1 Kasım 2021 Pazartesi

БИЗДИН ЗАМАНДЫН ЫЙМАН КЫЛГАН ИЛИМПОЗДОРУ

 

20-кылымда илимде чоң жетишкендиктер болуп, кылымдардан бери табышмак болуп келген көп маалыматтар ачыкка чыкты. Жана илимдин өнүгүшү бир акыйкатты апачык көрсөттү: жаратылуу акыйкатын, б.а. бүт ааламдын бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгын.

Илимий ачылыштардын баары ааламдагы жандуу жана жансыз бүт нерселердеги кемчиликсиз долбоорду, тартипти жана планды көрсөтүүдө. Бул ачылыштарга түздөн-түз күбө болгон көптөгөн илимпоздор бүт ааламдын улуу бир Акыл тарабынан долбоорлонгонун көрүп, бүт баарын чексиз кудуреттүү Аллахтын жаратканын түшүнүшкөн жана жаратылуу акыйкатын жакташкан.

Учурда АКШ баш болгон батыш өлкөлөрүндө ыймандуу илимпоздор тарабынан негизделген көптөгөн олуттуу илимий мекемелер жана уюмдар бар. Бул илимий мекемелер илимий далилдердин ааламдагы кемчиликсиз долбоорду тастыктаганын көрсөтүү үчүн изилдөө иштерин улантышууда.

Азыркы учурда жашаган жана илимий эмгектери менен таанылган, ыймандуу илимпоздордун кээ бирлери төмөнкүдөй.

 

Генри Фриц Шефер

Шефер Джорджия университетинде химия профессору жана Кванттык химия борборунун жетекчиси. Ал Нобель сыйлыгына 5 жолу талапкер көрсөтүлгөн жана дүйнөнүн эң күчтүү үчүнчү химиги деп айтылат. Шафер Жаратканга ишенген окумуштуу жана илимий эмгектеринин максатынын Аллахты таануу экендигин төмөнкүчө белгилеген:

Илимдин мааниси көрүнүп, мага ырахат тартуулаган учурлар – бул өзүмө өзүм «мына ушул Аллахтын жаратуусу» деп айткан учурларым.110

 

Исаак Башевис Зингер

Учурдагы белгилүү физиктердин бири Зингер эволюция теориясын четке кагып, Аллахка ишенген окумуштуу. Бир конференцияда эволюция гипотезасын төмөнкүдөй кызыктуу аңгеме аркылуу сындаган:

Илимпоздор ушул күнгө чейин бир дагы адам баспаган, бир ээн аралды табышыптыр. Ал аралга биринчи болуп барган окумуштуулар табигый жашоодон абдан таасирленишиптир. Жапайы жаныбарлар менен балта тийбеген токойлор аларды абдан таң калтырыптыр. Тик беткейлерге чыгып айланага көз жүгүртүшүптүр. Аралда цивилизацияга байланыштуу эч нерсе таба алышпаптыр. Кемелерине кайтып келе жатып карашса, жээктеги кумда акыркы модельдеги кымбат баалуу бир кол сааты жатат экен. Болгондо да, бир жакшына иштеп жатыптыр. Окумуштуулар үчүн чоң табышмак. Бул саат бул жерге кайдан келди? Бул аралга алардан мурда бир дагы адам келбегенин анык билишет. Демек бир гана вариант бар. Бул саат кымбат баалуу булгаары боосу, кымбат баалуу айнеги, жебелери, батареясы жана башка тетиктери менен бирге, өзүнөн-өзү кокусунан бул аралга келип, ушул кумга жайгашып калган. Башка жолу жок!»

Зингер эволюционисттердин жаңылыштыгын көрсөтүү үчүн аңгемесинин аягында мындай деген: «ар бир саатты жасаган бир саат устасы бар.»111

Ааламдагы жандуу, жансыз бүт нерселерде теңдешсиз долбоор жана кемчиликсиз тартип бар. Ошондуктан эч бирин кокусунан пайда болгон деп айтууга болбойт. Бүт баарынын улуу жана кудуреттүү бир Жараткандын чыгармасы экендиги анык. Учурда илимпоздордун көпчүлүгү Зингерге окшоп, бул кемчиликсиздикти жана тартипти ачып, бүт баарынын Аллахтын чыгармалары экендигин адамдарга көрсөтүүдө.

 

Малкольм Дункан Винтер

Уитон университетинде жана Түндүк-батыш университетинде медицина профессору болуп эмгектенген Винтер да ааламдын жана адамдын сөзсүз бир Жараткан тарабынан жаратылганына ишенет. Бул ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

Физикалык ыкмаларды колдонуп, сансыз сырларды камтыган асмандар жана жер жүзү, ар кандай түрдөгү адамзат жашоосу жана эң аягында өтө жогорку кубаттуулугу менен адамдын өзү... Булардын баарын өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон деп ойлоодон өткөн татаал жана маанисиз ой болушу мүмкүн эмес. Демек ааламды башкарган бир мээ бар. Булардын баарынын артында бир Жараткан бар. Адам айланасындагы ар түрдүү жандыктардан алда канча жогору түзүлүшкө ээ, демек Жаратканга багытталышы керек.112

 

Уильям Филлипс

Лазердин нуру менен атомдорду кармоо ыкмаларын иштеп чыккандыгы үчүн 50 жашына чыга электе Нобель сыйлыгын алган, учурдагы белгилүү физиктердин бири Уильям Филлипс Жаратканга ишенген окумуштуу. Нобель сыйлыгын алган соң бир маалымат жыйынында мындай деп айткан:

Аллах бизге биз ичинде жашай ала турган жана таанып биле ала турган кереметтүү дүйнөнү берген.113

 

Дейл Свартцендрубер

Айова университетинде докторантурасын аяктап, Калифорния университетинде жер кыртышы илимдеринде профессор болуп эмгектенген Свартцендрубер ошол эле учурда Америка жер кыртышы илимдери институтунун мүчөсү. Бүт ааламдын эч качан кокусунан пайда боло албай тургандыгын жана бир Жараткандын чыгармасы экендигин профессор Свартцендрубер төмөнкүчө белгилеген:

Аныгы, үстүбүздөгү кереметтүү асмандабы же бутубуздун астындагы жер бетиндеби, айтор бүт тарапта бир план жана бир максат бар. Бул максат менен планды жараткан бир кудуретти, б.а. түбөлүктүү Жаратканды жокко чыгарууга аракет кылуу акыл менен логиканын эрежелерине туура келбейт. Бул жайында саргайып, ийилген буудай машактарына толуп ташкан жана буудай деңизиндей көрүнгөн бир талааны көргөндө, аны эккен бир дыйкандын бар экенин жана анын талаанын жанындагы бир алачыкта же башка бир жерде жашаарын четке кагып, кабыл албаган кишинин абалынан алда канча чоң парадокс болот.114

 

Уильям Дембски

Учурдагы окумуштуу математиктердин бири Дембскинин изилдөөлөрү ошол эле учурда философиядан теологияга чейин көптөгөн тармактарды камтыйт. Дембски илим дүйнөнү түшүнүүгө аракет кылат жана илимпоздор болгону изилдөөчүлөр дейт. Дембскинин көз-караштарын чагылдырган кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:

... Дүйнө – бул Аллахтын жаратуусу, илимпоздор болсо дүйнөнү түшүнүүгө аракет кылганда Аллахтын ойлорун кайталашат. Илимпоздор жаратуучулар эмес, алар изилдөөчүлөр.

... Жаратылуу ар дайым Жараткандын бар экенин көрсөтөт.115

 

Стивен Мейер

Уитворт университетинде философия профессору болуп эмгектенген Мейер жаратылууга ишенген жана ал тууралуу көптөгөн эмгектерди жазган, биздин замандын илимпоздорунун бири. Ааламдын бир пландуу долбоор экенин айткан сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Мен кокустуктар да, пребиотикалык табигый тандалуу да, физикалык-химиялык зарылдык да алгачкы клеткадагы маалыматтын булагын түшүндүрө албайт деп айта алам.116

 

Уолтер Л. Брэдли

Техас университетинде механикалык инженерия профессору болуп эмгектенген Брэдли «Жашоонун келип чыгуу сыры» аттуу китептин авторлорунун бири.

Бүт ааламдын, жандуу-жансыз бүт нерсенин долбоор менен жаратылганын жана мунун далилдерин бүт тараптан көрүүгө болоорун жактаган Брэдли Жараткандын бар экенине ишенээрин төмөнкүчө белгилеген:

1987-жылы жазында бир жумуш менен Корнелл университетинде жүргөнүмдө христиан дини жана илим тууралуу бир конференциям болду. Ал конференцияда илимий далилдерди колдонуп Аллахтын бар экенин көрсөттүм.117

Брэдли башка бир сөзүндө мындай деп айткан:

Акылдуу бир Жараткандын бар экенин көрсөткөн айдан ачык далилдер бар.118

 

Эрл Честер Рекс

Вашингтон университетинде жана Түштүк Калифорния университетинде физика илиминин доценти жана профессор болуп эмгектенген Рекс ошол эле учурда Американын физика институтунун мүчөсү. Бүт ааламдын Аллах тарабынан жаратылып, Аллахтын кудурети менен башкарылаарына ишенген профессор Рекс бул ойлорун төмөнкүчө билдирген:

Ааламдын пайда болушун түшүндүргөн жана аны башкарган мыйзамдарды сүрөттөгөн заманбап теориялар Аллахты эске албастан чыгарылганда, абдан татаал жана чиелешкен караңгы туюкка кептелет. Мен жеке өзүм Аллахтын бар экенине ишенем жана Анын бул ааламды башкараарын кабыл алам.119

 

Аллан Сэндидж

Биздин замандын эң белгилүү астроному Аллан Сэндидж динди кийинчерээк кабыл алган бир окумуштуу. 1998-жылы сырткы бети «Илим Аллахты табууда» деген тема менен жарык көргөн «Newsweek» журналына берген маегинде Сэндидж динди кабыл алышын төмөнкүчө түшүндүргөн:

Менин бул жыйынтыкка келишиме дүйнөнүн илим менен түшүнүүгө болбой турган татаалдыгы себеп болду. Жашоонун сырын ыйман менен гана түшүнө алдым.120

 

Сесил Бойс Хаманн

Сент-Луис университетинде биология профессору болуп эмгектенген жана Эсбери университетинде биология сабактарын берген Хаманн биздин замандын Аллахка бекем ишенген илимпоздорунун бири. Хаманн ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

Илим дүйнөсүндө көзүмдү кайсы жакка бурбайын, улуулардын улуусу бир Жараткандын бар экенин көрсөткөн теңдешсиз мыйзам жана тартиптерди көрдүм. Жаратылуунун абдан теңдешсиз үлгүлөрүнө күбө болдум... Ооба Аллахтын бар экенине мен да ишенем. Анын бул ааламды жаратып коргоп тураарын жана бүт нерсеге кудуреттүү экенин кабыл алам. Муну менен эле бүтпөйт. Адам деп аталган жандыктын бардык атомдорун Анын коргоп тураарын да кабыл алам.121

 

Пол Эрнест Адольф

Сент-Джон университетинде эмгектенген, Америка хирургдар бирикмесинин мүчөсү профессор Адольф жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүнүн натыйжасында Аллахка бекем ишенген бир окумуштуу. Профессор Пол Эрнест Адольф Жаратканга болгон ишенимин төмөнкүчө билдирген:

Мен Аллахка эч күмөн санабастан, толук ишенем. Жана бул ишенимим алектенген илим тармагым мени тастыктап, бекемдеген бир ыйман...

Суроого жообум мындай: ооба, ааламда бир Жараткан бар.122

 

Лестер Джон Циммерман

Пердью университетинде докторантурасын аяктап, Гошен университетинде айыл-чарба жана математика профессору болгон Зиммерман Аллахка болгон ишенимин төмөнкүчө айткан:

Эч күмөнсүз, бүт баары Аллахтын улуу кудурети менен пайда болгон. Бүт баарына жүрө турган жолун көрсөткөн жана чийген Ал. Жер кыртышы жана өсүмдүктөр тууралуу изилдөөлөрүм тереңдеген сайын, Аллахка ыйманым да ошончолук өстү...123

 

Энрико Меди

Белгилүү италиялык илимпоз 1971-жылы Римдеги эл аралык бир конференцияда окумуштуу күбө болгон кереметтерди жана барган натыйжасын төмөнкүчө баяндаган:

Космостун жана убакыттын сыртында бүт нерселердин кожоюну болгон жана бүт баарын ушундай кылып жараткан бир себеп бар... Жана ал Жараткан Аллах.124

 

Уэйн Оулт

Профессор Оулт Колумбия университетинде докторантура окуган жана Нью-Йорк геохимия лабораториясында изилдөө башчысы болуп иштеген. Ал илимий изилдөөлөрдүн адамдын Аллахка болгон ишенимин күчтөндүрөөрүн төмөнкүчө белгилеген:

Аныгы, илим тепкичтеринен көтөрүлүү, заттардын пайда болушунун мүнөзүн жана себептерин изилдөө адамдын мээсин башка жандыктардан айырмалаган эң негизги жана эң маанилүү сыпаттардын бири. Ааламды бир кудуреттин жаратканын кабыл алган жана илимий изилдөөлөргө ошол ыйманы менен сүңгүгөн бир илимпоз илимий иштерин улантууда сөзсүз түрдө Аллахка болгон ишенимин бекемдей турган далилдерге жолугат.125

 

Майкл П. Жируар

Түштүк Луизиана университетинде биология профессору болуп эмгектенген Майкл Жируар жашоонун кокусунан пайда боло албашына, жашоонун пайдубалы болгон белоктордун жана клетканын абдан татаал жана кемчиликсиз түзүлүшүнүн Аллахтын чыгармасы экендигине ишенген замандаш илимпоздордун бири.

Профессор Жируар Түркиядагы «Илим изилдөө фонду» (Bilim Araştırma Vakfı) тарабынан 1998-жылы 5-июльда уюштурулган «Эволюция теориясынын кыйрашы: жаратылуу акыйкаты» аттуу экинчи эл аралык конференцияга катышкан. Ал конференцияда «Жашоо кокусунан пайда болушу мүмкүнбү?» деген темада доклад жасап, Жаратканга болгон ишенимин илимий далилдер менен баяндаган жана сөзүн төмөнкүчө жыйынтыктаган:

Организмдердин түзүлүшү бул лаборатория экспериментинде жасалгандан алда канча татаал жана башкача бир түзүлүш. Химия жана физика мыйзамдарын карасак жана бул тууралуу пикирин билгибиз келсе, лабораториядагы химия жана физика эрежелери бизге мындай дейт:

Сөзсүз бир мээ болушу шарт, сөзсүз Жаратуучу бар, бул маалыматты жөнгө салган бир Жараткан бар. Бул билдирүү дүйнөдөгү эң илимий билдирүү бойдон калууда. Физика жана химия мыйзамдары бизге эч күмөнсүз мындай дейт: эволюция жана жансыздан жандуунун пайда болушу мүмкүн эмес. Илимий далилдерге таянуу менен, бул менин сөзүмдүн эле эмес, ошол эле учурда эволюциянын да бүтүшү.


Эдвард Будро

Жаңы Орлеан университетинин химия профессору Эдвард Будро химиялык элементтерди Аллахтын жашоону жаратууга ылайык кылып жөнгө салганына ишенет.

Профессор Будро 1998-жылы Стамбулда уюштурулган «Эволюция теориясынын кыйрашы: жаратылуу акыйкаты» аттуу эл аралык конференциялар сериясынын экинчисинде «Химиядагы долбоор» аттуу докладында мындай деп сүйлөгөн:

Биз жашап жаткан дүйнөнү жана бул дүйнөнүн мыйзамдарын биз адамдардын жашоосуна эң ылайыктуу кылып Аллах жараткан.

 

Кеннет Камминг

АКШдагы Жаратылууну изилдөө институтунда эмгектенген, биохимия жана палеонтология тармактарында дүйнөгө таанымал илимпоз профессор Кеннет Камминг эволюция теориясына каршы экенин жана Аллахтын бар экенине ишенээрин төмөнкүчө билдирген:

Менин оюмча, буга байланыштуу көптөгөн далилдер теориясын барксыздыгын көрсөттү. Эволюция үчүн чыгарылган далилдер жокко чыгарылып, эволюция көз-карашынын кыйрагандыгы көрсөтүлүшү шарт. Айланабызда көргөн нерселерибиздин баары, бардык вариациялары менен бирге жаратылуунун бир бөлүгү жана бүт баарын абдан улуу жана абсолюттук акылман зат Аллах жараткан.126

 

Карл Флирманс

Учурдагы АКШнын эң таанымал илимпоздорунун бири профессор Флирманс Индиана университетинде микробиология профессору. «Химиялык калдыктарды бактерияларды колдонуп нейтралдаштыруу» багытында Американын коргоо министрлигинин колдоосу менен изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор Флирманс Стамбулдагы «Эволюция теориясынын кыйрашы: жаратылуу акыйкаты» аттуу конференцияга катышкан жана биохимиянын деңгээлинде эволюция көз-караштарын четке кагып, Аллахка болгон ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

Заманбап биология жандыктардын эч качан эволюция аркылуу пайда болбогондугун далилдөөдө жана Аллахтын улуу жаратуусуна далил болууда.

 

Дэвид Ментон

«30 жылдан бери жандыктардын анатомияларын изилдейм. Бардык изилдөөлөрүмдө Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көрдүм»127 деп Аллахка болгон ишенимин белгилеген Дэвид Ментон Вашингтон университетинин анатомия профессору.

