттер "чымындарды кубалап жатып динозаврлардын алдыңкы колдору канаттарга айланган" дешет. Ушунчалык күлкүмүштүү теорияларды чыгаруудан да уялышпайт. |
Мутация туюгу
| Мутациянын зыянын көрсөткөн бир мисал |
Эволюционисттер болсо көшөрүп жасалма мутация мисалдарын ойлоп чыгарышкан жана пайдалуу мутацияны байкоо үчүн ондогон жылдар бою аракет кылышкан. Мисалы, мөмө чымындарына «генетикалык маалыматты жакшырта турган мутацияны алуу» үмүтү менен дээрлик сансыз мутация эксперименттери жасалган. Бул аракеттердин баары толук фиаско менен жыйынтыкталган. Эволюционист илимпоз Майкл Питман көп жылга созулуп, эч кандай майнап чыкпаган бул мутация эксперименттери тууралуу мындай дейт:
Сансыз генетик мөмө
чымындарын укумдан-тукумга сансыз мутацияларга дуушар кылышты. Аягында адам
колу менен жасалган бир эволюция келип чыктыбы? Тилекке каршы, жок. Генетиктер
жасаган желмогуздардын абдан аз бөлүгү гана атайын айнек идиштердин сыртында
жашай алышты. Иш жүзүндө мутацияга дуушар кылынган бардык чымындар же өлдү, же
майып болду, же болбосо тукумсузга айланды.20
Белгилүү эволюционист
Гордон Тейлор болсо мутация эксперименттери менен 50 жылдык убакыттын текке
кеткенин төмөнкүчө белгилеген:
Элүү жылдан бери
чымындарга миңдеген эксперименттер жасалды, бирок эч кандай жаңы бир түр пайда
болгон жок... Ал тургай, бир даана фермент дагы пайда болгон жок.21
Эволюционисттердин
башка илимий темалардагы көз-караштары да дал ушундай абалда. Эволюционисттер
дарвинизмди ар кандай илимий ачылыштарга карабастан жакташууда жана андан соң
аны «илимий сабырдуулук» деген сыяктуу жапкычтар менен жаап-жашырууга аракет
кылышууда. Чындыгында болсо алардын кылганы илимий сабырдуулук эмес, илимге
каршы чыгып көшөрүү гана.
| Мутациянын натыйжалары. |
Фоссилдер туюгу
Эволюция теориясынын
илимдин убактысын текке кетирген дагы бир мисалы палеонтологиянын (фоссил
илиминин) бул теорияны далилдөө үчүн туюкка түртүлүшү болгон. Албетте, жер
жүзүндөгү жашоонун тарыхын таанып билүү үчүн палеонтологиялык изилдөөлөр
жүргүзүлүшү шарт. Бирок эволюция теориясынын туура эмес гипотезалары фоссил изилдөөлөрүнө
терс таасир берип, илимпоздорду туура эмес багыттоодо. Өзгөчө «адамдын келип
чыгышын» изилдеген палеонтологдордун кээ бирлери толугу менен туюкта калышкан.
Ойдон чыгарылган жарым маймыл-жарым адам жандыктарды табуу үчүн жүргүзгөн
бардык изилдөөлөрү текке кетүүдө.Палеонтологиялык изилдөөлөр
Ошондой эле, фоссил изилдөөлөрүнүн өтө оор шарттарда, абдан көп чыгым менен жасалаарын да белгилөө керек. Көбүнчө Африканын өрөөндөрү сыяктуу аймактарда ондогон кишиден турган изилдөө топторуна бир канча айлык лагерьлер курулуп, ошондой оор шарттарда, күндүн ысык аптабында миллиарддаган долларлык чыгымдар менен жасалган изилдөөлөрдөн акыркы 1,5 кылымдан бери эч кандай натыйжа чыккан жок.
Белгилүү эволюционист
палеонтолог Ричард Лики жана белгилүү илимпоз Роджер Левин бул майнапсыз изилдөөлөр
тууралуу мындай дешет:
Тилекке каршы,
адамдын эволюция жолу бизге абдан аз жана алсыз багыттарды берүүдө: таштан
куралдар, баш сөөгүнүн бөлүктөрү, бир буттун сөөгүнүн бир бөлүгү, жарым жаак
сөөгү, сейрек кездешкен бүтүн баш сөөгү жана, албетте, көптөгөн тиштер... Бир
кездерде ата-бабаларыбыз жашаган, эми жердин терең астында калган чөкмөлөрдөн
тапкандарыбыз мына ушулар... Эгер бирөөлөр, мисалы, беш миллиондон бир миллион
жылга чейин мурда жашаган ата-бабаларыбыздын ушул кезге чейин табылган бардык
фоссил калдыктарын бир бөлмөгө топтогонго аракет кылганда, баарын көргөзмөгө
коюу үчүн бир канча чоң стол жетиштүү болмок.
Мындан да жаманы, 15
миллиондон 6 миллион жылга чейин мурда жашаган гоминиддерге тиешелүү фоссил
табылгаларын жайгаштырууга өтө чоң эмес бир бут кийим кутусу жетиштүү болот.22
Булардын баары «илимдин»
атын жамынып ысырап кылынган убакыт, маалымат, эмгек, акча жана мүмкүнчүлүктөр.