 

Джон Моррис

Белгилүү геолог, профессор Джон Моррис АКШда жаратылууну жактаган илимпоздор түзгөн эң натыйжалуу уюм болуп эсептелген ICR (Institute for Creation Research – Жаратылууну изилдөө институту) мекемесинин жетекчиси. Профессор Моррис Аллахка болгон ишенимин жана эволюция теориясынын илим тарабынан жокко чыгарылганын бир сөзүндө төмөнкүчө белгилеген:

Биз кесипкөй жана докторлук даражасы бар окумуштуулар катары динчилбиз жана Аллахка ишенебиз, Аллахтын Жараткан экендигине чын жүрөктөн ишенебиз. Жараткан, жашообузду башкарган жана моюн сунушубуз керек болгон зат – Аллах. Өмүрүбүз үчүн Ага карыздарбыз жана Аллахты ыраазы кылууга милдеттүүбүз.128

 

Артур Пикок

Учурдагы белгилүү биохимиктердин бири жана, ошондой эле, Оксфорд университетиндеги Ян Рамсей борборунун жетекчиси Артур Пикок Аллахка болгон ишенимин төмөнкүчө баяндайт:

Аллах жаратат жана жаратылган дүйнөнүн убактысынын ар бир көз ирмеминде бар, Аллах өткөн чактан жана келечектен жана азыркы убакыттан жогору турат; Аллах түбөлүктүү, анткени Ал болбогон эч бир убакыт жок жана келечекте Ал болбогон эч бир убакыт болбойт.129

 

Альберт Макомп Уинстис

Техас университетинде докторлук даражага ээ болуп, Бэйлор университетинде биология профессору болгон жана белгилүү убакытка Флорида илимдер академиясына жетекчилик кылган профессор Уинстис илимий изилдөөлөрдүн Аллахка болгон ишенимин бекемдегенин төмөнкүчө белгилеген:

Мен ар кайсы илим тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзүп, көп жылдарын ушул жолго арнаган бир адам катары, илим дүйнөсүндө Аллахка болгон ишенимиме күмөн сала турган эч нерсеге жолукпаганымды чын жүрөктөн айткым келет. Илимий изилдөөлөр менин Аллахка болгон ишенимимди ансайын күчтөндүрдү. Жана мурдакыга караганда алда канча бекемдеди.130

 

Махди Гульшани

Тегерандагы Шариф университетинде физика профессору болуп эмгектенген Махди Гульшани «Newsweek» журналында жарыяланган бир маегинде Аллахка болгон ишенимин жана илимий изилдөөлөрдүн дин менен бир бүтүн экенин төмөнкүчө белгилеген:

Табигый кубулуштар Аллахтын ааламдагы издери жана аларды изилдөө дээрлик диндин бир милдети. Куран адамдарга «жер жүзүн аралап кыдыргыла жана жаратууну кантип баштаганыбызды бир карагыла» деген аятты билдирген. Изилдөө бир ибадат, ал аркылуу Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу жакшыраак байкалат.131

 

Эдвин Фауст

Оклахома университетинде докторлук даражага ээ болуп, ошол эле окуу жайдын физика бөлүмүндө эмгектенген профессор Фауст заттын курулуш материалы болгон атомдордун өзүнөн-өзү биригип, бүт ааламды жана жандыктарды эч качан пайда кыла албай тургандыгын жактайт жана Аллахтын бар экенине ишенээрин төмөнкүчө белгилейт:

Адам эң аягында ааламдагы системаны түзгөн «табият мыйзамдары» ааламдын биз көргөндөй иштешин каалаган Улуу бир Акылдын далили деген тыянакка келет. Бөлүкчөлөрдү акыл менен жараткан себеп алардын кандай касиеттерге ээ болоорун да аныктаган.132

 

Чарльз Х. Таунз

Лазерди ачкан Таунз Беркли университетинде изилдөөлөрүн улантууда. Таунз Аллахка ишенээрин төмөнкүчө белгилеген:

Динчил адам катары, Жараткандын бар экенин жана бүт ааламга тийгизген таасирин терең сеземин.133

 

Джон Полкингорн

Кембридж университетинде өзгөчө бөлүкчөлөрдүн физикасы тармагында адистешкен, белгилүү физик Джон Полкингорн «Newsweek» журналына берген маегинде Аллахка болгон ишеними тууралуу мындай деп айткан:

Табият мыйзамдарынын биз көрүп турган ааламды жаратуу үчүн канчалык кереметтүү жөнгө салынганын байкаганыңызда, аалам жөн гана пайда болгон эмес, артында бир максат бар деген ойго ишенесиз... Мен үчүн Аллахка ишенүүнүн негизги элементи – бул ааламдын артында бир ойдун жана максаттын бар болушу.134

 

Хью Росс

Торонто университетинде физика профессору болуп эмгектенген белгилүү америкалык астрофизик Хью Росс «Reasons to Believe» (Ишенүү үчүн себептер) аттуу жаратылууну (креационизмди) жактаган уюмдун жетекчиси. Космология менен жаратылуунун ортосундагы байланышка арналган көптөгөн белгилүү китептери бар. Мисал катары, «The Creator and the Cosmos» (Жараткан жана космос), «Creation and Time» (Жаратылуу жана убакыт), «Beyond the Cosmos» (Космостун ары жагында) аттуу китептерин айтууга болот. Росстун ааламдын бир Жараткан тарабынан жаратылганын жактаган сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Эгер убакыт менен зат жарылуудан келип чыккан болсо, анда ааламды пайда кылган себеп ааламдагы убакыт менен мейкиндиктен бүтүндөй көз-карандысыз болушу шарт. Бул бизге Жараткандын ааламдагы бүт чен-өлчөмдөрдөн жогору экендигин көрсөтөт.135

Акылман жана улуу Жаратуучу ааламды жоктон жараткан. Акылман жана улуу Жаратуучу ааламды долбоорлогон. Акылман жана улуу Жаратуучу жер планетасын долбоорлогон. Жана акылман жана улуу Жаратуучу жашоону долбоорлогон.136

 

Дуэйн Гиш

Калифорния университетинде биохимия профессору болуп эмгектенген Дуэйн Гиш Жаратканга болгон ишеними жана эволюция теориясына каршы күрөшү менен белгилүү, таанымал илимпоз. Гиш дүйнө жүзүндө эволюция теориясынын жараксыздыгына арналган конференцияларга жана дүйнөнүн алдыңкы эволюционисттери менен талкууларга катышып атагы чыккан.

Профессор Гиш 1998-жылы Түркияда уюштурулган «Эволюция теориясынын кыйрашы: жаратылуу акыйкаты» аттуу конференцияларга 3 жолу катышып доклад жасаган. Гиштин эволюция теориясынын кыйрагандыгын жана жаратылууга толук ишенээрин белгилеген сөздөрүнүн бири төмөнкүдөй:

Эволюция теориясы өмүрүнүн аягына келди. Жаратылуу (креационизм) идеясы болсо бекем далилдерге таянууда. Миңдеген илимпоз жаратылуу идеясын көбүрөөк ынанымдуу деп эсептөөдө. Бул сан күн сайын өсүүдө.137



 

Пьер Гуннар Джерльстрем

Гриффит университетинин молекулярдык биология профессору Джерльстрем өз тармагында көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, изилдөөлөрү үчүн илимий сыйлыкка ээ болгон. Көптөгөн илимий журналдарда макалалары жарыяланган доктор Джерльстрем жаратылууга ишенген илимпоздордун бири.138

 

Стефан Грокотт

Батыш Австралия университетинин өнөр-жай химия адиси Грокотт аналитикалык жана өнөр-жай химиясы тармактарында көп жылдар бою терең изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бул тармакта көптөгөн макалаларды жарыялаган Грокотт башында эволюционист болгон, бирок кийинчерээк жаратылуунун ачык-айкын далилдерин көрүп эволюция теориясын таштап жаратылууга ишене баштаган. Грокотт жаратылуу далилдерине арналган көптөгөн конференцияларга катышып доклад жасаган.139

 

Дмитрий Кузнецов

Көптөгөн окумуштуулар илимий акыйкаттарды көрүп, Аллахка жана динге ишене баштайт деген ойду айткан орус илимпоз Кузнецов эволюционисттер менен болгон илимий талкуулары менен да белгилүү.140

 

Эмиль Сильвестру

Румыниядагы Бабес-Больяи университетинин профессору доктор Сильвестру үңкүрлөрдүн геологиясы тармагында дүйнөгө таанымал окумуштуу. Эл аралык илимий журналдарда илимий макалалары жарыяланган жана дүйнөдөгү алгачкы үңкүр илими институтун жетектеген доктор Сильвестру жаратылууну жактаган илимпоздордун бири.141

 

Андрэ Эгген

Жаныбарлардын генетикасы тууралуу терең изилдөөлөрдү жүргүзгөн генетик, доктор Андрэ Эгген учурда Франция өкмөтүнүн программасы боюнча изилдөөлөрүн улантууда. Эгген жаратылууга ишенген илимпоздордун бири.142

 

Ян Макриди

Доктор Макриди молекулярдык биология жана микробиология тармактарында абдан маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн, белгилүү окумуштуу. 60тан ашуун изилдөөсү менен Макриди Австралиянын илимий жана өнөр-жай изилдөөлөрү уюмундагы (Commonwealth Scientific and Industrial Research Organization) Биомолекулярдык изилдөө институтунун башкы изилдөөчү адиси. Жаратылууга ишенген бул кадырлуу окумуштуу, ошондой эле, Австралия микробиология бирикмеси тарабынан берилген эң чоң сыйлыктын да ээси.143

 

Андро Синоваиви

Дүйнөгө таанымал физиолог Андро Синоваиви 1925-1946-жылдары Түндүк батыш университетинин физиология жана фармакология бөлүмдөрүн жетектеген. 1946-1953-жылдары Чикагодогу Иллинойс университетинде медицина профессору жана декандын орун басары болуп иштеп, кийинчерээк Клиника бөлүмүн жетектеген. «Ааламды жараткан бир Жаратуучу барбы?» деген суроого «ооба, мен Анын бар экенине ишенем» деп жооп берген жана Аллахка болгон ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

Мен Аллахтын бар экенине өзүмдүн бар экениме жана колумдагы буюмдун бар экенине ишенгендей ишенем. Аллахтын бар экенине болгон ишенимим чындыгында заттар ааламын маанилүү кылган эң улуу жана бирден бир ой жүгүртүү жолу. Аллахка ишенүү адам деп аталган жандыкка зат менен энергия жыйындысы болуудан алда канча улуу маани кошот. Аллахтын бар экенине ишенүү сүйүүгө байланыштуу эң улуу жана адамгерчиликтүү ойлордун булагы.144

 

Раймонд Джоунс

Австралиянын мамлекеттик илимий изилдөөлөр уюмунда (CSIRO) көп жылдар бою кызмат кылган изилдөөчү окумуштуу Джоунс айыл-чарбада «Леукена» (Leucaena) аттуу маселени чечип, Австралиянын айыл-чарба тармагына миллиондогон доллар киреше алып келгени менен белгилүү. Джоунс жаратылууга ишенген илимпоздордун бири.145

 

Джулс Х. Пойрир

Пойрир электроника тармагында долбоорчу инженер жана Америка мамлекетинин жогорку кубаттуу коргонуу жана космостук долбоорлорунда эмгектенет. Калифорния университетинде электроника инженериясы, физика жана математика тармактарында иштеген Пойрирдин долбоорлору Американын көптөгөн космостук жана коргонуу программаларында колдонулган. Пойрир организмдердеги улуу акылдын үлгүлөрүн көрүп, алардын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын байкаган. Пойрир бул тууралуу монарх-көпөлөктөрүндөгү кереметтүү долбоорго арнап «From Darkness to Light to Flight: Monarch-the Miracle Butterfly» (Караңгыдан жарыкка, учууга: монарх – кереметтүү көпөлөк) аттуу китеп жазган.146

 

Майкл Бихи

Ааламдын жана бардык жандыктардын акылдуу долбоор менен жаратылганын жактаган эң белгилүү илимпоздордун бири – бул, Майкл Бихи. Бихи Пенсильваниядагы Лихай университетинин биохимия профессору. «The New York Times» жана «Boston Review» сыяктуу белгилүү гезиттерде көптөгөн макалалары жарыяланган Бихи «Darwin's Black Box» (Дарвиндин кара кутусу) аттуу китептин да автору.

Эволюция теориясынын биология жагынан кабыл алынгыс бир теория экендигин далилдеген бул китептин эл аралык деңгээлде 80ден ашуун басылмасы жарык көргөн.

Бихи өзү «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк» деп атаган бир түшүнүк аркылуу эволюция теориясынын жараксыздыгын далилдейт. Бул түшүнүк боюнча, организмдердеги көптөгөн органдар көптөгөн ар кандай бөлүктөрдүн биргелешип, бири-бирине шайкеш иштешинин натыйжасында өз кызматын аткарат. Эгер бөлүктөрдүн бири иштебей калса, ал бүт организмге таасир берет жана организм функцияларын жоготот. Ошондуктан организмдер кокусунан же акырындык менен эч качан пайда боло албайт.

Майкл Бихи «Дарвиндин кара кутусу» аттуу китебинде мындай дейт:

Булар табияттын мыйзамдары тарабынан, кокусунан же кандайдыр бир зарылдыктан улам долбоорлонгон эмес; негизи булар алдын ала пландалган. Долбоорду түзгөн системалардын эң акыркы абалынын кандай болоорун эң жакшы билет, ошондуктан системалардын пайда болуу кадамдарынын ар бири пландалган.

Жер бетиндеги жашоо да эң жөнөкөйүнөн эң маанилүү бөлүктөрүнө чейин ошол акылдуу долбоордун натыйжасы. Акылдуу долбоордун жыйынтыгы негизи бүт чындыгын өзүнүн ичинде камтыйт. Биохимиялык системалардын акылдуу долбоорчунун (дизайнер) чыгармасы экендигин түшүнүү үчүн жаңы принципке таянган бир логика же илим талап кылынбайт. Акыркы кырк жылдын ичинде биохимия тармагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр ансыз да бул акыйкатты көрүүгө жетиштүү жана ачылыштар күнүмдүк жашообузда көргөн нерселерибиз.147

 

Филипп Джонсон

Чикаго университетинде укук бөлүмүнүн профессору болуп эмгектенген Джонсон эволюция теориясынын идеологиялык тарабын камтыган көптөгөн изилдөөлөрдүн ээси. Бул багытта Джонсон «Darwin on Trial», «Reason in the Balance», «Objection Sustained» аттуу үч китептин жана, ошондой эле, кылмыш мыйзамы тууралуу 3 китептин жана көптөгөн макалалардын автору.

Джонсон эволюция теориясына каршы жүргүзгөн жигердүү күрөшү менен белгилүү жана, ошондой эле, Аллахка ишенген илимпоздордун бири. Джонсондун Аллахка ишенээрин белгилеген сөздөрүнүн бири төмөнкүдөй:

... Материалисттик эволюцияга каршы чакырыкты алдыга жылдыргым келет. Келгиле, Жараткандын айланасына биригели.148



 

Чарльз Бирч

Австралиядагы Сидней университетинин профессору Бирч Жаратканга ишенген илимпоздордун бири. 1990-жылы динге кызмат кылган илимпоздорго берилчү «Диндин жайылышына салым кошкондугу үчүн Темплтон сыйлыгына» ээ болгон. Бирч Аллахка болгон ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

... Бардык баалуулуктардын булагы Аллах «адамга колдорунан жана дем алуусунан да жакын». Аллахтын бар экендиги анык.149

Дүйнөнү жараткан да, дүйнөнү жашаткан да Аллах.150

 

С. Джоселин Белл Бернелл

Англия Ачык университетинин физика профессору жана физика бөлүмүнүн башчысы Бернелл пульсар жылдызын ачкан астронавттардын бири. Аллахка ишенген Бернелл бул ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

... Кудуреттүү, баарынан кабардар, ошондой эле, коргоп турган жана кечиримдүү Аллахка ишенем... Жалгыз Аллахтын бар экендигине анык ишенем...151

 

Оуэн Гингерич

Гарварддагы Смитсон астрофизика борборунда астрономия жана илим тарыхынын профессору болуп эмгектенген Гингерич Аллахка ишенген окумуштуулардын бири. Гингерич диний ишенимин төмөнкүчө белгилеген:

... Ааламдын жаратылуусун пландаган жана башкарган улуу акылман Аллахка ишенем... Адамзаттын жаратылуусунун ааламдын негизги принциби экендигине жана адамзаттын өзгөчө аң-сезими, абийири жана адеп-ахлагы аркылуу туураны туура эместен айырмалоо эркиндиги менен бирге Аллахтын көрүнүшү катары жаратылгандыгына ишенем.152

 

Карл Фридрих фон Вайцзеккер

Германиядагы Макс-Планк-Гезельшафт университетинин физика жана философия профессору Вайцзеккер Аллахка ишенимин төмөнкү сөздөрү менен белгилеген:

... Швейцариянын Юра тоолорунда жылдыздуу кооз бир түндө эки нерсеге анык ишендим: Аллах ушул жерде жана жылдыздар заманбап физика бизге айткандай газ жыйындыларынан турат.153

 

Давид Берлинский

Принстон университетинин математика профессору Берлинский организмдердин эволюция болбогондугун, тескерисинче акылдуу долбоордун натыйжасы экендигин жактайт. Берлинский ал долбоордун ээсинин Аллах экендигин көп сөздөрүндө айткан. Берлинскийдин бул тууралуу төмөнкү сөздөрүн мисал келтирүүгө болот:

... Жашоонун түзүлүшү татаал жана татаал түзүлүштөр кылдат долбоор менен жасалат. Бир оймокту жасаш үчүн да акыл керек: демек жашоодо пайда болгон нерселер эмне үчүн башкача жол менен пайда болсун?154

Молекулярдык биология жандуу организмдердин бүт баарын Аллах жаратканын көрсөтөт.155

 

Уильям Лейн Крейг

Бирмингем университетинин философия профессору жана Мюнхендеги Людвиг Максимилиан университетинин теология профессору Крейг ааламды Аллахтын белгилүү бир максат менен жоктон жаратканына ишенет. Крейгдин бул тууралуу көз-караштарын төмөнкү сөздөрүнөн көрүүгө болот:

Ааламдын бар болушунун бир себеби бар. Ааламдын себебинин жалгыз Жаратуучу экендигине ишенем. Болбосо, түбөлүктүү таасирден кантип убактылуу таасир пайда болот?.. Философия тармагында да, илимий тармакта да ааламдын башталышынын бар экени көрүнүп турат. Бир нерсе бар болсо, аны пайда кылган бир себеп бар. Ал себеп себепсиз, түбөлүктүү, өзгөрүлгүс жана убакыттан жана заттан сырткары. Жана көз-карандысыз бир эрк бар. Жыйынтыктап айтканда, Аллахтын бар экенине ишенүүнүн акылга туура келээрине ишенем.156

Чындыгында «жоктуктан жоктук гана чыгат» эрежесине ылайык, Биг Бенгдин табияттан жогору турган бир себеби болушу шарт. Жарылуудан мурдакы жалгыздык бардык убакыт-мейкиндик түшүнүктөрүнүн бүткөн чеги болуп эсептелет, демек Биг Бенгдин физикалык бир себебинин болушу мүмкүн эмес.

Тескерисинче, Биг Бенгдин себеби физикалык мейкиндиктен жана убакыттан бүтүндөй сырткары (жогору), ааламдан толугу менен көз-карандысыз жана укмуш кудуреттүү болушу шарт. Ошондой эле, ал себеп өзүнүн көз-карандысыз эрки бар, аң-сезимдүү бир зат болушу керек... Ошондуктан ааламды пайда кылган себеп – ааламды жеке өзүнүн эрки менен белгилүү убакыт мурда жараткан бир Жаратуучу.157

 

Курт Вайс

Брайан университетинин Математика жана табият таануу бөлүмүнүн профессору, палеонтолог Курт Вайс эволюция теориясына каршы чыгышы жана күчтүү Аллах ишеними менен белгилүү. Доктор Вайс Аллахка болгон ишенимин төмөнкүчө белгилеген: «Жаратылуу бир теория эмес. Аллахтын ааламды жараткандыгы бир теория эмес, чындыктын дал өзү...»158

 

Зигфрид Хартвиг Шерер

Цюрих университетинин антропология профессору Шерер «Ramapithecus-Progenitor of Humans?» аттуу китептин автору. Эмгектеринде фоссил калдыктарынын эволюция теориясын четке кагаарын, маймылдардын адамдардын түпкү атасы эмес экенин далилдеп көрсөткөн Шерер организмдерди бир Жаратуучунун жаратканына анык ишенет.159

 

Дж.П. Морланд

Түштүк Калифорния университетинин философия профессору Морланд «Христиан дини жана илимдин табияты», «Жаратылуу гипотезасы» аттуу китептердин автору, Жаратканга ишенген илимпоздордун бири.160

 

Пол А. Нельсон

Чикаго университетинин Биология философиясы боюнча профессору Нельсон организмдердин акылдуу долбоордун натыйжасы экендигин жактаган илимпоздордун бири.161

 

Джонатан Уэллс

Йель университетинин Дин иштери боюнча профессору жана Беркли университетинин Молекулярдык жана клеткалардын биологиясы боюнча профессору Уэллс «Charles Hodge's Critique of Darwinism» (Чарльз Ходждун дарвинизмди сындоосу) аттуу китептин автору.

Уэллс илимдин акыркы жетишкендиктери организмдердин пландалып жаратылганын көрсөтөт дейт.162

 

Дон Баттен

Өсүмдүктөрдүн физиологиясы тууралуу көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана ал изилдөөлөрү үчүн көптөгөн илимий сыйлыктарды алган доктор Баттен Аллахтын бар экенине ишенген, динчил илимпоз. Өсүмдүктөрдүн физиологиясынан тышкары, жер жүзүндөгү жаратылуу далилдерине арналган көптөгөн китептери жана макалалары жарык көргөн. Ошондой эле, дүйнө жүзүн кыдырып «Жаратылуу тууралуу жооптор» деген аталышта конференцияларды өткөрүп, катардагы адамдар түшүнө ала турган жөнөкөй тил менен адамдарга Аллахтын жаратуу далилдерин айтып жеткирүүдө. Австралиялык окумуштуу алгачкы турнесин 1995-жылы Англияда уюштурган.163

 

Джон Баумгарднер

Калифорния университетинин Геофизика жана космостук физика тармактарынын профессору Баумгарднер эволюция теориясына негизделген системада билим алганына карабастан, теориянын жооп таба албаган тараптары тууралуу жүргүзгөн изилдөөлөрү анын бул теорияны четке кагып, жаратылууну кабыл алышына себеп болгон.164

 

Дональд Читтик

Орегон штаттык университетинин химия профессору жана жүргүзгөн изилдөөлөрү үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Читтик жаратылууга ишенет жана «Жаратылуунун далилдери», «Жаратылуу жана алгачкы дүйнө» сыяктуу көптөгөн темаларда жаратылуу тууралуу семинарларга баяндамачы катары катышат.165

 

Вернер Гитт

Германия федералдык физика жана технология институтунун профессору жана жетекчиси доктор Гитт маалымат, математика жана башкаруу инженериясы тармактарында көптөгөн илимий макалаларды жазган. Ошондой эле, жаратылууга ишенген Гиттин эволюция теориясын сындаган көптөгөн китептери бар: мисал катары «Did God Use Evolution» (Аллах эволюцияны колдонгонбу?), «In the Beginning was Information» (Башында маалымат бар болчу), «Stars and their Purpose: Signposts in Space» (Жылдыздар жана алардын максаттары: космостогу белгилер) жана «If Animals Could Talk» (Жаныбарлар сүйлөй алганда) аттуу китептерин берүүгө болот.166

 

Гарри Э. Паркер

Болл мамлекеттик университетинин биология, физиология жана геология тармактарынын профессору Паркер карьерасынын башында эволюционист болгон. Бирок жаратылуунун күчтүү илимий далилдерин көрүп, эволюция теориясынан баш тартып, Жараткандын бар экенин кабыл алган. Биология жана жаратылуу илими тууралуу көптөгөн китептери жарык көргөн жана учурда жаратылуу илими тууралуу семинарларга баяндамачы катары катышат.167

 

Маргарет Хельдер

Альберта жаратылуу илимдери коомунун жетекчиси, белгилүү окумуштуу, ботаник доктор Хельдер жаратылууга ишенген аял илимпоздордун балким эң активдүүсү болушу керек. Айлана-чөйрөбүздөгү жаратылуу далилдерин камтыган көптөгөн макалалардын автору.168

 

Джонатан Д. Сарфати

Виктория Веллингтон университетинин химия профессору Сарфати жүргүзгөн көптөгөн изилдөөлөрү үчүн илимий сыйлыктарга ээ болгон. Сарфати да эволюция теориясын таштап, жаратылууга ишенген илимпоздордун бири.169

 

Роберт Мэттьюз

Оксфорд университетинин физика профессору Роберт Мэттьюз 1992-жылы жарык көргөн китебинде Аллахтын жаратуу кереметин төмөнкүчө сүрөттөгөн:

Бул процесстердин баары кемчиликсиз шайкештик менен алгач жалгыз клеткадан жандуу наристеге, андан соң жаш балага, аягында бойго жеткен адамга чейин уланат. Бул окуялардын баарын биологиянын бардык баскычтарынан көрүнүп тургандай керемет менен гана түшүндүрүүгө болот. Ушунчалык кемчиликсиз жана татаал организм кантип ушунчалык жөнөкөй жана кичинекей бир клеткадан пайда болот? Бир кичинекей (i) тамгасынын үстүндөгү чекиттен да кичинекей болгон бир клеткадан бир кереметтүү АДАМ жаратылат? Бул анык керемет.170

 

Клод Тремонтан

Париж университетинде эмгектенген доктор Клод Тремонтан «Realities» аттуу журналда чыккан бир маегинде жаратылууга ишенээрин жана дүйнөнүн пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгын төмөнкүчө белгилеген:

Биздин дүйнөбүздүн жаратылуусун эч бир кокустуктар теориясы түшүндүрө албайт. Тирүү организмдер кокусунан жаратылган деген пикирди жактоонун эч кандай мааниси жок.171

 

Дон Пейдж

Дон Пейдж 1976-жылы Калифорния техникалык институтунда физика жана астрономия тармагында докторлук даражага ээ болгон жана атактуу илимпоздор менен иштеген. Пейдж ааламды түшүнүүнүн Аллахтын акылын жана кудуретин түшүнүүгө жардам берээрине, бирок Аллахтын акылын жана кудуретин түшүнүүнүн аалам менен чектелбей тургандыгына ишенчү.172

 

Эндрю Снеллинг

Геология профессору доктор Снеллинг CSIRO, ANSTO сыяктуу белгилүү изилдөө топтору жана америкалык-британиялык-япониялык-швейцариялык көптөгөн илимпоздор менен бирге изилдөө долбоорлоруна катышкан. Ал изилдөөлөрү илимий макалалары аркылуу көптөгөн эл аралык илимий журналдарда жарык көргөн.

Жаратылуу илимине кошкон салымдары үчүн көп жолу сыйлыкка ээ болгон Снеллингдин организмдердеги жаратылуу далилдерине арналган көптөгөн макалалары бар.173

 

Карл Виланд

Доктор Виланд жаратылуунун илимий далилдери боюнча көп талап кылынган баяндамачы. Жаратылуу далилдерине арналган көп сандагы макалалары көптөгөн эл аралык журналдарда жарык көргөн.174

 

 

МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР

 

Илимдин тарыхын караганыбызда ачылыштарды жасап, илимий прогресске жол ачкан илимпоздордун көпчүлүгүнүн Аллахка бекем ишенгендигин көрөбүз. Аллахка болгон ишенимдин илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон айкын мисалдарынын бирин Ислам тарыхынан көрүүгө болот. Ислам адеп-ахлагы менен тарбияланып, бүт жашоосуна жана илимге байланыштуу иш-аракеттерине Куран аяттарын пайдубал туткан мусулман илимпоздор азыркы учурдагы жогорку цивилизацияга өтө чоң салым кошушкан.

Ислам дининин жайылышы менен бирге мусулман илимпоздордун да саны өсүп, заманбап илимге пайдубал түзө турган ачылыштарды жасашкан. Ислам тарыхын караганыбызда Куран менен бирге Жакынкы Чыгыш аймагына илимдин да келгенин көрөбүз.

Мусулман илимпоздор биринчи кезекте батышта Рим жана чыгышта Кытай баш болгон башка өлкөлөрдө иштелип чыккан илим менен технологиядан пайдаланышкан жана маанилүү булактарды которушкан. Ал илимий булактарды ыйман жана техника жагынан туура эмес же негизсиз бөлүктөрдөн тазалап, өздөрүнө пайдалуу бөлүктөрүн калтырышкан. Биринчи кадам катары жасалган бул иш-аракеттерден соң, алынган маалыматтарды баалап чечмелеп, илим менен технологияга салым кошо башташкан.

8-кылымда башталып, 15-кылымга чейин уланган бул процессте мусулман илимпоздор техникалык илимдер, медицина, астрономия, математика жана химия сыяктуу көптөгөн тармактарда маанилүү натыйжаларга ээ болуп, цивилизация жана маданият жагынан кыска убакытта өздөрүн бүт дүйнөгө таанытышкан. «Исламдын алтын доору» же «Исламдын ренессансы» деп аталган бул доордо мусулмандар ачылыштары аркылуу көптөгөн тармакта илимдин өнүгүшүнө салым кошуп, кийинки муундун илимпоздоруна жол көрсөтүшкөн. Говард Тернер «Science in Medieval Islam» (Орто кылымдагы Исламда илим) аттуу китебинде ал доор тууралуу мындай деп айткан:

Мусулман искусство адамдары менен илимпоздор, ханзаадалар менен жумушчулар жалпылай бардык материктердеги элдерге түздөн-түз жана кыйыр түрдө таасир тийгизген теңдешсиз маданиятты түптөшкөн.175

 

«Байт аль-хикма» (акылмандык үйү) жана мусулман илимпоздордун дүйнөнүн тарыхына таасирлери

Мусулмандар 7-8-кылымдардагы жеңиштеринин натыйжасында дүйнө тарыхында болуп көрбөгөндөй чоң империяны түзүшкөн. 8-кылымда Аббасид халифи империянын борбор шаарын Дамасктан Багдадга көчүргөн жана батышта «House of Wisdom» (акылмандык үйү) деп айтылган «Байт аль-хикманы» түптөгөн. Байт аль-хикма мусулман илимпоздордун жасаган илимий изилдөөлөрүнүн натыйжасында илим, философия, медицина жана билим берүү тармагында дүйнө жүзүндө теңдеши жок илимий борборго айланган. Байыркы Рим, Кытай, Индия, Иран, Египет, Түндүк Африка, Греция жана Византия цивилизацияларына таандык көптөгөн илимий эмгектер Байт аль-хикмада араб тилине которулган жана мусулман окумуштуулар ал эмгектердеги маалыматтарды өнүктүрүп, бүгүнкү күндөгү көптөгөн илим тармактарын түптөшкөн жана тажрыйбада колдонушкан. Илимдин тарыхында бул кылымдар «араб илими» деп да айтылат, анткени ал доордо араб тили дүйнө жүзүндө илимдин эне тили катары кабыл алынган. Мындан тышкары, 756-жылы Түштүк Испанияда Андалусияда курулган Андалусия Омейяд мамлекетиндеги мусулман окумуштуулардын жасаган илимий жана чыгармачылык эмгектери да дүйнөнүн илимине жана маданиятына маанилүү салым кошкон.

Бул тууралуу Роберт Бриффо «The Making of Humanity» (Адамзаттын калыптанышы) аттуу китебинде мындай деп жазган:

Учурдагы илим араб илимине бир гана таң калаарлык ачылыштар же төңкөрүш жасаган теориялар үчүн карыздар эмес; ошол эле учурда илим араб маданиятына мындан алда канча көп нерсе үчүн, бар болгону үчүн да карыздар. Байыркы доорлордо дүйнө, биз көрүп тургандай, илимге чейинки абалда болгон. Гректердин астрономиясы менен математикасы эч качан толугу менен грек маданиятынын аба ырайына көнө албаган, башка жактан алынган илим тармактары болгон. Гректер системага салып, жалпылап, теорияга айландырышкан, бирок чыдамкай изилдөө ыкмалары, позитивдүү маалыматтардын жыйындысы, илимий ыкмалардын протоколдору, терең жана узак байкоолор, эксперименталдык изилдөө сыяктуу түшүнүктөр гректердин мүнөзүнө толугу менен чоочун түшүнүктөр болгон.[...] Жаңыча изденүү рухунун, жаңы изилдөө ыкмаларынын, эксперимент, байкоо, өлчөө ыкмаларынын, математиканын гректер билбеген бир таризде өнүгүшүнүн натыйжасында Европада биз илим деп атаган нерсе келип чыккан. Бул рух жана бул ыкмалар батыш дүйнөсүнө арабдардан кирген.176

Бриффо бул китебинин башка бөлүмүндө Ислам цивилизациясынын Европага кошкон салымын төмөнкүчө белгилеген:

Илим араб цивилизациясынын заманбап дүйнөгө эң чоң салымы, бирок мөмөлөрдүн жетилиши бир аз жай болгон. Батыш цивилизациясы караңгылыкка чумкуган соң, андан келип чыккан дөөнүн болгон күчү менен бутка турушу көп убакытты талап кылган жок. Европаны кайра жашоого кайтарган нерсе илим эмес. Ислам цивилизациясынын көптөгөн башка таасирлери нурларын европалыктардын жашоосуна тийгизген.177

Илим тарыхынын түптөөчүлөрүнүн бири Джордж Сартон болсо мусулмандардын илим тарыхына кошкон салымын «орто кылымдын эң негизги ийгилиги эксперименталдык рухтун жаралышы болгон жана бул негизи 12-кылымга чейин мусулмандарда болгон» деп белгилеген.178

Оливер Джозеф Лодж «Pioneers of Science» (Илимдин пионерлери) аттуу эмгегинде Ислам дини жайылган соң арабдардын илимдин тарыхында ойногон чечүүчү ролу тууралуу мындай деп жазган:

Эски менен жаңы илимдин ортосундагы жалгыз натыйжалуу байланыш арабдар тарабынан түзүлгөн. Караңгы доорлордо Европанын илим тарыхында абсолюттук боштук орун алган жана миң жылдан ашуун мөөнөт бою Арабиядан тышкары эч жерде көрүнүктүү бир илимпоз болгон эмес.179

Курандын нуру менен илимге маани берип, бүгүнкү күнгө чейин жеткен ийгиликтерди жараткан мусулман окумуштуулардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

 

Джабир ибн Хайян (721-805)

Батыш илим дүйнөсүндө «Geber» деп айтылган жана эң белгилүү мусулман окумуштуулардын бири Джабир ибн Хайян батыш илим дүйнөсүндө жалпысынан «химиянын атасы, түптөөчүсү» катары кабыл алынат.180 «Химия» деген сөздүн англис тилиндеги котормосу болгон «alchemy» сөзү Джабир ибн Хайяндын эмгектеринин натыйжасында араб тилиндеги «аль-кимия» деген сөздөн келип чыккан.