Дүйнө жүзүндө миңдеген университеттер, илимий мекеме жана уюмдар, миллиондогон
илимпоздор, мугалимдер жана окуучулар, лабораториялар, жардамчы кызматкерлер,
техникалык шаймандар жана дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр чындыкка сыйбаган бир
көз-карашты далилдөө үчүн жан үрөшүүдө. Бирок эч кандай майнап чыкпай,
ачылыштардын баары эволюция көз-карашынын туура эместигин ансайын айгинелеп
көрсөтүүдө.
Эволюционист илимпоз С.Дж.
Джонс «Nature» журналындагы бир
макаласында палеоантропологиянын, б.а. адамдын келип чыгышы жөнүндөгү фоссил
изилдөөлөрүнүн туюкка кабылганын төмөнкүчө сүрөттөйт:
Палеоантропологдор
фоссил калдыктарынын сейректигин кыжырдануу менен жашырууга аракет кылышууда. Палеоантропология
дагы эле бир гана көз-карашты жактоо аркылуу атак-даңкка жете ала турган жалгыз
илим тармагы болушу керек. Палеоантропологияда бир көз-караштын кабыл алынышы
кимдин катуураак кыйкырганынан көз-каранды.23
«Табияттагы кемчиликсиз долбоорду» четке каккандардын илимге тийгизген зыяндары
| ДНКнын татаал түзүлүшү анын жаратылганын көрсөтөт |
Америкалык математик жана философ Уильям Дембски табиятта бир «долбоор» бар экенин жактаган илимпоздордун бири. Дембски эволюционисттик көз-караш табиятта бир максат бар экенин көрбөй, илимдин өнүгүшүнө жолтоо болот дейт. Ага мисал катары эволюционисттердин ДНК тууралуу чыгарган «керексиз ДНК» (junk DNA) түшүнүгүн көрсөтөт. («Керексиз ДНК» эволюционист илимпоздордун гипотезасы боюнча, ДНКнын кандайдыр бир генетикалык маалыматты камтыбаган жана ошондуктан эч бир кызмат аткарбаган бөлүктөрү.) Дембски мындай дейт:
Долбоор түшүнүгү
илимдин өнүгүшүнө тоскоол болбойт. Тескерисинче, салттык эволюциялык түшүнүктөр
илимий изилдөөлөрдү балталаган учурларда долбоор түшүнүгү жапжаңы изилдөөлөргө
үндөйт. «Керексиз ДНК» түшүнүгүн карайлы. Бул түшүнүктөн мындай маани келип
чыгат: жандыктардын генетикалык маалыматы узун жана максатсыз эволюция
процессинен пайда болгон жана ошондуктан генетикалык маалыматтын бир бөлүгү
гана организм үчүн пайдалуу.
Эволюция көз-карашы
боюнча, көп өлчөмдө ишке жараксыз ДНК бөлүктөрүн күтүшүбүз керек. Ал эми
жандыктардын долбоорлонгонун кабыл алсак, анда ДНКнын алда канча функционалдуу
болушун күтөбүз. Жана чындыгында эң жаңы кээ бир ачылыштар ДНКнын кээ бир
бөлүктөрүнүн «керексиз» деп эсептелишинин негизи биздин ДНК тууралуу
маалыматыбыздын жетишсиздигинен келип чыкканын көрсөтүүдө. Мисалы, «Journal of Theoretical Biology» журналынын акыркы
сандарынын биринде Джон Боднар «эукариоттук клеткалардын генетикалык
маалыматындагы коддоо кызматын аткарбаган (башкача айтканда, «керексиз») ДНК
бөлүктөрүнүн чындыгында организмдин өсүп-өрчүшүн камсыз кылган генетикалык
тилдеги коддор» экенин белгилеген. Долбоор түшүнүгү илимпоздорду
(организмдерде) функцияларды издөөгө багыттаса, эволюция мындай изденүүлөргө
бөгөт койот...
Долбоор түшүнүгүн
илимге киргизүү илимий изденүүлөрдү бир топко байытат... Илимдин өнүгүшү үчүн
ушул кезге чейин колдонулган бардык түшүнүктөр колдонула берет. Ошол эле учурда
долбоор түшүнүгү илимпоздорго жаңы шаймандарды берет. Ошондой эле, жапжаңы
изилдөө темалары пайда болот. Анткени бүт нерсенин долбоорлонгонун
билгенибизде, кантип жаратылганын жана кандай максатты көздөөрүн да билгибиз келет.24
Көрүнүп тургандай,
жандыктарды Аллахтын жаратканын билүү, бир жагынан, илимге жаңы горизонтторду
ачса, экинчи жагынан, табиятты алда канча туура түшүнүүгө шарт түзөт.
Бирок материалист илимпоздор
Аллахтын жаратканын четке кагышканы үчүн, табияттагы бардык жандыктарды
кокусунан пайда болгон дешет. Алардын ою боюнча, кокусунан пайда болгон ааламда
«туура эмес же керексиз продукциялардын» же «туура эмес долбоорлордун» болушу
толук табигый көрүнүш.
Бул туура эмес
көз-караштын натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн илимий далилдер туура
эмес бааланган жана көп жылдар бою көптөгөн акыйкаттар жашырылып келген.