Джабир ибн Хайян, атом бомбасынын иштелип чыгышынан 1000 жыл мурда, атомду бөлүүгө болоорун жана анын натыйжасында эбегейсиз энергиянын келип чыгаарын айткан алгачкы окумуштуу. Бул тууралуу Хайян минтип айткан:

«Заттын эң кичинекей бөлүкчөсү «жүз-ү ла йетежеззада» (атомдо) чоң энергия бар. Грек окумуштуулары айткандай аны бөлүнбөйт деп айтууга болбойт. Аны да бөлүүгө болот. Бөлүнгөндө ушунчалык чоң күч (энергия) келип чыгат; ал Багдадды жер менен жексен кыла алат. Бул Аллах Тааланын кудуретинин белгиси.»181

Джабир ибн Хайян химия илиминин теориялык жана эксперименталдык жактан эбегейсиз өнүгүшүнө себеп болгон. Дүйнөдө алгачкы химия лабораториясын курган окумуштуу катары тарыхка жазылган. Маанилүү химиялык заттардын синтезин түшүндүргөн жана көптөгөн химиялык затты аныктап, аларды бүгүнкү күндө да колдонулган арабча аттар менен атаган.182 Химия илиминде колдонулган так өлчөөчү аспаптарды жасап, кристаллдаштыруу, дистилляция, кальцинация, сублимация сыяктуу химиялык ыкмаларды химия илимине киргизген.183 Күкүрт кислотасы жана азот кислотасы сыяктуу көптөгөн кислоталар менен бирге, натрий карбонатын жана калийди да тапкан.184

Отто күйбөгөн кагазды иштеп чыккан жана ар кайсы металлдарды колдонууга ыңгайлуу абалга алып келүү, болотту иштеп чыгуу, суу өткөрбөгөн кездемелерди лак менен бойоо, дат баспашы үчүн алтын жалатып жасалгалоо, бойокторду жана майларды аныктоо сыяктуу багыттарда көптөгөн ачылыштарды жасаган.185

Джабир ибн Хайян бир гана химия эмес, медицина, астрономия, логика, философия, физика, механика сыяктуу илим тармактарында да изилдөөлөрдү жүргүзүп, алар тууралуу эмгектерди жазган. Джабир ибн Хайяндын химия баш болуп, медицина, физика, астрономия жана философия тармактарында болжол менен 200дөн 500гө чейин китеп жазганы белгилүү. Бирок алардын көпчүлүгү кийинчерээк жоголуп кеткен, болгону 27 даанасы латын жана немец тилдеринде Нюрнберг, Франкфурт жана Страсбургда 1473-1710-жылдардын ортосунда басылган.

 

Аль-Хорезми (780-850)

Өз доорунун эң улуу окумуштууларынын бири болуп эсептелген Абу Абдуллах Мухаммад ибн Муса аль-Хорезми батыштын илим дүйнөсүнө чоң таасир тийгизген математик, астроном жана географ. Хорезми өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн Багдаддагы Байт аль-хикмада эмгектенип өткөргөн. Алгебра жана алгоритм илимдерин негиздеп, бул илим тармактарына ат ыйгарган Ислам аалымы болгон.186 Хорезминин аты Европада латын тилинде «Alkhorismi» деп колдонулганы үчүн, анын ойлоп тапкан ыкмасы «алгоритм» деп аталып калган.187

Хорезми алгебра тармагындагы алгачкы эмгек болуп эсептелген «Китабъүл Мухтасар фи Хесабил Жабри Мукабала» (Аль-джабр жана салыштыруу эсептери) аттуу китептин автору. Бул эмгеги төмөнкүдөй сүйлөм менен башталат:

Алгоритми мындай дейт: Раббибиз жана коргоочубуз Аллахка мактоолор болсун.

Бүгүнкү күндө оригиналы Оксфорд университетинде жайгашкан бул китебинде дүйнөдө биринчи жолу ондук сан системасын түшүндүргөн жана ошондой эле дүйнөдө биринчи жолу теңдеме түзүү ыкмасы аркылуу маселелерди чыгаруу жолдорун көрсөткөн. Мындан тышкары, бул китеби мурда белгисиз болгон көптөгөн жаңы терминдерди камтыйт: тамыр сан, жекелик, жеке сан деген сыяктуу.188

Хорезминин бул эмгеги математиканын тарыхында абдан маанилүү өзгөрүүлөрдүн башаты болгон жана 600 жылдан ашуун убакыт бою математиканы үйрөнүүнүн пайдубалы катары кабыл алынып келген. Роджер Бэкон, Фибоначчи сыяктуу окумуштуулар бул эмгекти суктануу менен изилдеп, өздөрүнүн окууларында бул эмгектен пайдаланышкан. 1500-жылдардын аягына (1598-1599) чейин алгебра тармагындагы бирден бир булак Хорезминин ушул эмгеги болгон.

Математикадан тышкары, көптөгөн обсерваторияларда изилдөөлөрдү жүргүзгөн Хорезми астрономия жана география тармактарында да китептерди жазган. Күн сааттары жана сааттар тууралуу жазылган эмгектери бар.189

Хорезми, мындан тышкары, жер шарынын бир градустук меридиан узундугун ченеген.

 

Сабит ибн Курра (821-901)

Сабит ибн Курра математика, астрономия жана медицина тармактарында адис Ислам аалымдарынын бири. Өз доорунда бул тармактардын баарында өтө чоң өнүгүүлөргө өбөлгө болуп, айрыкча геометрия жана алгебра тармагында жаңылыктарды жасаган.190 Сабит ибн Курранын геометрияга кошкон салымын чыгыш маданияттарын изилдеген окумуштуулардын бири Жорж Ривуар «алгебранын геометрияда колдонулушун мусулмандарга карыздарбыз. Бул болсо 900-жылы көз жумган Сабит ибн Курранын эмгеги» деп сүрөттөгөн.

Математика, астрономия, астрология, медицина жана котормочулук менен алектенген Сабит ибн Курранын 79 китеп жазганы белгилүү. Алардын 21и медицина, 2сү музыка, калган 25 эмгеги болсо математика жана философия менен байланыштуу.

Сабит ибн Курра синус теоремасынын аныктамасын түзгөн жана аны астрономияда колдонгон. Мындан тышкары, Пифагордун теоремасынын жалпы далилин көрсөткөн.191 Дүйнөнүн айланасын 360 меридианга бөлүнгөн деп кабыл алып, экватордун узундугун эсептеген жана анын негизинде жердин радиусун тапкан Ислам аалымы.192

Сабит ибн Курра Евклиддин маалыматтарын колдонуп, алгебрада алда канча жалпы теңдемелердин чыгарылышын көрсөтө алган. Карл Б. Бойер «A History of Mathematics» (Математиктердин тарыхы) аттуу китебинде бул чебер математик тууралуу мындай дейт:

Биздин замандын 9-кылымы мусулман математиктердин алтын кылымы болгон. Кылымдын биринчи жарымына Хорезми, экинчи жарымына Сабит ибн Курра тамга баскан. Хорезми менен Евклид «негиздөөчүлөр» катары бири-бирине окшош. Сабит ибн Курра болсо, Папп сыяктуу, математиканын улуу чечмелөөчүсү.193

 

Аль-Фергани (9-кылым)

Тогузунчу кылымда жашаган, эклиптикалык жантыкты жана күндүн да өзүнүн кыймылы бар экенин ачкан астрономия жана математика тармактарынын улуу аалымы. Түркстандын Фергана аймагынан чыккан Аль-Фергани астрономия, математика, география жана механика тармактарында эмпирикалык (тажрыйбалык) изилдөөлөрдү жасаган.194 Асман телолорунун кыймылдарын изилдеген жана Птолемейдин астрономияда кабыл алынган көз-караштары тууралуу резонанс жараткан пикирлерди айткан. Аалам менен планеталардын көлөмүн, чоңдуктарын жана ортолорундагы аралыктарын изилдеген. Изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары батыш астрономиясында Коперникке чейин өзгөрүлгүс өлчөмдөр катары кабыл алынып, кылымдар бою колдонулган.

Аль-Ферганинин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында биринчи жолу күндүн бир орбитасы бар экени жана өзүнүн огунда батыштан чыгышты көздөй айланаары аныкталган. Мындан тышкары, 41 жылга созулган изилдөөлөрүнүн натыйжасында кеңдиктердин ортосундагы аралыкты да аныктаган.195 Аль-Ферганинин эң көңүл бурган изилдөөлөрүнүн бири күндүн тутулушун алдын ала билүү ыкмасы болгон. Аль-Фергани 842-жылы ошол ыкмасын колдонуп күндүн тутулушун алдын ала аныктаган.196

Аль-Ферганинин астрономияга байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин сакталган 6 эмгегинин эң негизгиси – «Жавами аль-илми аль-нүжум валь-харекат аль-самавия» (Астрономиянын жана асман кыймылдарынын принциптери). Асман телолорунун кыймылдарына арналган астрономия тармагындагы бул китептин кол жазмасы Оксфорд, Париж, Каир жана Америкадагы Принстон университетинин китепканасында жайгашкан.

Астрономия, математика, география жана механика тармактарындагы изилдөөлөрү бул илим тармактарынын өнүгүшүнө жана пайдубалдарынын бекемделишине себепчи болгон. Ошол доордогу бардык түркстандык аалымдардан жана европалык окумуштуулардан Аль-Ферганинин таасирин көрүүгө болот. Латын тилине которулган эмгектери кылымдар бою Европанын университеттеринде окутулган. Батыш дүйнөсүндө Альфраганус деген ат менен белгилүү болгон Аль-Ферганинин жердин айланасы тууралуу эсептеп тапкан чоңдугу (болжол менен 40253700 метр) Христофор Колумбдун Атлантика океанынан өтүп Индияга жетүү ойун турмушка ашырышына дем берген. Колумб бул тууралуу мындай дейт:

Саякаттарым учурунда Лиссабондон Гвинеяга болгон маршрутка кылдат байкоо жүргүздүм жана ар бир градуска Альфраганус эсептеген 56 3/2 милялык чоңдуктун туура келээрин аныктадым. Бул өлчөмгө ишенишибиз керек.197

 

Аль-Баттани (859-929)

Математика, астрономия жана география аалымы Аль-Баттанинин өзгөчө астрономия тармагында көптөгөн маанилүү ачылыштары бар. Батышта Альбатений (лат. Albategnius) деген ат менен белгилүү болгон Аль-Баттани бүгүнкү күндө деле дүйнөнүн адамзат тарыхындагы эң белгилүү 20 астрономунун бири деп кабыл алынат. Аль-Баттани 877-жылы курган обсерваториясында күндүн, айдын жана планеталардын кыймылдарын изилдеп, байкоолорунун баарын «Зиджи Саби» аттуу астрономия каталогуна топтогон. Бул каталог бул тармакта жазылган эң көлөмдүү жана ар тараптуу бир эмгек.

Белгилүү астроном, андан беш жүз жылдан кийин жашаган Коперник тарабынан 230 35' деп табылган жердин эклиптикалык жантыгын 230 деп эсептеп, бүгүнкү күндө белгилүү болгон бурчтун чоңдугун болжол менен жарым мүнөттүк бир айырма менен аныктай алган. Мындан тышкары, бир күн жылынын 365 күн, 5 саат, 46 мүнөт жана 24 секунддан тураарын тапкан. Бул ачылыш бүгүнкү күндөгү эсептөөлөргө абдан жакын. Күндүн төбө чекитиндеги узундуктун Птолемейдин ачылышынан бери 160 47' көбөйгөнүн да ачкан. Бул жыйынтык күндүн орбита кыймылдарын жана синхрондуулукта кичинекей айырмачылыктардын келип чыккандыгын көрсөткөн маанилүү бир ачылыш болгон.

Математика тармагында грек хордасынын ордуна синустарды колдонгон алгачкы киши болгон. Жаңы тригонометриянын чыныгы негиздөөчүсү катары кабыл алынган Аль-Баттани эмгектеринде сфералык тригонометрияга басым жасаган жана тик бурчтуу үч бурчтуктарды изилдеп, синус, косинус, тангенс, котангенс, секанс жана косеканс түшүнүктөрүн киргизген.198 Астрономия жана тригонометрияга байланыштуу сансыз эмгектери бар. Астрономия жөнүндөгү изилдөөлөрү Ренессанска чейин Европада таасирдүү болгон жана астрономия менен тригонометриядагы ачылыштары бул илим тармактарынын өнүгүшүнө шарт түзгөн.199

Эмгектери латын тилине которулган алгачкы мусулман окумуштуулардын бири болгон Аль-Баттани илимдин чыныгы максатын төмөнкү пайдубалга таяндырган:

Адам Аллахтын бар экенин, жалгыздыгын, кудуретин жана чыгармаларынын кемчиликсиздигин астрономия баш болгон илимдер аркылуу таанып биле алат. Мисалы, мобул биз көргөн жылдыздар, үстүндө жашап жаткан дүйнө жана дүйнөнүн кыймылдары Аллахтын бар экендигинин жана жалгыздыгынын ачык-айкын далили.200

 

Абуль-Касим аз-Захрави (936-1013)

Андалусиялык Захрави хирургиянын өз алдынча илим тармагына айланышына шарт түзгөн. Захрави ошол кезге чейин жасала албаган хирургиялык операцияларды жасап, жаңы ыкмаларды жана аспаптарды ойлоп тапкан. Захрави өз доорунун медицина илими менен эң тыгыз жана эң олуттуу алектенген дарыгери деп кабыл алынат. «Ат-Тасриф» аттуу атактуу эмгегинин атак-даңкынын жайылышында чоң роль ойногону белгилүү. Эки томдон жана отуз бөлүмдөн турган бул китеби тогуз жүз бетти түзөт жана чыныгы аталышы «Ат-Тасриф Лимен Ажизе ари ит-Телиф». Бул китеп батышта окутулган кадимки энциклопедияга айланган. Ат-Тасриф хирургиялык аспаптарды сүрөттөөдөн тышкары, алардын чийимдерин да камтыган алгачкы китеп. Андагы саны 200гө жеткен хирургиялык аспаптардын көпчүлүгү мурда бир дагы операцияда колдонулбаган жаңы аспаптар. Захравинин медицина тармагындагы ийгиликтеринин кээ бирлери төмөнкүдөй:

-Захрави өлүк түйүлдүктү чыгаруу жана ампутация (органдарды алып таштоо) сыяктуу көптөгөн операцияны өнүктүрүп жакшырткан.201

-Өз доорундагы хирургияга байланыштуу маалыматтарды чогултуп, тажрыйба үчүн тирүү жаныбарларга операция жасоо сыяктуу жаңы көз-караштарды жана ыкмаларды медицинага киргизген.

-Тарыхта гемофилияны (кан начар уюган олуттуу кан оорусу) биринчи болуп түшүндүргөн дарыгер Захрави болгон.202

-Жамбаш сөөктүн сыныктарын биринчи болуп дарылаган инсан.203

-Бөйрөк таштарды кантип чыгарууга болоорун да биринчи болуп Захрави аныктаган.

-Мурундун ичиндеги этти тазалап чыгаруу үчүн биринчи болуп «сенанин» аттуу оригиналдуу аспапты жасаган.

-Алгачкы жолу грыжага операция жасап, операцияларында өзгөчө анестезия ыкмаларын киргизген.

-Захрави чириген тиштерди сындырбай жулуу үчүн коргошун толтуруп жулуу идеясын айткан алгачкы дарыгер катары белгилүү.

Операцияларда колдонулган аспаптарды өзгөчө ыкма менен микробдордон тазалаган соң колдонгон. Ал үчүн «маддеъүс-сафра» аттуу бир затты пайдаланган. Учурдагы изилдөөлөр бул заттын бактерияларды жок кылуу касиетине ээ экенин көрсөтүүдө.