Мисалы, табияттагы бир канаттуунун мамыгын изилдеген материалист илимпоз
мамыктын асимметриялуу түзүлүшүнө карап, аны «кокусунан пайда болгону үчүн»
бузук түзүлүш деп ойлойт. Жана мамыктын асимметриялуу түзүлүшүн изилдөөнүн
кажети жок деп эсептейт.
Ал эми бүт нерсени
Аллахтын бир максат жана кемчиликсиз долбоор менен жаратканына ишенген бир
илимпоз болсо мамыктын асимметриялуу түзүлүшүн сөзсүз изилдене турган маанилүү
бир өзгөчөлүк катары көрөт. Ошентип ал илимпоз канаттуулардын мамыктарынын
асимметриялуу түзүлүшүнүн канаттуулардын учушу үчүн керектүү экендигин,
мамыктарынын түзүлүшү симметриялуу болгон канаттуулардын болсо уча албашын бат
эле түшүнөт.
Мындай мисалдар илим
дүйнөсүндө абдан көп кездешет. Мисалы, бал аарыларды изилдеген илимпоздордо да
ушул сыяктуу бир жагдай болгон. Бал аарылардын уюктарынын бириккен бурчтарын
эсептеп көргөн кээ бир илимпоздор аарылар колдонгон эки бурчтун эң идеалдуу
өлчөмдөн 0,02 градуска айырмаланаарын аныкташкан. (Өлчөө учурунда бал
аарылардын бурчтарды 109,28 жана 70,32 градус кылып жасаары аныкталган. Өтө
кылдат эсептөөлөрдүн натыйжасында Кениг аттуу математик максатка эң ылайыктуу
бурчтардын 109,26 жана 70,34 болушу керек экенин тапкан.)
Илимпоздор бал
аарылар бир аз болсо да эсептөөдө ката кетиришет деген жыйынтыкка келишкен.
Шотландиялык математик Колин Маклорен (1698-1746) болсо буга канааттанбай экспериментти
кайра кайталаган. Жана төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: Кениг менен анын командасы
логарифм таблицасындагы кичинекей катадан улам 0,02 градустук айырмага себеп
болгон туура эмес эсептөө жүргүзүшкөн.25
Ошентип эң идеалдуу
бурчту бал аарылардын туура, илимпоздордун болсо туура эмес эсептегени белгилүү
болгон!
Бүт жандыктарды
Аллахтын кемчиликсиз жаратканын билген адам эч качан табияттагы кандайдыр бир
өзгөчөлүктө ката бар деген ойго келбейт. Бардык өзгөчөлүктөрдү Аллахтын бир
максат менен жаратканын билет.
Аллахтын кемчиликсиз
жаратканына ишенбеген илимпоздордун жаңылыштыгынын дагы бир мисалы да кайра эле
бал аарылар менен байланыштуу. «New Scientist» журналында 1996-жылы 12-октябрьда жарыяланган Бен Кристалдын макаласында бал
аарылар учуп баратканда кээде керексиз эле ашыкча канат кагаары, мындан улам
учуштарынын натыйжасыз болоору айтылган. Анын ою боюнча, бал аарылар кээде
азыраак, кээде болсо көбүрөөк аралык менен канат кагышат, бирок ошого
карабастан, бирдей ылдамдыкта учушат, ошондуктан көп канат каккан учурда
энергиялары жөн эле текке кетет. Ал муну долбоордогу катачылык деп эсептеген.
Бирок Аризона штаттык
университетинен Джон Харрисон жетекчилик кылган бир изилдөө тобу бир изилдөө
жүргүзүп, бал аарылардын канат кагуу жыштыгындагы айырманын абдан керектүү
себептерин аныкташкан. Алган жыйынтыктарын «Science» журналында (1996, том 274, 88-бет) жарыялашкан. Бул
изилдөөчүлөр айлана-чөйрөнүн температурасын өзгөртүү аркылуу бал аарылардын
дене температураларын, канат кагуу жыштыктарын жана зат алмашуу деңгээлдерин
өлчөшкөн. Температура 20 градустан 40 градусту көздөй көтөрүлгөн сайын канат
кагуу жыштыктары азайган. Изилдөөнүн жыйынтыгында бал аарылардын ысык күндөрү азыраак,
суук абаларда көбүрөөк жыштыкта канат кагаары аныкталган. Бирок учуу
ылдамдыгында өзгөрүү болгон эмес. Суук абаларда канаттарын көбүрөөк кагуу
аркылуу пайда болгон ашыкча энергия менен денелерин жана уюктарын жылытаары
белгилүү болгон. Ошентип бал аарылардын канаттарынын эки кызматты аткараары
аныкталган: учуу жана жылынуу.
Аллахтын жандыктарды
өз-өзүнчө, бүгүнкүдөй көрүнүшү менен кемчиликсиз кылып жаратканына ишенбеген
эволюционист илимпоздордун дагы бир жаңылыштыгы – бул, «рудимент органдар»
(рудименттер) калпы. Бардык жандыктарды кокусунан башка жандыктардан келип
чыккан деп эсептеген эволюционисттердин ою боюнча, адамдын денесинде «бабаларынан»
мураска калган, бирок колдонулбаганы үчүн бара бара иштен чыккан «керексиз
органдар» бар. Аллахтын жаратуусуна ишенбеген илимпоздор кээ бир органдарды
керексиз деп эсептөө аркылуу да илимге чоң зыян тийгизишкен. Анткени илимдин
өнүгүшү менен керексиз деп эсептелген органдардын негизи дене үчүн абдан
маанилүү органдар экендиги аныкталган. Илимдин өнүгүшүнө тоскоол болгон бул
ишенимдин канчалык туура эмес экендигинин бир көрсөткүчү «рудимент органдар»
тизмесинин барган сайын кыскарышы болгон. Эволюционист С.Р. Скаддинг «Evolutionary Theory» (Эволюциялык теория) журналында
жарыяланган «Рудимент органдар эволюцияга далил болобу?» аттуу макаласында муну
төмөнкүчө мойнуна алат:
(Биология тууралуу)
маалыматыбыз арткан сайын, рудимент органдардын тизмеси да барган сайын
кыскарды... Бир органдын керексиз экендигин аныктоо мүмкүн эмес жана ансыз да
рудимент органдар көз-карашы илимге туура келбейт, мындан улам «рудимент
органдар» эволюция теориясына эч кандай далил болбойт деген жыйынтыкка келдим.26
Адамдын рудимент
органдарынын тизмеси 1895-жылы немец анатом Р. Видерсхайм тарабынан чыгарылган
жана сокур ичеги, куймулчак сыяктуу болжол менен 100 органды камтыган. Бирок
илимдин өнүгүшү менен Видерсхаймдын тизмесиндеги органдардын саны барган сайын
азайган жана ал органдардын негизи абдан маанилүү кызматтарды аткараары
аныкталган. Мисалы, рудимент орган деп эсептелген сокур ичегинин негизи денеге
кирген микробдор менен күрөшкөн лимфа системасынын бир бөлүгү экендиги белгилүү
болгон. Ошондой эле, тизмедеги алкым бездеринин тамакты инфекциялардан коргоодо
маанилүү кызмат аткараары ачылган. Жүлүндүн аягында жайгашкан куймулчактын
жамбаш сөөгүнүн айланасындагы сөөктөргө көмөк көрсөтөөрү жана кээ бир майда
булчуңдардын ага кармалып тураары, богок безинин Т-клеткаларды стимулдап,
дененин иммундук системасын ишке киргизээри, шишик сыяктанган бездин маанилүү
гормондордун иштелип чыгышына жооп берээри сыяктуу дагы көптөгөн ишке жараксыз
деп эсептелген органдардын маанилүү кызматтары аныкталган. Дарвин тарабынан
рудимент орган деп эсептелген көздөгү жарым ай формасындагы дөмпөктүн болсо
көздү тазалап, нымдаштырып тураары белгилүү болгон.
Бул мисалдардын баары
бизге төмөнкү акыйкатты көрсөтөт: илимде туура жана ыкчам натыйжа алуу үчүн
таяныч сөзсүз туура болушу шарт. Аллах бүт жандыктарды белгилүү бир максатка
ылайык, кемчиликсиз долбоор менен жараткан. Ошондуктан табиятты изилдеген
илимпоздун максаты бардык жандыктардагы кемчиликсиз долбоордун өзгөчөлүктөрүн
аныктоо жана ар бир өзгөчөлүктөгү даанышмандыктарды изилдөө болушу шарт.
«Мээнети текке кеткенин» билүүнүн эволюционист жана атеист илимпоздорго тийгизген терс таасирлери
Негизи чындыкка сыйбаган жана натыйжа чыкпаган бир көз-караш үчүн мээнет кылып, изилдөөлөрдү жүргүзүү эволюционист илимпоздорду абдан чарчатат. Өмүрлөрүн арнаган изилдөөлөрдүн көпчүлүгүнүн натыйжасыз жана пайдасыз экенин түшүнгөндө, албетте, абдан иренжишет. Анткени илимий изилдөө жүргүзүү абдан көп мээнетти жана дисциплинаны талап кылат. Канчалаган жылдар бою бир лабораторияда натыйжа алынбашын билип туруп эксперименттерди же байкоолорду жүргүзүү, жана аягында далилдегиси келген көз-карашка карама-каршы жыйынтыктарды алуу, сөзсүз түрдө ал окумуштууларга абдан терс таасир тийгизет.Америкалык биохимик Майкл Бихи дарвинизмдин илимий жараксыздыгына арналган «Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution» (Дарвиндин кара кутусу: эволюция теориясынын үстүнөн биохимиялык жеңиш) аттуу китебинде тирүү клеткадагы «долбоордун» алдында эволюционист илимпоздордун кандай психологияга кабылаарын төмөнкүчө сүрөттөйт:
Акыркы кырк жылдын
ичинде заманбап биохимия клеткадагы сырлардын маанилүү бөлүгүн ачты. Буга
чындыгында абдан көп эмгек коротулду. Он миңдеген адамдар бул сырларды ачуу
үчүн өмүрүн лабораториялардагы узак изилдөөлөргө арнашты... Клетканы изилдөө
үчүн жасалган бул аракеттердин баары абдан ачык, бийик үн менен бир гана
жыйынтыкты берген: «дизайн!» Бул жыйынтык ушунчалык ачык болгондуктан, илимдин
тарыхындагы эң чоң ачылыштардын бири катары кабыл алынышы керек эле... Бул
жеңиш он миңдеген адамдын «эврика» деп кыйкырып, бул улуу ачылышты майрамдашына
себеп болушу керек эле...