Захравинин жарааттарды тигүүдө жаныбарлардын ичегилерин биринчи болуп колдонушу батыштык илимпоздор тарабынан да кабыл алынган. Азыркы заманбап стерилдүү пакеттерге салынган хирургиялык жиптер Захравиден келген.204

Дональд Кэмпбеллдин ою боюнча: «Европа аалымдарынын Захрави тууралуу көңүлүн бурган нерсе, төрөттө түйүлдүктү оңой чыгарышы болгон. Анын ыкмасы Галендин ыкмасын артта калтырып, Европада беш жүз жыл үстөмдүк кылган жана христиандык Европанын хирургиялык стандарттарынын жогорулашында таасирдүү болгон.»205

 

Ибн аль-Хайсам (965-1040)

Орто кылымдын эң улуу Ислам физиги – бул Ибн аль-Хайсам. Ибн аль-Хайсамдын жарык жөнүндөгү «Китабъүл-Меназыр» (Оптиканын казынасы) аттуу китеби латын тилине которулуп, батышта Роджер Бэкон сыяктуу физиктердин изилдөөлөрүнө таасир тийгизген. Мурда жарык көздөн чыгып, буюмдарга баруу аркылуу көрүү процесси ишке ашат деп элестетилип келсе, аль-Хайсам тескерисинче жарыктын буюмдардан бизге келээрин далилдеген. Көрүү процессинин физикалык түшүндүрмөсүн биринчи болуп Ибн аль-Хайсам жасаган. Ошондой эле, Ибн аль-Хайсам математик жана философ да болгон жана жүздөн ашуун эмгек жазып, өз доорунун бардык илим тармактарына чоң салым кошкон.206

 

Аль-Бируни (973- 1051)

Ислам дүйнөсүнөн 10-11-кылымдарда чыккан улуу окумуштуу жана дин аалымы Бируни дүйнөнүн илим тарыхында өз доорунун эң улуу астроному, математиги, этнографы, тарыхчысы жана философу болгон. Эмгектери бүгүнкү күндө да батыштын илим дүйнөсүндө булак катары колдонулат. ЮНЕСКО тарабынан 25 тилде жарыяланган Conrier журналынын 1974-жылдын июнундагы санынын сырткы бетинде ал «1000 жыл мурда Орто Азияда жашаган дүйнөлүк гений Бируни астроном, тарыхчы, ботаник, дары-дармек адиси, геолог, акын, ойчул, математик, географ жана гуманист» деп сүрөттөлгөн.

Жашаган доорунун Бируни доору деп аталышына себеп болгон жана кылымдардан кийин да эмгектеринен пайдаланылган Бируни бир гана Ислам ааламында эмес, бүт дүйнөдө таасирдүү болгон.207 Бирунинин түпкү теги түрк элдеринен болгон жана түрк тилдүү элдердин Ислам динин кабыл алышынын натыйжасында бул маданияттын кеңири аймакка тарашынан улам адамзаттын өзгөчө илим тармагында чоң жетишкендиктерге ээ болгонун белгилеген.

Гравитация мыйзамы англис окумуштуу Ньютон тарабынан ачылган деп кабыл алынганы менен, муну алгачкы жолу Бируни изилдеген. Ошондой эле, биздин кылымда гана айтылып баштаган кургактыктардын түндүктү көздөй жылуу көз-карашын 9,5 кылым мурда айткан. Өз доорунда Үмүт булуңу тууралуу биринчи болуп айткан аалым Бируни Түндүк Азия жана Түндүк Европа тууралуу да терең маалыматтарды берген, ошондой эле, Христофор Колумбдан беш кылым мурда Америка материги жана Япония жөнүндө сөз кылган.208

Астрономия тармагындагы изилдөөлөрүн 995-жылы күндүн жана планеталардын жантыгын аныктоодон баштаган. Жарык ылдамдыгынын үнгө салыштырмалуу абдан чоң экенин белгилеген.209 Бируни тригонометрияда косинус теоремасы деп айтылган байланышты биринчи болуп ачкан; геометрияны ботаникада колдонгон; канаттуулар тууралуу абдан өзгөчө ачылыштарды жасаган жана ар кайсы тармактарда көптөгөн китептерди жазган.

Жарыктын үндөн алда канча ылдам экенин ачкан. Жылуу суу менен кайнар суунун ортосундагы айырманы аныктап, жылуулуктун металлдарды кеңейтүүчү таасирин да ачкан.210

«Китабүъл-Жамахир фи Марифетиъл-Жевахир» (Кендердин касиеттери жөнүндө) аттуу эмгегинде 23 катуу зат менен 6 суюктуктун салыштырма салмагын азыркы чоңдуктарына абдан жакын тапкан.211 Бируни салыштырмалуу тыгыздыктарды эң байыркы пикнометр (тыгыздыкты өлчөө шайманы) деп атоого боло турган бир шайман менен өлчөгөн. Асман менен жер жүзүнүн ар түрдүү өзгөчөлүктөрүн, кеңдиктер менен узундуктарды жана материктер менен океандарды көрсөтүү үчүн диаметри жети метр болгон бир шарды жасаган. Бул эмгеги менен тарыхта дүйнөнүн картасын шарга түшүргөн алгачкы окумуштуу наамын алган.212 «Нихайатүъл-Эмакин» (Мейкиндиктердин аягы) аттуу эмгеги географиянын, геологиянын жана геодезиянын (жер шарынын формасын аныктоо жана жер жүзүн ченөө иш-аракеттери) темаларына арналган.213 Бирунинин астрономия тармагындагы эң негизги эмгеги болсо «аль-Канунуль-Масуди» (Куттуу мыйзамдар) аттуу энциклопедиясы. Бул эмгегинде көптөгөн жаңы ачылыштардан тышкары, тригонометрияга арналган бир бөлүм да камтылган. Птолемей менен Аристотельдин теорияларына каршы чыгып, жердин кыймылсыз эмес, айланып турган бир масса экенин айткан Бируни илим тарыхчыларынын ою боюнча, заманбап астрономиянын пайдубалын түзгөн.

 

Бирунинин Аллахка болгон ишеними

Бируни Бухара китепканасында Ибн Сина менен таанышкан. Бири-биринин илиминен пайдаланышкан. Бухара окумуштууларында тажрыйба алмашуу салты бекем болгон. Билгендерин башкалардан жашырбай, бөлүшүүнү жакшы көрүшкөн.214

Бируни алгебра, геометрия жана география темаларында ошого байланыштуу бир аятка токтолуп, аятта айтылган ойду чечмелеп, илим менен динди айкалыштырган жана илим үйрөнүү максатынын Аллахты таануу жана акыйкатты табуу экенин белгилеген. Эмгектери азыр дагы батыштын илим дүйнөсүндө булак катары колдонулат.

Бируни «Жер жүзү жана жылдыздар жөнүндө мыйзам» аттуу китебинде жылдыздар менен планеталардын шар формасында экенин далилдеген жана жердин күндүн айланасында, айдын болсо жердин айланасында айланаарын далилдеп батыштык окумуштуулардан 6 кылым мурда бул чындыктарды ачкан.215

Жердин диаметрин анын атынан коюлган бир мыйзам аркылуу аныктаган Бируни жер планетасынын радиусун эсептеп, болгону 14 километрге гана жаңылган.216

Бирунинин Индия тууралуу абдан баалуу маалыматтарды камтыган «Индия тарыхы» аттуу китеби учурда батыш тилдерине которулуп, география жана тарых илимпоздору үчүн өтө маанилүү булакка айланган. Индияда жашаган кезинде көптөгөн араб тилиндеги булактарды санскрит тилине, санскритче кээ бир китептерди араб тилине которуп, Ислам цивилизациясы менен Индия цивилизациясынын ортосундагы алгачкы маданий көпүрөнү курган.217

 

Бируни аяттардагы даанышмандыктарга таянып илимий иштерди жасаган

Аллах Курандын көптөгөн аяттарында ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүнө көңүл бурат. Фатыр сүрөсүндөгү аяттарда ыйман акыйкаттарынан мисалдар келтирилип, мындай деп айтылат:

 

Аллахтын асмандан сууну түшүргөнүн көрбөдүңбү? Ошентип Биз аны менен түркүн түстүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордон ак, кызыл түстөрдөгү ар түрдүү жана кара (түстөгү) жолдорду (жасадык). Адамдардан, жаныбарлардан жана майда мүйүздүү жандыктардан (кой-эчки сыяктуу) да ар кандай түстөгүлөрү бар. Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Чындыгында Аллах улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 27-28)

 

Бируни да аяттардагы даанышмандыктарга таянып, илимий ачылыштарды жасаган. Мисалы, жердин эң түндүгүндө бир канча ай бою күндүн чыкпаганын, чыкканда кайра батпаганын «Аягында күндүн чыккан жерине чейин жетти жана анын (күндүн) Биз үстүлөрүнө тосмо кылбаган бир коомго тийип жатканын көрдү» (Кахф Сүрөсү, 90) аяты менен түшүндүргөн жана бир чырактын алдына жердин үлгүсү катары бир шарды коюп айландырып көрсөткөн.218

Бируни китеби үчүн ага бир пилге алтын менен асыл таштарды жүктөп жөнөткөн султан Масудга белегин артка кайтарып, «бул китепти байлык үчүн эмес, илим үчүн жаздым» деп айткан.219

 

Ибн Сина (980-1037)

Дүйнөдөгү бардык илимий чөйрөлөр тарабынан дүйнөнүн тарыхтагы эң баалуу аалымдарынын бири деп кабыл алынган Ибн Синанын 18 жашында эле өз доорунун бардык илимдерин билгендиги белгилүү. Медицинанын шедеври деп эсептелген жана кыскача «Аль-Канун» деп айтылган «Аль-Канун фит-тибб» (Медицина мыйзамы) аттуу эмгеги физиология, ден соолукту коргоо, дарылоо жана фармакология (дары-дармектер тармагы) темаларына арналган. Беш томдон жана болжол менен бир миллион сөздөн турган чоң медициналык энциклопедия болуп эсептелген бул эмгек мазмуну жана даярдалуу стили жагынан кылымдар бою медицина адабиятына жол көрсөткөн. Он үчүнчү кылымдан баштап Европанын университеттеринде окуу китеби катары окутулган жана ошол кездеги Франциянын эң атактуу медицина факультеттери болгон Монпелье жана Лувен университеттеринин да негизги окуу китебине айланган. Жаңы медицина пайда болгонго чейин түрк, араб, фарс жана ар кайсы батыш тилдеринде жазылган китептерге булак болгон. Аль-Канунда айтылган медициналык маалыматтардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө да жарактуу.

 

Ибн Синанын азыркы медицинага жол көрсөткөн көз-караштары

Батыш дүйнөсүндө Авиценна деп айтылган Ибн Сина медицина дүйнөсүндө биринчи болуп медицина менен хирургияны экиге бөлүп караган. Ошондой эле, хирургиялык дарылоо жакшы жүргүзүлүшү үчүн анатомиянын маанисине басым жасаган жана өмүргө олуттуу коркунуч туудурганы үчүн сунушталбаган хирургиялык дарылоого байланыштуу мисалдарды келтирип, операцияларда колдонулуучу шаймандарды сунуштаган.

Медицина тууралуу эмгектери каралганда Ибн Синанын азыркы медицинада да жарактуу болгон көптөгөн көз-караштары бар экени аныкталган. Ал тургай, медициналык изилдөөлөрү учурунда кээ бир оорулардын жугушуна көзгө көрүнбөгөн бир катар жандыктардын таасир берээрин, б.а. «микробдордун» бар экенин байкаган жана эмгектеринде ал белгисиз жандыктардан сөз кылган. Теринин астына биринчи болуп ийне сайган, операцияларда биринчи болуп наркоз колдонгон, ашказан жана ичеги ооруларын илимий жактан алгачкы жолу изилдеген, руханий абалдардын тамак сиңирүү системасына таасирлерин биринчи болуп аныктаган, беттин шалынын себептерин биринчи болуп тапкан, ашказан жана ичеги курттарына биринчи болуп аныктама берген, дем алуу системасын алгачкы жолу сүрөттөгөн дарыгер Ибн Сина болгон.220

 

Дарыгерлердин пири

Математика, астрономия, геометрия тармактарында терең изилдөөлөрдү жасаган, «дарыгерлердин пири» деп айтылган Ибн Сина көпчүлүгү физика, астрономия жана философияга байланыштуу жалпысынан 150дөй эмгек жазган. Исаак Ньютондон 500 жыл мурда физика динамикасынын алгачкы мыйзамын «Китаб аш-шифа» аттуу 18 томдук энциклопедиясында түшүндүргөн Ибн Синанын эмгектери медицинадан тышкары, математика, физика, метафизика, теология, экономика, саясат жана музыка темаларын да камтыйт.221 Ибн Сина философия тармагында да чыгыш менен батыштын философторуна таасир тийгизген. Эмгектери 12-кылымда латын тилине которулган жана андан соң бүт дүйнөгө тараган. Ибн Синанын жазгандары болжол менен 8 кылым бою дүйнөдөгү китепканалардын алдыңкы саптарында жайгашкан.222

 

Аль-Хазини (1100-1160)

Он экинчи кылымда Түркстандан чыккан астроном жана физик Аль-Хазини негизинен гравитация жана таразаларга байланыштуу изилдөөлөрү менен белгилүү.223 Аль-Хазини Ньютондон 500 жыл мурда «бардык заттарды жер шарынын борборун көздөй тарткан бир күч бар экенин» айткан.224 Роджер Бэкондон жүз жыл мурда жердин борборун көздөй жакындаган сайын, суунун тыгыздыгы өсөт деген ойду айткан. Суюктуктардын тыгыздыгы менен температурасын өлчөө үчүн ареометрди биринчи болуп колдонгон.225 Ошондой эле, көптөгөн Ислам шаарларында кыбыланы кантип аныктоого болоору тууралуу изилдөөлөрдү жасаган. Аль-Хазини жарыктын сынуу принциптерин да изилдеген жана асманга тийген күн нурларынын жерге түздөн-түз тик түрдө эмес, сынуу аркылуу келээрин аныктаган.

Аль-Хазини химиялык заттардын тыгыздыгын жана салыштырма салмактарын өлчөө максатында таразаларды ойлоп таап, химия илиминин өнүгүшүнө шарт түзгөн. «Китаб Мизануль Хикма» (Акылмандыктын ченеми) аттуу эмгегинде суу таразасын бир өлчөө каражаты катары сүрөттөгөн. Ойлоп тапкан ал таразасын «аль-мизанульжами» (Топтоочу тараза) деп атаган. Ал тараза менен өлчөп тапкан тыгыздык жана салмактары азыркы технология менен табылган чоңдуктарга абдан жакын чыккан.226 Аль-Хазини «Зиж-и Санажари» (Жылдыз каталогу) аттуу эмгегинде жылдыздар менен планеталар тууралуу маалыматтарга жана Селжуктар мамлекетинин кеңдик жана узундуктарына да токтолгон. «Рисале фиъл-Алат» (Аспаптар маалыматы) аттуу китепчеси болсо байкоо аспаптарына арналган.

 

Ибн Рушд (1126-1198)

Батыш дүйнөсүндө Аверроэс деген ат менен белгилүү болгон, андалусиялык философия, шарият, математика жана медицина аалымы. Эң негизги философиялык чыгармасы «Техафүт-үл Техафүт» (Карама-каршылыктардын карама-каршылыктары). Аристотельдин ойлорун Ислам менен бириктирүүгө аракет кылган. Батышта Аристотельдин мурасына Ибн Рушддун эмгектеринин 12-кылымдын баштарында латын тилине которулушунан соң кайрадан кызыгуу пайда болгон жана анын эмгектери кылымдар бою чыгыш менен батыштын ой жүгүртүүсүнө таасир тийгизүүнү уланткан. Андан эң көп таасирленгендер иудей аалым Моше бен Маймон, христиан ойчул Фома Аквинский жана протестант реформатор Мартин Лютер болгон. Китептери он томдук болуп Италияда басылган жана Италия менен Франциянын университеттеринде окуу китеби катары окутулган.227

Адамдын денесин «жаратылышы жагынан Аллахтын кереметтүү чыгармасы»228 катары көргөн Ибн Рушд «изилдөө үчүн денени кесип бөлүктөргө бөлүү ыйманды бекемдейт» деп айткан.229 Неврология жана нейробиология тармагында Ибн Рушд Паркинсон оорусунун бар экенин жана фоторецептордук касиеттердин көздөгү тордомо челге тиешелүү экенин аныктаган.230

Физика тармагында болсо Ибн Рушд күчкө «материалдык нерсенин кинетикалык абалын өзгөртүүдө жумуштун жасалуу ылдамдыгы» деп аныктама берип, аны өлчөгөн алгачкы киши болгон. Ошондой эле, «күчтүн таасири жана өлчөмү – бул, материалдык жактан туруктуу массанын кинетикалык абалындагы өзгөрүү» деп биринчи болуп айткан киши да Ибн Рушд болгон.231

 

Бадиуззаман аль-Джазари (1136-1206)

Батыш булактары «өз доорунун туу чокусуна жеткен мусулман инженери» деп сүрөттөгөн аль-Джазари Түркиянын чыгышындагы Диярбакырда Артукиддер сарайында 32 жыл башкы инженер болуп эмгектенген. Ал жерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн аль-Джазари ошол эле учурда байланыш, көзөмөл, тең салмакты түзүү жана жөнгө салуу илими болгон кибернетика илиминин алгачкы негиздөөчүсү болгон.232 Акырындан өнүгүп отуруп компьютерлердин пайда болушуна шарт түзгөн бул илим тармагы адамдарда жана машиналарда маалымат алмашуу, көзөмөлдөө жана тең салмактуулук абалдарын изилдейт.233 Аль-Джазаринин сансыз ачылыштары бүгүнкү күндө дагы таң калтырат.