| Дарвин эволюция тууралуу эмгектеринин текке кетээрин ойлоп күмөн санаган |
Бирок эч кандай
майрам болгон жок, эч ким кубанычын билдирген жок. Тескерисинче, клеткадагы
улуу татаалдыкты көргөндө, уялчаак жымжырттык өкүм сүрдү. Элге ачык жерде бул
тууралуу сөз болгондо, көпчүлүк илимпоздор андан тынчсызданышат. Жеке маектерде
өздөрүн бир аз эркинирээк сезишет; көпчүлүгү ачылган ачык акыйкатты кабыл алат,
бирок андан соң жерди карап башын чайкайт жана эч нерсе болбогондой түр
көрсөтөт. Мунун себеби эмне? Эмне үчүн илим дүйнөсү улуу ачылышка кубанбайт?
Эмне себептен апачык дизайн ачылышын интеллектуалдык кол каптар менен бурчунан
кармашат? Анткени аң-сезимдүү дизайнды кабыл алуу, кааласа каалабаса, Аллахтын бар
экенин кабыл алууну эске салат аларга.27
Кээ бир эволюционисттер
илим дүйнөсү кабылган бул депрессияны мойнуна алышат. Мисалы, Британиянын
табият тарыхы музейинин жетекчилеринин бири, «Evolution» китебинин автору эволюционист палеонтолог, доктор Колин
Паттерсон Нью-Йорктогу табият тарыхы музейинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө
төмөнкү тарыхый сөздөрдү айткан:
Суроо мындай: мага
эволюцияга байланыштуу бир эле нерсени айта аласыңарбы, чындап туура бир
нерсени? Бул суроону биздин Табият тарыхы музейиндеги бардык геология тобуна
узаттым жана толук жымжырттыктан башка эч кандай жооп алган жокмун... Андан соң
бүт өмүрүмдүн эволюция анык чындык деп ишенип, алдануу менен өткөнүн түшүндүм.28
Паттерсон сөзүн
төмөнкүчө уланткан:
Мындай
антиэволюциялык көз-карашка өтүп баштаганымдын бир себеби, бул нерсенин үстүндө
20 жыл иштеп, ал тууралуу эч нерсе билбегенимдин таасири болду. Бир адамдын
ушунчалык узак убакыт бою туура эмес багытталганын түшүнүшү ал үчүн абдан чоң
шок болот.29
Лунд университетинин
профессорлорунун бири, белгилүү эволюционист ботаник Н. Хериберт Нильссон болсо
«эволюцияны 40 жылдан ашуун убакытка созулган бир эксперимент аркылуу далилдөө
аракеттерим аягында ийгиликсиз аяктады»30 деп, 40 жылдан ашык убактысынын текке кеткенин
мойнуна алган. Бул жеке мисалдар чындыгында илимдин чындыкка сыйбаган бир
теориянын артынан чуркап, эмнелерди жоготкондугунун бир көрсөткүчү. Ондогон
жылдар бою миңдеген илимпоздун илими, убактысы, энергиясы, эмгеги,
лабораториясы, ассистенттери жана каржы булактары «эволюция» деп аталган ичи
бош бир жомок үчүн сарпталууда.
Мындан да кызыгы,
азыркы эволюционисттер эле эмес, теориянын ээси Чарльз Дарвин да көп жолу
«убактысын текке кетирип жатканын» жана аягында «үмүтүнүн таш кабаарын» ойлоп
тынчсызданган. Дарвин бул тууралуу убайымдарын досторуна жазган каттарында жана
макалаларында көп жолу белгилеген. Мисалы, табияттан анын теориясын далилдей
турган далилдерди таба албаганын төмөнкүчө кабыл алган:
Табияттын баары
чындыгында кежир жана менин каалагандарымды жасабайт.31
Дарвиндин убайымын
көрсөткөн дагы бир сөзү төмөнкүдөй:
Жасап жаткан бул эмгектерим
(Түрлөрдүн келип чыгышы китеби үчүн жасаган эмгектери) короткон убактыма
арзыйбы же арзыбайбы деп күмөн санаймын.32
Көрүнүп тургандай,
чындыкка жатпаган, бир гана идеологиялык себептер менен жакталган бир теория
жактоочуларын да кыйнап, депрессияга салат. Булардын баары илимге туура эмес
багыт берүүнүн табигый натыйжалары.
| Эволюционист илимпоздордун канчалаган жылдык эмгектеринин көпчүлүк бөлүгү текке кеткен |
Эволюциялык көз бойомочулуктардын илимге тийгизген зыяндары
Эволюционисттер
теорияларына далил таппаганы үчүн, көп жолу илимий маалыматтарды бурмалап же
көз бойомочулук жасап адамзатты алдаган. Мындай көз бойомочулуктардын эң
белгилүүсү «Пилтдаун адамы» маскаралыгы болгон. Эволюционисттер өздөрү ойлоп
чыгарган жарым маймыл-жарым адам макулуктардын фоссилдерин таба алышпаганы
үчүн, бирөөнү колдо жасоону чечишкен. Бир орангутандын жаак сөөгүн адамдын баш
сөөгүнө улап, ар кандай химикаттар менен көрүнүшүн эскиртишкен жана ал баш
сөөктү дүйнөнүн эң белгилүү музейинде бир канча жыл бою «адамдын ата-бабасы»
деп көргөзмөгө коюшкан. Бул көз бойомочулуктун илимге тийгизген зыянын,
эволюционист болгонуна карабастан, Ф. Кларк Хауэлл төмөнкүчө белгилеген:
Пилтдаун адамы
болгону адамдын баш сөөгү менен маймылдын жаак сөөгүнөн турган бир макулук
болгон. Бул атайын жасалган бир алдамчылык болчу. Жаак сөөгүнүн маймылдыкы
экенин да, баш сөөгүнүн адамдыкы экенин да кабыл алышкан жок. Анын ордуна, бул
бөлүктөр маймыл менен адамдын ортосундагы доорго тиешелүү табылгалар дешти. 500
миң жыл мурдакы доорго тиешелүү дешип, ага ат коюшту (Eoanthropus Dawsoni же Даун адамы) жана ал тууралуу
болжол менен 500 китеп жазышты. Палеонтологдор бул ачылыш менен кырк беш жыл
бою эч пайдасыз алаксышты.33
| Пилтдаун адамы калпында колдонулган жасалма баш сөөгү |
Бул илимпоздун
сөздөрү терең мааниге ээ. Чындыкка сыйбаган бир жасалма далил 40 жыл бою бул
темага тиешеси бар бардык илим чөйрөлөрүн «эч пайдасыз алаксыткан». Бир жасалма
баш сөөгү тууралуу 500 китептин жазылышы текке кеткен эмгектердин ачык
көрсөткүчү.
Дагы бир эволюция
алдамчылыгынын автору Эрнст Геккель болсо көз бойомочулук кылганын мойнуна
алган жана башка кесиптештеринин идеология үчүн жасаган бурмалоолорун төмөнкүчө
белгилеген:
Бул кылган алдамчылыгымды
мойнума алган соң өзүмдү күнөөкөр жана айыптуу сезишим керек. Бирок мени соороткон
жагдай мындай; айыптуу абалдагы жүздөгөн курдаш, көптөгөн ишенимдүү байкоочу жана
белгилүү биологдор бар, алар чыгарган эң жакшы биология китептеринде, гипотезаларында жана журналдарында
мендей даражада жасалган алдамчылыктар, так эмес маалыматтар, аздыр-көптүр бурмаланып, схемага салынып кайрадан жасалган сүрөттөр бар.34
Жүргүзүлгөн
байкоолорду, эксперименттерди жана изилдөөлөрдү эволюцияга тууралоого аракет
кылуу, чындыктарды жашыруу же адамзатка өзгөртүп жеткирүү, албетте, илимдин
өнүгүшүнө чоң зыян тийгизет. Эволюционист У.Р. Томпсон бул акыйкатты төмөнкү
сөздөрү менен кыйыр түрдө болсо да кабыл алган:
Илимий жактан
аныктама бере албай турган бир доктринаны жактоо үчүн чогулган илимпоздордун
кыйынчылыктарды жок кылуу жана сын-пикирлерди жашыруу аркылуу элдин алдында
ишенимдерин улантуу аракети илимий жактан анормалдуу жана жагымсыз көрүнүш.35
Эң кызыгы,
эволюционисттер эволюцияны далилдөө үчүн жүргүзгөн изилдөөлөрүнөн жана
эксперименттеринен ар дайым жаратылууну колдогон далилдерди алышууда.
Эволюционисттер каалабаса да, илимий ачылыштар ар дайым жаратылуу акыйкатын далилдейт
Бул бөлүмдүн башында
да айтылгандай, илимге туура эмес идеологиялар багыт бергенде, убакыт, акча
жана эмгек майнапсыз коротулат. 18-кылымдан бери илим негизинен
материалисттердин үстөмдүгү астында калган жана дээрлик бардык аракеттер
материалисттик философияны илимий жактан далилдөөгө арналып, материалисттик философияны
четке каккан илимий далилдер же жаап-жашырылган, же болбосо элге бурмаланып
жеткирилген.
Бирок эволюционисттер
эволюцияны далилдөө үчүн жүргүзгөн изилдөөлөрүнөн жана эксперименттеринен ар
дайым жаратылууну колдогон далилдерди алышкан. Илим Аллахтын бар экенине
ишенгендер үчүн абдан жеңил жана оңой. Анткени турган системаны изилдөө жана
ага тиешелүү далилдерди издөө илимпоздорго кыйынчылык алып келбейт. Ал эми жок
далилди издөө, эволюционисттер өзү айткандай, «тажатат» жана «баш оорутат».