Аль-Джазари суу сааттары, автоматтык көзөмөлдөө системалары, фонтандар, кан чогултуучу идиштер, коддолгон ачкычтар жана роботтор сыяктуу практикалык жана эстетикалык көптөгөн буюмдардын долбоорун түзүп, алардын кантип жасалаарын түшүндүргөн «Аль-Жами Бейнеъл-Илм валь-Амелиън-Нафи фи Сынаатиъл-Хийел» (Машина жасоодо пайдалуу маалыматтар жана тажрыйбалар) аттуу китептин автору. Китептеги бардык сүрөттөрдү өзү чийип, түстөргө бойогон. 20-кылымдын башынан баштап батыш дүйнөсүндө чоң кызыгууну пайда кылган бул эмгек 1974-жылы «Al Jazaris Book of Knowledge of Ingenious Mechanical Devices» деген аталыш менен Дональд Р. Рилл тарабынан англисчеге которулган. Китептин котормосуна баш сөз жазган атактуу илим тарыхчысы профессор Уайт көптөгөн ачылыштардын Леонардо да Винчи жана башкалардан бир топ мурда аль-Джазари тарабынан жасалганын белгилеген. Кибернетика илимин колдонгон жогорку технологиялуу машиналарга окшогон ачылыштары аль-Джазаринин көзү өткөндөн 200-350 жылдан кийин гана башка эмгектерде кездешет.

Аль-Джазаринин дүйнөгө таанылган китебинде автоматтык приборлор, робот пилдер, өзүнөн-өзү сайраган павлиндер, автоматтык сааттар, колго суу куйган робот адам жана инженерияга байланыштуу көптөгөн аспаптардын жасалышы жана иштеши тууралуу маалыматтар берилген. Китепте 50 шаймандын долбоору майда-баратына чейин чийип көрсөтүлгөн. Алардын 6су суу сааты, 4сү шам сааты, 6су кумура, 7сү көңүл ачуу максатында колдонулган ар кандай автоматтар, 3сү даарат алуу үчүн колдонулган автомат, 4сү кан алуу шайманы, 6су фонтан, 4сү өзүнөн-өзү добуш чыгарган аспап, 5сү сууну жогору чыгаруучу каражат, 2сү кулпу, 1сү транспортир, 1сү кайык суу сааты жана Амида шаарынын дарбазасы. Аль-Джазари бул шаймандарды иштеп чыгуу менен эле чектелбестен, аларды жасоодо колдонула турган өзгөчө тетиктерди да абдан так жана кылдат сүрөттөгөн.

 

Ибн аль-Байтар (1199-1248)

Ботаника, медицина жана фармацевтика тармактарында маанилүү орду бар Ибн аль-Байтар орто кылымдын эң улуу ботаниги жана фармацевти катары белгилүү. Медицина энциклопедиясы, Кызыктай пилдер, Диоскорид парафразы, Дары-дармектер жана азыктар энциклопедиясын жазган. Ибн аль-Байтар өмүр бою чыккан саякаттарында шыпаа чөптөр тууралуу көптөгөн маалыматтарга ээ болгон. Ал маалыматтарды Дары-дармектер жана азыктар энциклопедиясына чогулткан. Бул эмгегинде 200ү мурда эч билинбеген, башка альтернативдүү өсүмдүктөрдүн ордуна колдонула ала турган 1400 дары чөп сүрөттөлгөн. Толугу менен заманбап ыкмалар менен жазылган бул китебинде Ибн аль-Байтар кайсы өсүмдүктөрдөн кайсы дарыларды жасоого болоорун баяндап, аларды алфавиттик тартипте жайгаштырган. Дары-дармектердин аттарын араб, грек, фарс жана испан тилдеринде да берген.234

Европанын кайра жаралуу (ренессанс) доорунда австриялык чыгыш таануучу Зонтхаймер аль-Байтардын «Дары-дармектер жана азыктар энциклопедиясы» китебин латын тилине которгон. Бул китеп 19-кылымга чейин батыштын университеттеринде булак катары колдонулуп келген.

 

Насируддин ат-Туси (1200-1273)

Инженерия жана космостук изилдөөлөргө жаңылыктарды киргизген, тригонометрияны өзүнчө илим тармагына айландырып өнүктүргөн улуу математик. Евклиддин «Башталыштар» аттуу 13 томдук китебин чечмелеп, сындаган.

Насируддин ат-Туси кээ бир инженерия маселелерин алгебра аркылуу, кээ бир алгебра маселелерин болсо инженерия ыкмасы аркылуу чыгарып, математикада жаңы системаларды иштеп чыккан. Математика тармагында Кыймылдуу сфера, Сферанын кеңейиши жана алгебра, Салыштыруу сыяктуу китептерди жазган.235 Ат-Тусинин Мерагеде курган обсерваториясы кыска убакытта Ислам дүйнөсүнүн эң чоң жана эң атактуу обсерваторияларынын бирине айланган.236 Кийинчерээк дүйнөнүн тарыхындагы эң чоң жана эң атактуу обсерваториялардын бири деп кабыл алынган.

Ат-Туси Птолемейдин «Альмагест» аттуу китебин сындап, аалам тууралуу жаңы жана жөнөкөйүрөөк бир теория иштеп чыккан, ал эмгеги Коперниктин ийгиликтерине пайдубал түзгөн. Физика, инженерия жана космос изилдөөлөрү тууралуу киргизген жаңылыктары адамзаттын бул тармактарда өнүгүшүнө жол көрсөткөн. Анын теориялары менен далилдерине азыркы күндө да математика илимпоздору суктанышат. Насируддин ат-Тусинин тригонометрия тууралуу китеби батышта латын, француз жана англис сыяктуу тилдерге которулган жана көптөгөн окумуштуулар ушул китепке таянып жаңы теоремаларды иштеп чыгышкан.

Америкалык чыгыш таануучу Джордж Сартон Насируддин ат-Туси тууралуу мындай деген: «Ат-Туси эң улуу мусулман окумуштуу жана математиктердин бири.»237

 

Закария Аль-Казвини (1203-1283)

Улуу географ жана геолог Закария ибн Мухаммад аль-Казвини он беш жылдык изилдөөнүн натыйжасында «Ажаиб ал-махлукат ва гараъиб ал-маужудат» (Ажайып макулуктар жана кызыктай жандыктар) аттуу бир китеп жазган. Ал китеп фарс, түрк жана француз тилдерине которулган. Китеп эки негизги бөлүмдөн турган. Биринчи бөлүмдө асман жана космос тууралуу маалыматтар берилип, асман телолорунун жерге жана убакытка карата абалдары каралган. Экинчи бөлүмдө болсо жер планетасы тууралуу негизги маалыматтар, жердин геологиялык түзүлүшү, минералдар, өсүмдүк жана жаныбарлар тууралуу маалыматтар орун алган. Германиялык изилдөөчү Карл Броккельман «Ислам маданиятынын эң баалуу космографиясы» деп атаган аль-Казвининин космографиясы Ислам дүйнөсүндө эң көп окулган эмгектердин бири болгон. (Космография: астрономиянын математика менен физиканын негизги түшүнүктөрүн гана пайдаланып, эң негизги кубулуштарды караган тармагы.)

«Ажаиб ал-махлукат» аттуу китебинин өзгөчөлүгү, Аллахтын жалгыздыгы жана жаратылуунун биримдигине таянган. Аалам абсолюттук акыйкат болгон Аллахтын чагылуусу. Аллахтын «Бол» деген буйругу менен ааламдагы бүт нерселер бир заматта пайда болгон жана жаратылган жандыктардын ортосунда өз ара мамиле түзүлгөн. Ислам боюнча, адам Аллахтын жараткан нерселериндеги даанышмандыкты мүмкүн болушунча эң жакшы түшүнүүгө милдеттүү. Аль-Казвини адам Аллахтын кереметтүү жана даанышман жаратуусун изилдеп, таң калуу менен ал тууралуу ойлонуусу жана аны түшүнүү үчүн колунан келишинче аракет кылуусу зарыл деп айткан. Ошентип адам бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктарга ээ болот.238

Аль-Казвини чыгыш менен батыштагы окумуштуулар биле албаган көптөгөн акыйкаттарды түшүнгөн. Космос жана география тармактарында алектенген көптөгөн окумуштуулар 16-17-кылымдарга чейин бул китепти колдорунан түшүргөн эмес.239 Аль-Казвининин «Өлкөлөрдүн издери жана адамдардын кабарлары» аттуу эң акыркы китебин болсо кандайдыр бир мааниде адамзаттын тарыхы деп айтууга болот.

 

Ибн ан-Нафис (1213-1288)

13-кылымда илимде маанилүү өнүгүүлөргө салым кошкон дагы бир окумуштуу – Ибн ан-Нафис деген ат менен белгилүү болгон Алауддин Али ибн Абу Хазм аль-Кураши.240

«Мужезуль-Канун» аттуу белгилүү эмгегинде Ибн ан-Нафис көптөгөн медициналык маалыматтарды берген. Бул китебинде өзгөчө жүрөктүн жана дем алуу каналдарынын анатомиясын изилдеп, өпкөлөрдүн түзүлүшүн жана милдетин түшүндүргөн жана капиллярлардын бар экенин далилдеген.241 Китептин эң негизги өзгөчөлүгү, Ибн ан-Нафис чакан кан айланууну 16-кылымдагы Мигель Серветтен 3 кылым мурда дал ошондой сүрөттөгөн. Ал кезге чейин салттык ишеним боюнча, анатомияда септум (бир органдын эки бөлүгүн бири-биринен бөлүп турган кабыкча же тосмо) өткөргүч деп кабыл алынган. Бирок Ибн ан-Нафис септум өткөргүч эмес деген ойду айткан. Кийинки кылымдарда септумдун чындап эле өткөргүч эместиги байкоолор аркылуу далилденген.242 Ибн ан-Нафис, албетте, бул маанилүү ачылышы менен медицина тарыхынын эң белгилүү ысымдарынын бирине айланган. Мындан тышкары, Ибн ан-Нафис көздүн түзүлүшүн жана көрүү кубулушун изилдеп, муну заманбап мааниде түшүндүрүп берген.

 

Ибн Баттута (1303-1378)

Ибн Баттута чоң саякатчы болгон жана барган жерлеринде башынан өткөргөн жана көргөн нерселеринин баарын дептерине жазган.

Баттута жашы өтүп калган кезде үч материкке болгон сапарларында көргөн нерселерин эки жыл жазган. Анын саякатынан алынган маалыматтар Марко Полонун саякатынан алынган маалыматтардан эсе эсе көп. Баттута көз жумгандан 500 жылдан кийин чыгыш таануучулар анын саякаттарына кызыгып башташкан жана китебин латын, англис, француз жана немис тилдерине которуп, окуяларды чечмелешкен.

 

Ибн Халдун (1331-1406)

Ибн Халдун социологиянын негиздөөчүсү катары кабыл алынат. Тажрыйбасы жана билими менен болгону беш айда жазып бүткөн «Тарыхтын мааниси тууралуу алгы сөз (мукаддима)» аттуу китеби бир гана социологиянын эмес, бардык коомдук илимдердин пайдубалын түзгөн.

Дүйнөдөгү эң белгилүү китептердин бирине айланып «Ибн Халдундун мукаддимасы» деп аталып калган. Бул китепте адамзаттын тарыхына таасир тийгизген коомдук чындыктар (факттар) тууралуу сөз кылынат.243 Алгачкы чыныгы «тарых философу» катары кабыл алынган Ибн Халдун тарых философиясын биринчи болуп тарыхый окуяларга негиздеген эң белгилүү ысымдардын бири.

 

Казизаде Руми (1337-1421)

Казизаде Руми математика, астрономия жана шарият аалымы болгон жана Самаркандда Тимур хандын (Тамерландын) небереси Улугбекти окуткан.244 Улугбек мугалими Казизадени абдан урматтап, ал үчүн бир медресе жана обсерватория курган. Казизаде Руми ал обсерваторияда байкоолорду жүргүзүп, байыркы грек окумуштуулары алган көптөгөн маалыматтардын туура эмес экенин аныктаган. Астрономиялык сызгыч жана таблицаларды кайрадан түзүүнүн үстүндө иштеген. Ушул себептен Казизаде өз доорунун эң олуттуу жана чыныгы астроному деп айтылат.

Казизаде Руминин эң белгилүү эмгектеринин бири, анын синус 1ди эсептеши болгон.245

«Биринчи даражадан чыгаруу тууралуу трактат», «Арифметика тууралуу трактат», «Астрономия илими тууралуу трактат» сыяктуу маанилүү эмгектери бар. Фетхуллах аль-Ширвани жана Али аль-Кушчи сыяктуу белгилүү аалымдар да Казизаде Руминин окуучуларынан болгон.

 

Махмуд Ширвани (1375-1450)

Осмон империясындагы медицинанын алгачкы дарыгерлеринин бири катары кабыл алынган Махмуд Ширвани өмүрүнүн аягына чейин 11 эмгек жазып, бардык эмгектерин ошол кездеги мамлекеттик жетекчилерге арнаган.246

Фатих Султан Мехмедге арналган акыркы эмгеги «Муршид» деп аталат жана эмгектеринин эң негизгиси болуп эсептелет. Бул эмгеги Осмон империясынын медицинасындагы көз ооруларына байланыштуу эң көлөмдүү эмгек катары белгилүү.247

«Техфеи-Муради» аттуу дагы бир эмгеги болсо ичиндеги маалыматтардан улам Анатолияда жазылган алгачкы медицина китептеринин тизмесине киргизилген. Негизи эмгек баалуу таштарга арналганы менен, ал таштардын медицинадагы колдонулушу да сүрөттөлгөнү үчүн, тарыхчылар тарабынан медицина китеби катары кабыл алынат.248

Ширванинин эмгектеринин 4сү араб, 6су болсо түрк тилинде жазылган. Осмон империясынын баштапкы жылдарындагы медицинасында китеп жазуу жагынан мынчалык жемиштүү башка киши болгон эмес.249

 

Шерафеддин Сабунджуоглу (1386-1470)

Эмгектери менен Осмон империясы учурунда медицина илиминин өнүгүшүнө салым кошкон. Сабунджуоглунун түркчө жазган «Джаррахййат аль-Ханиййа» аттуу хирургия тууралуу китеби хирургиялык операцияларды биринчи жолу миниатюра менен көрсөткөнү үчүн медицина тарыхында абдан атактуу болгон.250

Захравинин китебинин негизинде жазган «Китаб ат-Тасриф» аттуу китебинде шаймандардан тышкары, операциялардын кантип жасалаарын көрсөткөн үлгү сүрөттөр да бар. Дары-дармектерге арналган «Муджерребнаме» аттуу дагы бир эмгеги бар.251

 

Акшамсаддин (1389-1459)

Медицина, астрономия, биология жана математикада өз доорунун белгилүү илимпозу болгон. Медицина тууралуу түрк тилинде жазган «Маддатуль-Хаят» (Жашоо заты), араб тилиндеги «Халли Мушкилат» (Кыйынчылыктардын абалы) жана Рисалетүн Нурийе (Нур китеби) аттуу китептери белгилүү чыгармалары.252

Маддатуль-Хаят аттуу эмгегинде «оорулар адамдарда бир-бирден пайда болот деп ойлоо туура эмес. Оорулар адамдан адамга жугат. Алардын жугушуна көзгө көрүнбөгөн кичинекей, бирок жандуу уруктар себеп болот» деп мындан беш жүз жыл мурда микробду сүрөттөгөн.253 Пастердин техникалык шаймандар менен Акшамсаддинден төрт кылымдан кийин барган жыйынтыгын дүйнөгө биринчи болуп кабар берген Акшамсаддин рак оорусу менен да алектенген.

Акшамсаддин султан Мурад II жана Мехмед IIнин жакын адамдарынан болгон жана жасаган дары-дармектери менен сарайдагы жана айланасындагы көптөгөн ооруларды айыктырганы белгилүү. Акшамсаддиндин медицина жөнүндөгү абдан маанилүү, эки чоң эмгегинин дагы эле медицина адабиятында орду чоң.

 

Улугбек (1393-1449)

Өзгөчө астрономия жана математика тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзгөн Улугбек жаш кезинен эле илимий изилдөөлөрдү биринчи кезекке койгон жана 1417-жылы астрономия тармагында изилдөөлөрдү тереңдетүү үчүн медресе курдурган.

Аль-Каши (ондук бөлчөк схемасын ачкан мусулман математик254) жана Казизаде Руми сыяктуу өз доорунун эң белгилүү илимпоздорун ал медресеге топтогон Улугбек үтүрдөн кийин сегиз санга чейин тактыктагы синус жана косинус таблицалары жана сфералык тригонометрия формулалары тууралуу изилдөөлөрдү жасаган.

Батыштын илимпоздору «15-кылымдын эң улуу астроному» деп кабыл алган Улугбек астрономия изилдөөлөрүнүн пайдубалын түзгөн тригонометрия илими тууралуу терең изилдөөлөрдү жасаган жана «Улугбек зиджи» аттуу эмгегин жазган. Птолемейдин эмгегинен бери жылдыздар тууралуу алгачкы масштабдуу каталог болуп эсептелген Улугбектин жылдыздар каталогу 17-кылымга чейин астрономия изилдөөлөрүнө пайдубал болгон. Ал эмгекте 1022 жылдыздын аты жана орду аныкталган. Джон Гривс ал китептин бир бөлүгүн 1648-жылы Оксфорддо жарыялаган. Эки жылдан кийин Лондондо биринчи бөлүгү жарыяланып, кийинчерээк экинчи чыгарылышы жарык көргөн жана 1665-жылы латын тилине которулган. Андан соң эмгек толугу менен француз тилине которулган.255 Мындан тышкары, Самарканд обсерваториясындагы изилдөөлөр ошол кезге чейин анык туура деп кабыл алынган Птолемейдин эсептөөлөрүндөгү бир катар катачылыктарды да аныктаган.256

Обсерваториядагы байкоолордон алынган маалыматтар Улугбектин эң туура эсептөө жүргүзүп, бир жылдын узундугун 365 күн 5 саат 49 мүнөт 15 секунда деп аныкташына мүмкүнчүлүк түзгөн. Улугбектин илим дүйнөсүнө кошкон башка салымдары болсо күн, ай жана планеталар тууралуу алган маалыматтары болгон.257 Батыштын илим дүйнөсү Улугбекке 15-кылымдын астроному наамын берсе, Эл аралык астрономия коому айдын бетиндеги бир кратерге анын атын ыйгарган.258

 

Али аль-Кушчи (1403-1474)

Түрк Ислам дүйнөсүндөгү астрономия жана математика аалымдарынын арасында жазган эмгектеринен улам чоң атак-даңкка ээ болгон Али аль-Кушчи астрономиянын алдыңкы окумуштууларынын бири катары кабыл алынат. Өзгөчө ушул эки тармакта өз доорунун абдан маанилүү окуу таалим иштерин жасаган.

Али аль-Кушчи Фатих комплексинде күн саатын жасаган жана Стамбулдун кеңдик жана узундук даражаларын аныктаган.259 Айдын алгачкы картасын түзгөн аль-Кушчинин аты бүгүнкү күндө айдын бир аймагына ыйгарылган.

Али аль-Кушчинин астрономия жөнүндөгү эң чоң эмгектеринин бири «Рисалеи фил Хейе» (Астрономия тууралуу трактат) деп аталат.260 Математика жана астрономия тармагында чоң чыйыр салган бул эмгекте асман телолору менен жердин ортосундагы аралыктарга чейин бардык илимий маалыматтар камтылган. Фарс тилинде жазылып, кийин араб тилине которулган жана батыш илими Түркияга кирген соң дагы астрономия тармагында алдыңкы саптагы китеп бойдон кала берген.

Математика тармагындагы чоң эмгеги «Рисалеи Хисап» (Арифметика тууралуу трактат) деп аталат. Мындан тышкары, ошол доордун эң алдыңкы математикалык маалыматтарын камтыган «Шерхи зиджи Улугбек» (Улугбектин жылдыз каталогу) аттуу эмгекке да чоң салым кошкон.261

«Рисалетүл фатхия» (Ачылыш тууралуу трактат) аттуу эмгеги болсо 19-кылымда Стамбул техникалык университетинде окуу китеби катары окутулган. Бул эмгекте асман телолорунун жерден алыстыгы тууралуу маалыматтарды берген жана китептин аягына жердин картасын да кошкон. Анда жер планетасынын өз огундагы жантыгын 230 30' 17" деп аныктаган. Бул чоңдук азыркы заманбап астрономиялык маалыматтарга (230 27') абдан жакын.

 

Молла Лютфи (?-1495)

15-кылымдын белгилүү математиктеринин бири Молла Лютфи «Тазъифүл-Мезбах» (Алтарь ташынын эки эсесин табуу жөнүндө) аттуу китебинде квадрат жана кубдун сүрөттөөлөрү, сызыктарды жана тегиздиктерди көбөйтүү жана эки эселөө сыяктуу геометриянын темаларын карап, белгилүү Делос маселесин изилдеген.262

 

Мукбилзаде Мумин (15-кылым)

Осмон империясы учурундагы белгилүү илимпоздордун бири Мурат II убагында жашап, эки маанилүү эмгекти жазган Мукбилзаде Мумин. Мумин көз ооруларына өзгөчө көңүл бөлгөн Ширвани менен бирге Осмон империясынын алгачкы дарыгерлеринен.

Анын биринчи эмгеги падышага арналган жана «Захиреи Мурадийе» деп аталат. Экинчи эмгеги «Мифтахүн-нур ва Хазаинүс-сүрур» аттуу орчундуу медицина китеби жана ал да падышага арналган. Китепте диагноз жана ден соолукту коргоо тууралуу жалпы маалымат берилген соң, көз оорулары терең каралган.263 Бул маанилүү эмгекте баштын жана баш сөөгүнүн түзүлүшү жана оорулары, көз оорулары, кабак оорулары, конъюнктива жана айнекчел оорулары терең сүрөттөлүп, ооруларга каршы чаралар жана айыктыруу жолдору баяндалган.264

Осмон империясындагы бардык ооруканалардын дарыгер тизмелеринде сөзсүз түрдө Мукбилзаде Муминдин атынын орун алышы анын өз доорунун абдан маанилүү дарыгери болгондугун далилдейт жана, ошондой эле, ал доордо көз ооруларына абдан маани берилгендигин да көрсөтөт.

 

Мирим Челеби (?-1525)

Мирим Челебинин чыныгы аты Махмуд ибн Мехмед жана 16-кылымдагы Осмон империясынын эң алдыңкы астроном жана математиктеринин бири. Стамбулда төрөлүп, медреселерде окуган жана Баязид ханзаада кезинде мугалимдик кылып, маанилүү кызматтарда иштеген. Али аль-Кушчиден кийин Осмон империясында геометриянын өнүгүшү үчүн эң көп эмгектенген Мирим Челеби болгон. Математика жана астрономия тууралуу көптөгөн эмгектерди жазган жана «Шифа аль-Эскам ва Девъаль-Алам» жана «Китаб аль-Таалим фит-тибб» аттуу эки арабча эмгеги Осмон империясында медицинанын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Челеби Казизаденин жана Али аль-Кушчинин небереси болгон жана анын негизги эмгектеринин бири болуп Улугбектин Зиджине фарс тилинде жазган «Дүстүрүл-амел ва тасхихүл-жедвел» (Амалдын принциби жана таблицанын оңдолушу) аттуу чечмелөөсү эсептелет.265 Челеби бул эмгегинде темаларды ар кандай жол менен сүрөттөгөн, мисалы 1 даражалык жаанын синусун эсептөөнүн өтө жөнөкөй 5 чыгаруу ыкмасын көрсөткөн.

Математика жана астрономия тууралуу көптөгөн трактаттары бар. Мирим Челеби Осмон империясында астрономия жана математика илимдеринин өнүгүшү үчүн эң көп эмгектенген мусулман илимпоздордун бири.

 

Сейди Али ибн Хусейн (1498-1563)

Сейди Али-реис деп да айтылган Сейди Али ибн Хусейн көптөгөн деңиз саякаттарына, өзгөчө согуштарга катышып, кийин Барбаросс Хайреддин-пашага кызмат кылган жана астрономия тармагында адис, адмирал.266

Сейди Али-реистин деңиз астрономиясын жана географияны чындыгында абдан мыкты билгендигин көрсөткөн эң негизги эмгеги «Китаб аль-Мухит» деп аталат. Бул эмгекте багытты аныктоо, убакытты эсептөө, календарь, күн жана ай убакыттары, компастын бөлүктөрү, ар кайсы аралдардын жана белгилүү порттордун уюл жылдызга карата жайгашуусу, астрономияга байланыштуу кээ бир маалыматтар, шамалдар, транспорттук жолдор, чоң бороондор жана аларга карата көрүлө турган чаралар сыяктуу маанилүү маалыматтар орун алган. Темаларынан да көрүнүп тургандай, «Мухит» илимий жана абдан маанилүү бир эмгек.267

Сейди Али-реис, мындан тышкары, Али аль-Кушчинин «Фатхиясын» «Хуласатуъл-Хейъе» деген ат менен которуп, кошумчаларды киргизген. Асмандарды эсептөөдө астрономия терминдерин киргизип, ааламдын борбору жердин борборунда жана оор заттар жердин борборун көздөй түшөт деген ойду кошкон.268

«Миръати Каинат» аттуу эмгегинде болсо күндүн бийиктиги жана жылдыздардын жайгашкан орундары, кыбыланы жана түш убактысын аныктоо, тегеректин айланасын, синус, шоола жана тангенстерди табуу жана аркы тарабына өтүү мүмкүнчүлүгү болбогон бир дарыянын туурасын ченөө ыкмасы сыяктуу маалыматтар берилген. Өз тармагында абдан маанилүү маалыматтарды жана абдан баалуу эмгектерди калтырган деңиз адиси жана астроном болгон.269

 

Такиюддин (1521-1585)

16-кылымдын эң улуу астрономдорунун бири. Мамлекеттик кызматка дайындалуу үчүн Каирден Стамбулга барып, математика илиминдеги чеберчилигинен улам султанга тааныштырылган жана анын чоң колдоосу менен обсерватория курулган.270 Такиюддин Стамбул обсерваториясын негиздеп, асман телолорун өлчөөдө колдонуу үчүн жалпысынан тогуз аспапты жасаган жана алар 16-кылымдын эң мыкты байкоо инструменттери болгон. Ал аспаптардын бири «либне» деп аталган жана жылдыздардын меридиандарын байкоо үчүн колдонулган дубал жебеси болгон. Ал аспап аркылуу ошол доордо асман телолорунун экватордук координаттары аныкталган.

Такиюддиндин эң белгилүү эмгеги «Сидретүъл-Мүнтеха» деп аталат. Ал эмгекте күндүн параметрлери үч байкоо чекити ыкмасын колдонуу аркылуу эсептелген. Такиюддин Тихо Браге жана Коперниктен тышкары дүйнөдө бул ыкманы колдонгон үчүнчү киши болгон. Тапкан жыйынтыктары окшош болгону менен, Такиюддиндин күндүн параметрлери тууралуу жүргүзгөн эсептөөлөрү 16-кылымдагы эң туура эсептөөлөр катары тарыхка жазылган.

Такиюддин эмгектеринде «сааттарды» астрономиялык шайман катары көргөн.271 Ал сааттардын эң негизги өзгөчөлүгү мүнөт жана секунданы бере алган. Европада мүнөт жана секунданы эсептеген сааттын жасалган датасы менен Такиюддиндин бул механизм тууралуу сөз кылган даталары дал келет.

Такиюддин «Харидетүъд-Дүрер ва Феридетүъл-Фикр» (Топ берметтер жана ойлордун бермети) аттуу кичинекей бир астрономиялык таблицасында ондук бөлчөктөрдү колдонуп, алар тууралуу маалымат берген. Башкача айтканда, ондук бөлчөктү Европа билгенден алда канча мурда Такиюддин аны сүрөттөп, ал тургай, колдонгон.272 Такиюддиндин оптика тармагындагы эмгектери да оптика илиминин фундаменталдуу маалыматтарын камтыган. Оптика тармагындагы чоң жетишкендиктери 17-кылымга чейин батышта актуалдуу болгон негизги талкууларга шайкеш келген.273 Бул маалыматтардан Такиюддиндин дүйнөдө «алгачкыларды» жасаган окумуштуулардын бири болгондугу апачык көрүнүп турат.

 

Катип Челеби (1609-1657)

Стамбулдук Катип Челеби бир жагынан илим менен алектенсе, экинчи жагынан мамлекет жетекчилеринин балдарына жеке сабактарды берген. Араб, фарс, латын тилдерин билген жана анын эмгектери көптөгөн чет тилдерге которулган. Эң негизги эмгеги «Кешфүз-Зүнун» деп аталат жана 10 миң Ислам окумуштууларынын 14500 эмгегин бир-бирден санап, мазмундарын баяндаган библиографиялык сөздүк. Түркчө жазылган география китептеринин сап башында турган «Жиханнума», Осмон империясынын тарыхы жөнүндөгү абдан баалуу китеби «Фезлеке», империянын деңизде саякаттоо тарыхын баяндаган «Тухфетүл-Кибар» жана дүйнөнүн тарыхына арналган «Таквимүт-Теварих» эң белгилүү эмгектеринин негизгилери.274

География жана астрономия тармагындагы «Жиханнума» аттуу эмгегинде дүйнөдөгү 5 материкти 6га бөлүп, алардын баары тууралуу жалпы маалыматтарды берген (Европа, Азия, Африка, Америка, Австралия жана Уюлдук аймактар). Бул эмгекте жердин тоголок экенин далилдөө үчүн ар кандай далилдер келтирилген жана Япониядан Түркиянын Эрзурумуна чейин байыр алган бардык өсүмдүктөр менен жаныбарлар сүрөттөлгөн. «Жиханнума» ошол эле учурда Осмон империясынын үч материктеги өкүмдарлыгы, шаар жана шаарчалары тууралуу эч жерде кездешпеген баалуу маалыматтарды да камтыган алгачкы жана бирден бир системалуу география китеби.275

 

Хезарфен Ахмет Челеби (17-кылым)

Канаттуулардын учушун изилдеп, тарыхый учушунан мурда жасаган канаттарынын бекемдигин текшерүү үчүн, Галата мунарасынан секирип, канаттарын кыймылдаткан Ахмет Челеби Босфор кысыгынан өтүп, Үскүдар районуна конгон. Өзү иштеп чыккан жасалма канаттары менен уча алган алгачкы адамдардын бири болгондугу жана көптү билгендиги үчүн эл арасында «1000 билим» деген мааниде «Хезарфен» деген ылакап атка ээ болгон.

Хезарфен Ахмет Челеби азыркы учактардын баштапкы үлгүсүн жасап, түрк авиация тарыхынын белгилүү ысымдарынын бирине айланган.276

 

Жыйынтык

Бул бөлүмдө илим тармагындагы бири-биринен баалуу эмгектери тууралуу сөз кылынган мусулман илимпоздорду бириктирген нерсе – бул алардын Улуу Раббибиздин чексиз илиминин далилдерин изилдеп, Анын кудуретин жакшыраак түшүнүүнү алдыңкы планга коюшу болгон. Бул жерде бир бөлүгү гана каралган ал окумуштуулар илимий изилдөөлөр менен эле чектелбестен, ааламдын терең сырларын түшүнгөн сайын Аллахтан болгон коркууларын бекемдөө жана адамдарга Аллахтын бар экенин түшүндүрүп жеткирүү үчүн эмгектерин болгон күчтөрү менен улантышкан. Илимдин мусулман жол башчылары Улуу Раббибиз жараткан кереметтүү механизмдерди көз алдыга тартуулоо менен бирге, табиятты кудайлаштырган (Аллахты аруулайбыз) жалган диндерди да жок кылуу максатын көздөшкөн. Курандын аяттарындагы маалыматтарды изилдеп, алардын сырларын түшүнүү үчүн илимди туура багытта пайдаланышкан. Курандын илимге жол көрсөтүшүн үлгү алып, изилдөөлөрдөн табылган илимий ачылыштарды бүт адамзаттын кызматына тартуулашкан. Мусулман илимпоздордун бул жол башчылыгынан азыркы замандагы бардык мусулмандар да үлгү алышы шарт. Бул Раббибиздин жаратуу далилдерин бардык адамдардын таанып билишине жана Аллахтын уруксаты менен, дин адеп-ахлагынын жайылышына себепчи болот.



 

 

БИЗДИН ЗАМАНДАГЫ ЫЙМАН КЫЛГАН БАШКА ИЛИМПОЗДОР

 

Дүйнө жүзүндө Аллахка ишенген көптөгөн илимпоздор бар. Төмөндө аты аталган, биздин замандын ийгиликтүү илимпоздорунун баары жандыктардын кокусунан пайда болгонун четке кагып, бүт ааламды Аллахтын эч кемчиликсиз кылып, бир заматта жоктон жаратканына ишенишет.