Мунун эң ачык
мисалдарынын бири Кембрий дооруна тиешелүү палеонтологиялык табылгалар. Кембрий
доору деп организмдердин алгачкы издери кездешкен жана болжол менен 550 миллион
жыл мурдакы доор айтылат. Ал доордогу жандыктардын баары абдан татаал
системалары бар, өнүккөн организмдер. Мисалы, трилобит деп аталган, тукум курут
болгон бир жандык түрүнүн көзү абдан татаал түзүлүшкө ээ. Анын көзүнүн түзүлүшү
100 линзадан турган жана азыркы күндө жашаган ийнелик сыяктуу кээ бир
чымын-чиркейлердики менен бирдей. Жана ушундай татаал түзүлүштөрү бар
жандыктардын эч кандай ата-тексиз, бир заматта бул катмарларда пайда болушу
эволюционисттердин «башын оорутууда». Бул илимий табылгалар Жаратылууну, б.а.
алардын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын апачык көрсөтүүдө.
| Кембрий доорундагы комплекстүү жандыктар |
Белгилүү эволюционист
илимпоз, британиялык зоолог Ричард Доукинс алынган табылгалардын жаратылуу
акыйкатын колдоосу тууралуу мындай дейт:
... Кембрий
катмарлары омурткасыздардын негизги топтору кездешкен эң байыркы катмарлар.
Алардын эң алгач пайда болгон кездеги көрүнүшү деле абдан эволюцияланган. Эч
кандай эволюция тарыхын басып өтпөстөн, ошол келбети менен, ошол жерде пайда
болгондой көрүнүшөт. Мындай бир заматта пайда болуу, албетте, креационисттерге
(жаратылууну жактагандарга) абдан жагат.36
| Кембрий доорунда жашаган трилобит фоссили жана анын көзүнүн түзүлүшү жаратылууну далилдейт |
Палеонтологиядагы
мындай «майнапсыздык» эволюциянын эң чоң туюктарынын бири. Башынан бери айтылып
келе жаткандай, эволюционист окумуштуулар ондогон жылдардан бери эволюцияга
далил боло турган өткөөл формаларды (бир жандыктын башка бир жандыкка айлануу
этаптарын) табуу аракетин көрүшүүдө. Бирок андай жандыктар жер бетинде эч качан
жашабаганы үчүн, алардын аракетинен эч кандай майнап чыккан жок.
Эволюционисттердин өткөөл формаларга тиешелүү фоссилдерди эч издеп таба албаганын
эволюционист палеонтолог Марк Чарнецкий төмөнкүчө сүрөттөйт:
Теорияны (эволюцияны)
далилдөөнүн алдындагы чоң тоскоолдук ар дайым фоссил калдыктары болгон... Ал
калдыктар эч качан Дарвин элестеткен өткөөл формалардын издерин көрсөткөн жок.
Түрлөр бир заматта пайда болушат жана кайра бир заматта жок болушат. Жана бул
күтүүсүз жагдай «түрлөрдү Аллах жараткан» деген ойду жактаган креационисттик
аргументке колдоо көрсөтөт.37
Кээ бир
эволюционисттер да сөздөрүнүн арасында моюнга алгандай, эволюцияга колдоо издеген
бардык изилдөөлөр текке кетип, оң натыйжа бербейт. Тескерисинче, эволюционист
илимпоздордун «баары кокусунан пайда болгон» деген көз-карашка таянган
изилдөөлөрүнүн баары аларды апачык акыйкатка алып барууда: бүт жандыктарды
асмандардын жана жердин Рабби Аллах кемчиликсиз көрүнүштө жараткан деген
акыйкатка...
| Ийнеликтин көзүнүн түзүлүшү трилобиттики сыяктуу татаал |
Жыйынтык
Айлана-чөйрөбүздө
жана биз жашаган ааламда жаратылууну көрсөткөн сансыз далилдер бар. Бир
чиркейдеги таң калаарлык система, бир павлиндин канаттарындагы кереметтүү
чеберчилик, көз деп аталган татаал жана кемчиликсиз бир орган жана дагы
миллиондогон нерселер ыймандуулар үчүн Аллахтын бар экендигинин жана Анын
чексиз илими менен чексиз акылынын далилдеринен. Жаратылуу акыйкатын кабыл
алган бир илимпоз табиятты ушул түшүнүк менен изилдейт жана ар бир байкоодон,
ар бир эксперименттен эбегейсиз ырахат алып, жаңы изилдөөлөргө дем-күч табат.
Ал эми эволюция деп
аталган бир жомокко ишенүү жана аны илимге каршы чыгып жактоо болсо
психологиялык жактан илимпоздорду кыйнайт. Ааламдагы гармония же болбосо
жандыктардагы долбоор аларды азапка салат. Дарвиндин төмөнкү сөздөрү негизи
бардык эволюционисттердин маанайын жакшы чагылдырат:
Көздү ойлонуу көбүнчө
мени теориямдан алыстатты. Бирок өзүмдү акырындап бул көйгөйгө көндүрдүм. Эми
болсо табияттагы кээ бир айкын түзүлүштөр менин абдан тынчымды алууда. Мисалы,
бир павлиндин жүндөрүн көрүү мени дээрлик ооруга салат.38
Павлиндин жүндөрү да,
табияттагы бардык сансыз жаратылуу далилдери да эволюционисттердин тынымсыз
тынчын алууну улантууда. Көргөн апачык далилдерин көрмөксөн болгон ал кишилерде
табигый түрдө чындыктарга карата камырабастык жана андан улам түшүнүктөрдүн
бузулушу келип чыгууда. Христиандарга кайрылып: «эгер бир айкелдин силерге кол
булгалап жатканын көрсөңөр да, аны керемет деп ойлобогула... негизи абдан төмөн
ыктымалдуулук, бирок балким айкелдин оң колундагы атомдордун баары, кокусунан,
бир учурда, бир багытты көздөй кыймылдап баштаган болушу мүмкүн»39 дегенге
чейин барган белгилүү эволюционист Ричард Доукинс түшүнүктүн бузулушунун айкын
мисалы.