 

Профессор Роберт Хортон Кэмерон

Математика

 

Доктор Джерри Бергманн

Психология

 

Доктор Кимберли Беррин

Микробиология жана иммунология

 

Профессор Владимир Бетина

Биохимия жана биология

 

Доктор Эндрю Босанкет

Биология и микробиология

 

Доктор Дэвид Р. Бойлан

Химия

 

Доктор Клиффорд Бардик

Геология

 

Роберт Кайта

Ядролук физика

 

Джей Л. Уайл

Ядролук химия

 

Профессор Стив Остин

Геология

 

Профессор Роберт Ньюман

Астрофизика

 

Профессор Зигфрид Шерер

Биология

 

Доктор Рассел Хэмфрис

Физика

 

Доктор Джефф Даунс

Өсүмдүктөрдүн физиологиясы

 

Доктор Ларри Батлер

Биохимия

 

Профессор Линн Э. Каротерс

Статистика

 

Профессор Сунг До Ча

Физика

 

Профессор Юджин Ф. Чаффин

Физика

 

Доктор Чунг Кук Чанг

Генетика

 

Профессор Чунг А Чо

Биология

 

Доктор Харольд Коффин

Палеонтология

 

Доктор Джек У. Гуоццо

Медицина

 

Доктор Малькольм Катчинс

Космос инженериясы

 

Доктор Лионель Дамер

Органикалык химия

 

Доктор Раймонд В. Дамадян

Физика

 

Доктор Крис Дарнбруф

Биохимия

 

Доктор С. Э. Оу

Биохимия

 

Доктор Томас Барнс

Физика

 

Доктор Пол Аккерман

Психология

 

Дэвид Девитт

Нейробиолог

 

Доктор Дуглас Дин

Биохимия

 

Доктор Дон Де Янг

Астрономия, атмосфера физикасы

 

Профессор Данни Р. Фолкнер

Астрономия

 

Профессор Деннис Л. Энглин

Геофизика

 

Профессор Роберт Х. Франкс

Биология

 

Доктор Дональд Хаманн

Тамак-аш тармагы

 

Доктор Барри Харкер

Философия

 

Доктор Чарльз У. Харисон

Физика

 

Доктор Харольд Р. Генри

Инженерия

 

Доктор Джозеф Хенсон

Энтомология

 

Роберт А. Херманн

Математика

 

Доктор Рассел Хамфрис

Физика

 

Доктор Джонатан У. Джонс

Медицина

 

Доктор Валерий Карпунин

Математика

 

Доктор Дин Кеньон

Биология

 

Доктор Джон У. Клотц

Биология

 

Доктор Владимир Ф. Кондаленко

Цитология, клетка патологиясы

 

Доктор Леонид Корочкин

Генетика, молекулярдык биология, нейробиология

 

Профессор Йин Хьюк Квон

Физика

 

Доктор Мьюнг Санг Квон

Иммунология

 

Профессор Джон Леннокс

Математика

 

Доктор Джон Лесли

Биохимия

 

Профессор Лейн П. Лестер

Биология, генетика

 

Профессор Джордж Д. Линдсей

Илимий таалим

 

Доктор Алан Лав

Химия

 

Профессор Марвин Л. Лубенов

Антропология

 

Доктор Эндрю Макинтош

Аэродинамика

 

Доктор Джон Манн

Айыл-чарба илими

 

Доктор Франк Марш

Биология

 

Доктор Ральф Мэттьюз

Радиациялык химия

 

Доктор Джон Майер

Физиология

 

Доктор Генри М. Моррис

Гидрология

 

Доктор Лен Моррис

Физиология

 

Доктор Грим Мортимер

Геология

 

Профессор Хи Чун Но

Ядролук инженерия

 

Доктор Дэвид Одерберг

Философия

 

Профессор Джон Оллер

Лингвистика

 

Профессор Крис Д. Осборн

Биология

 

Доктор Джон Осгуд

Медицина

 

Доктор Чарльз Паллаги

Ботаника

 

Профессор Дж. Рендл Шорт

Педиатрия

 

Доктор Юнг Гу Ро

Биология

 

Доктор Дэвид Розвир

Химия

 

Доктор Янг Ги Шим

Химия

 

Доктор Михаил Шульгин

Физика

 

Доктор Роджер Симпсон

Инженерия

 

Доктор Харольд Слашер

Геофизика

 

Профессор Ман Сук Сонг

Компьютердик программалоо

 

Профессор Джеймс Старк

Илимий таалим

 

Профессор Брайан Стоун

Инженерия

 

Доктор Людмила Тонконог

Химия, биохимия

 

Доктор Ларри Вардиманн

Метеорология

 

Доктор Тоачим Веттер

Биология

 

Доктор Ноэль Уикс

Зоология

 

Доктор А. Ф. Монти-Уайт

Химия, мунайзат кинетикасы

 

Профессор А. Э. Уилдер-Смит

Органикалык химия жана фармакология

 

Доктор Клиффорд Уилсон

Археология

 

Профессор Верна Райт

Медицина

 

Профессор Сеунг Хун Янг

Физика

 

Доктор Ик Донг Ю

Генетика

 

Доктор Санг Хи Юн

Физика

 

Доктор Ик-Дон Ю

Биология


Булактар:

110 Jeffrey L. Sheler and Joannie M. Schrof, The Creation, US News & World Report, 23 Aralık 1991.

111 Taşkın Tuna, Sonsuz Uzaylar, s.31

112 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 182-183

113 www.leaderu.com/offices/schaefer/docs/scientists.html

114 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 191

115 William Dembski, The Act of Creation, Bridging Transcendence and Immanence, sunum: Millstatt Forum, Strasbourg, France, 10 Ağustos 1998

116 Stephen C. Meyer, Tasarım ve Köken konulu "Mere Creation:Reclaiming the Book of Nature-Conference" adlı konferansta "The Explanatory Power of Design: DNA and the Origin of Information" başlıklı konuşmasından alınma, Biola University, 14-17 Kasım 1996.

117 http://www.leaderu.com/real/ri9403/evidence.html

118 http://www.leaderu.com/real/ri9403/evidence.html

119 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 181

120 Newsweek, 27 Temmuz 1998, s.46

121 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 219

122 A.g.e,s. 212

123 A.g.e, s. 196

124 Internatıonal Cathechetıcal Congress Of Rome, 20-25/09/1971, Roma, Stadium, (Bu kongre ile ilgili tutanakların 449-450. sayfaları.) http://www.its.caltech.edu/~newman/sci-cp/sci85073.html

125 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 211

126 4 Nisan 1998 tarihinde Istanbul'da Bilim Araştırma Vakfı tarafından düzenlenen "Evrim Teorisinin Çöküşü: Yaratılış Gerçeği" isimli I. Uluslararası Konferansta, Prof. Kenneth Cumming'in konuşması

127 5 Temmuz 1998 tarihinde Istanbul'da Bilim Araştırma Vakfı tarafından düzenlenen "Evrim Teorisinin Çöküşü: Yaratılış Gerçeği" adlı II. Uluslararası Konferansta Prof. David Menton'ın konuşması.

128 5 Temmuz 1998 tarihinde Istanbul'da Bilim Araştırma Vakfı tarafından düzenlenen "Evrim Teorisinin Çöküşü: Yaratılış Gerçeği" adlı II. Uluslararası Konferansta Prof. John Morris'in konuşması.

129 Sir John Templeton, Evidence of Purpose - Scientists Discover the Creator, Continuum, New York 1994, s.103

130 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 165

131 Newsweek, 27 Temmuz 1998, s. 49

132 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 155

133 Newsweek, 27 Temmuz 1998, s.49

134 Newsweek, 27 Temmuz 1998, s.48-49

135 Hugh Ross, Creator and the Cosmos, s.112

136 Hugh Ross, Design and the Anthropic Principle, Reasons to Believe, CA1988

137 4 Nisan 1998 tarihinde Istanbul'da Bilim Araştırma Vakfı tarafından düzenlenen "Evrim Teorisinin Çöküşü: Yaratılış Gerçeği" adlı I. Uluslararası Konferansta Prof. Duan Gish'in konuşması.

138 http://www.answersingenesis.org/Docs/1354.asp

139 http://www.answersingenesis.org/docs/560.asp

140 http://earth.ics.uci.edu/faqs/kouznetsov.html

141 http://www.answersingenesis.org/docs/4030.asp

142 http://www.answersingenesis.org/docs/3726.asp

143 http://www.publish.csiro.au/cyberscience/helix/TH50/TH50C.htm

144 John Clover Monsma, The Evidence Of God In Expanding Universe, s. 225

145 http://www.answersingenesis.org/docs/3945.asp

146 http://www.icr.org/pubs/imp/ imp-267.htm

147 Michael J.Behe, Darwin's Black Box, s.196

148 Tim Stafford, The Making of a Revolution, Christianity Today, Cilt 41, No. 14, 8 Aralık 1997.

149 John Marks Templeton, Kenneth Seeman Giniger, Spiritual Evolution - Scientists Discuss Their Beliefs, s.3

150 John Marks Templeton, Kenneth Seeman Giniger, Spiritual Evolution - Scientists Discuss Their Beliefs, s.14

151 John Marks Templeton, Kenneth Seeman Giniger, Spiritual Evolution - Scientists Discuss Their Beliefs, Templeton Foundation Press, Philedelphia &, Londo,n s.22-23

152 John Marks Templeton, Kenneth Seeman Giniger, Spiritual Evolution - Scientists Discuss Their Beliefs, ss. 50-51

153 John Marks Templeton, Kenneth Seeman Giniger, Spiritual Evolution - Scientists Discuss Their Beliefs, s.131

154 http://www.rae.org/dendar.html

155 http://www.rae.org/matersci.html

156 http://www.leaderu.com/truth/3truth11.html

157 William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, cilt.17, s.18

158 http://www.answersingenesis.org/Docs/3119.htm

159 William A. Dembski, Mere Creation, Science, Faith & Intelligent Design, InterVarsity Press 1998, s.461

160 William A. Dembski, Mere Creation, Science, Faith & Intelligent Design, s. 462

161 William A. Dembski, Mere Creation, Science, Faith & Intelligent Design, s. 462

162 William A. Dembski, Mere Creation, Science, Faith & Intelligent Design, s. 464

163 http://www.users.globalnet.co.uk/~aflint/crichbaptist.htm

164 http://www.rae.org/believe.html

165 http://www.answersingenesis.org/docs/1157.asp

166 http://www.answersingenesis.org/docs/3967.asp

167 http://www.answersingenesis.org/docs/359.asp

168 http://www.answersingenesis.org/docs/1336.asp

169 http://www.answersingenesis.org/docs/473.asp

170 Robert Matthews, Unravelling The Mind of God, s.8

171 Claude Tresmontant, "It is Easier to Prove the Existence of God Than It Used to Be", Réalités, Paris, Nisan 1967, s.46

172 Stephen Hawking, Evreni Kucaklayan Karınca, Alkım Yayıncılık 1993, s. 112

173 http://www.answersingenesis.org/docs/362.asp

174 http://www.answersingenesis.org/docs/340.asp

175 Howard R. Turner, Science in Medieval Islam, University of Texas Press, November 1, 1997, ISBN 0-292-78149-0, pg. 270 (book cover, last page)

176 Robert Briffault (1928). The Making of Humanity, p. 191. G. Allen & Unwin Ltd.

177 Robert Briffault (1928). The Making of Humanity, p. 202. G. Allen & Unwin Ltd.

178 Abdus Salam (1984) "İslam ve Bilim" In C.H.Lai (1987), İdealler ve Gerçekler: Abdus Salam'dan Seçme Deneme Yazıları , 2. Baskı, World Scientific, Singapur, S.179-213.

179 Oliver Joseph Lodge, Bilimin Öncüleri, s.9.

180 John Warren (2005). "War and the Cultural Heritage of Iraq: a sadly mismanaged affair", Third World Quarterly, Volume 26, Issue 4 & 5, p. 815-830.

181 Şaban Döven, "Müslüman İlim Adamları", Yani Asya neşriyat, İstanbul, 2004

182 Evid Based Complement Alternat Med, Aralık 2005, Vol. 2, Iss.4, s. 475-479

183 Robert Briffault (1938). The Making of Humanity, p. 195.

184 The Independent, London (UK) (095-9467, 11 Mart 2006, s. 22.

185 Prof. Dr. Mehmet Bayraktar, "İslam'da Bilim ve Teknoloji Tarihi", Türkiye Diyanet Vakfı Yayınlar, Ankara, 2000.

186 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 61.

187 Süleyman Feyyaz, Matematiğin Babası Harizmi, Anka Yayınları, 2003, İstanbul, s. 35

188 A.g.e, s. 23.

189 A.g.e, s. 20.

190 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 75

191 Ankara Üniversitesi Astronomi Tarihi ders notları (http://dione.astro.science.ankara.edu.tr/muyes/ast_tar/a101i.pdf)

192.Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 74

193.Carl B. Boyer, A History of Mathematics, John Wiley and Sons, 1968, New York, s. 258.

194.Prof. Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, İslam'da Bilim ve Teknoloji Tarihi, Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları, 2007, Ankara, s. 252

195.George Saliba, Islamic Science and the Making of the European Renaissance, The MIT Press, 2007, Londra, s. 81.

196.http://ansiklopedi.turkcebilgi.com/Fergani

197.J.N. Fiske, The Discover of America, Cilt I, Boston 1983, s. 377-378; Grant, 1986, s. 72-73.

198.Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 71

199 Prof. Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, İslam'da Bilim ve Teknoloji Tarihi, Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları, 2007, Ankara, s. 247

200 Yusuf Karaosmanoğlu, Astronomide Bir Öncü: El Battani, Sızıntı Dergisi, Sayı. 336

201 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 119, 132

202 On Asır Yaşayan Hekim: Ebulkâsım Zehravî, A. Bayram, Sızıntı Dergisi, sayı 62

203 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s.133.

204 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s.133.

205 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 132

206 http://tr.wikipedia.org/wiki/%C4%B0bn-i_Heysem

207 Süleyman Feyyaz, Eczacılığın Babası El Biruni, Anka Yayınları, 2003, İstanbul, s. 39

208 Süleyman Feyyaz, Eczacılığın Babası El Biruni, Anka Yayınları, 2003, İstanbul, s. 27

209 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 189

210 Süleyman Feyyaz, Eczacılığın Babası El Biruni, Anka Yayınları, 2003, İstanbul, s. 22

211 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, s. 188

212 Süleyman Feyyaz, Eczacılığın Babası El Biruni, Anka Yayınları, 2003, İstanbul, s. 26

213 A.g.e, s. 36

214 A.g.e, s. 20

215 A.g.e,, s. 35

216 A.g.e,, s. 36

217 A.g.e,, s. 33

218 A.g.e,, s. 34

219 A.g.e,, s. 37

220 A.g.e,, s. 43.

221 A.g.e,, s. 43.

222 A.g.e, s. 44.

223 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, İstanbul, s. 188.

224 A.g.e,, s. 188.

225 A.g.e,l, s. 188.

226 Yavuz Unat, "Teknoloji Tarihinde Cezerî'nin Öncülleri", Bilim ve Ütopya, Ocak 2001, Sayı 91, İstanbul 2001, s. 12-18

227 Süleyman Feyyaz, Son Filozof İbn Rüşd, Anka Yayınları, 2003, İstanbul s. 33-38

228 ami Hamarneh (1970), "Averroes, Contra Galenum by J. Christoph Burgel", Journal of the American Oriental Society 90 (2), p. 406

229 Dr. Albert Zaki Iskandar, Ibn ul-Nafees has Dissected the Human Body, Encyclopedia of Islamic World.

230 Ernest A. Moody (June 1951). "Galileo and Avempace: The Dynamics of the Leaning Tower Experiment (II)", Journal of the History of Ideas 12 (3), p. 375-422 [375]

231 Ernest A. Moody (June 1951). "Galileo and Avempace: The Dynamics of the Leaning Tower Experiment (II)", Journal of the History of Ideas 12 (3), p. 375-422 [380]

232http://www.cizre.bel.tr/cizre.aspx?id=kisiler

233 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, İstanbul, s. 190.

234 Süleyman Feyyaz, Bitkibilimin Babası İbn Baytar, Anka Yayınları, 2003, İstanbul s. 42-47.

235 Süleyman Feyyaz, Trigonometrinin Babası Et-Tusi, Anka Yayınları, 2003, İstanbul s. 27.

236 A.g.e, s. 33.

237 A.g.e, s. 41-43.

238 http://www.answers.com/topic/aja-ib-al-makhluqat-wa-ghara-ib-al-mawjudat

239 Süleyman Feyyaz, Evrenin Gizlerini Açan Bilgin El-Kazvini, Anka Yayınları, 2003, İstanbul s. 27-31.

240 Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, İslam'da Bilim ve Teknoloji Tarihi, Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları, 2007, Ankara, s. 256

241 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, İstanbul, s. 138.

242 A.g.e, s. 138.

243 Süleyman Feyyaz, Toplumbilimin Babası İbn Haldun, Anka Yayınları, 2003, İstanbul s. 38.

244 Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, İslam'da Bilim ve Teknoloji Tarihi, Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları, 2007, Ankara, s 249

245 Büyük Larousse Sözlük ve Ansiklopedisi, Milliyet, Interpress Basın ve Yayıncılık AŞ., 1986, Levent, s. 6166

246 Prof. Dr. Aykut Kazancıgil, Osmanlılarda Bilim ve Teknoloji, 1999, İstanbul, s. 41-42

247 A.g.e, s. 43

248 A.g.e, s. 43

249 A.g.e, s. 44

250 A.g.e, s. 96

251 Sevim Tekeli, Esin Kahya, Melek Dosay, Remzi Demir, Hüseyin G. Topdemir, Yavuz Unat, Ayten Koç Aydın, Bilim Tarihine Giriş, Nobel Yayın Dağıtım Ltd Şti, 1999, Ankara, s. 325

252 Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, İslam'da Bilim ve Teknoloji Tarihi, Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları, 2007, Ankara, s. 245

253 Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi, Yıl:2003/1, sayı:14, s. 17

254 Süleyman Feyyaz, Matematiğin Babası Harizmi, Anka Yayınları, 2003, İstanbul, s. 34

255 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, İstanbul, s. 176-177.

256 A.g.e, s. 175

257 A.g.e, s. 176

258 A.g.e, s. 178.

259 Dr. Aykut Kazancıgil, Osmanlılarda Bilim ve Teknoloji, 1999, İstanbul, s. 92

260 Dr. Aykut Kazancıgil, Osmanlılarda Bilim ve Teknoloji, 1999, İstanbul, s. 93

261 Yeni Türkiye, Mayıs Haziran 2005, Yıl: 6, Sayı:33, s. 675

262 Sevim Tekeli, Esin Kahya, Melek Dosay, Remzi Demir, Hüseyin G. Topdemir, Yavuz Unat, Ayten Koç Aydın, Bilim Tarihine Giriş, Nobel Yayın Dağıtım Ltd Şti, 1999, Ankara, s. 311-312.

263 Dr. Aykut Kazancıgil, Osmanlılarda Bilim ve Teknoloji, 1999, İstanbul, s. 65-66.

264 Büyük Larousse Sözlük ve Ansiklopedisi, Milliyet, Interpress Basın ve Yayıncılık AŞ., 1986, Levent, s. 8451

265 Sevim Tekeli, Esin Kahya, Melek Dosay, Remzi Demir, Hüseyin G. Topdemir, Yavuz Unat, Ayten Koç Aydın, Bilim Tarihine Giriş, Nobel Yayın Dağıtım Ltd Şti, 1999, Ankara, s. 315

266 Dr. Aykut Kazancıgil, Osmanlılarda Bilim ve Teknoloji, 1999, İstanbul, s. 137

267 A.g.e, s. 138.

268 A.g.e, s