Илим-билим өнүгүшү
үчүн 19-кылымдын бул калдыктарын бир тарапка таштап, эркин ойлонгон жана көргөн
акыйкатын кабыл алуудан тартынбаган илимпоздор болушу шарт.
| Павлиндин канаттарынын Дарвинди убайымга салышынын себеби, алар улуу Жаратуучунун бар экенин көрсөтөт |
Булактар:
6 A.g.e, ch1.3
7 Henry Margenau, Roy Abraham Vargesse. Cosmos, Bios, Theos. La Salle IL: Open Court Publishing, 1992, s. 241
8 William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, Bahar 1996, cilt 17, s. 18
9 Michael Denton, Nature's Destiny: How the Laws of Biology Reveal Purpose in the Universe, The New York: The Free Press, 1998, s. 14-15
10 Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s. 59
11 Søren Løvtrup , Darwinism: The Refutation of A Myth, New York: Croom Helm, 1987, s.422
12 Paul R. Ehrlich ve Richard W. Holm, Patterns and Populations, Science, cilt. 137 (31 Ağustos1962), s. 656-7
13 Sidney Fox, Klaus Dose,. Molecular Evolution and The Origin of Life,. New York: Marcel Dekker, 1977. s. 2
14 Klaus Dose, The Origin Of Life: More Questions Than Answers, Interdisciplinary Science Reviews, cilt 13, no.4, 1988, s. 348
15 George Gamow, Martynas Ycas, Mr. Tompkins Inside Himself, Allen & Unwin, Londra, 1966, s. 149
16 Pat Shipman, Birds Do It... Did Dinosaurs?, New Scientist, 1 Şubat 1997, s. 28
17 Colin Patterson, Harper's, Şubat 1984, s.60
18 Pierre-P Grassé, Evolution of Living Organisms, New York, Academic Press, 1977, s. 103
19 Canlı vücudunun genetik şifresinde meydana gelen değişikliklere mutasyon denir. Radyasyon ve bazı kimyasallar mutasyona neden olan etkenlerdendir. Evrimciler canlıların mutasyona uğrayarak evrimleştiklerini iddia ederler. Ancak mutasyonların tamamı zararlıdır ve canlıları sakatlamaktan başka bir etkileri olmaz.. Çernobil'de meydana gelen radyasyon sızıntısı mutasyonların zararlarının göstergelerinden biridir. Bu faciadan sonra çok sayıda insanda kan kanseri gibi çeşitli hastalıklar, sakat doğumlar gibi ciddi ve kalıcı rahatsızlıklar görülmüştür.
20 Michael Pitman, Adam and Evolution, London, River Publishing, 1984, s. 70
21 Gordon Taylor, The Great Evolution Mystery, New York: Harper and Row, 1983, s. 34-38
22 Leakey, R., & Lewin, R. People of the Lake: Mankind and Its Beginnings, New York: Anchor Press/Doubleday, 1978, s. 17
23 S. J. Jones, A Thousand and One Eves, Nature, cilt 34, 31 Mayıs 1990, s. 395
24 William A. Dembski "Science and Design", First Things, sayı 86, Kasım, 1998, s. 26
25 G. Mansfield, Creation or Chance! God's purpose with mankind proved by the wonder of the universe, Logos Publications
26 S.R. Scadding, "Do 'Vestigial Organs' Provide Evidence For Evolution?", Evolutionary Theory, Cilt 5, Mayıs 1981, s. 173
27 Michael J.Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996 s.231-232
28 Colin Patterson, Evolution and Creationism, Amerikan Doğa Tarihi Müzesi'nin Açılışındaki Konuşmasından, New York, 5 Kasım 1981
29 A.g.e,
30 The Earth Before Man, s. 51
31 Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, cilt.I, New York:D. Appleton and Company, 1888, s.413
32 Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, cilt.I, s.315
33 F. Clark Howell, Early Man, NY: Time Life Books, 1973, s.24-25
34 Francis Hitching, The Neck of the Giraffe: Where Darwin Went Wrong, New York: Ticknor and Fields 1982, s. 204
35 Charles Darwin'in, Origin Of The Species (Türlerin Kökeni) kitabının "Dutton: Everyman's Library" baskısının Önsözü, 1956, s.xxii
36 Richard Dawkins, The Blind Watchmaker, London: W. W. Norton 1986, s. 229
37 Mark Czarnecki, The Revival of the Creationist Crusade, MacLean's, 19 Ocak 1981, s. 56
38 Norman Macbeth, Darwin Retried: An Appeal to Reason, Boston, Gambit, 1971, s. 101
39 Richard Dawkins, The Blind Watchmaker, London: W. W. Norton, 1986, s. 159
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder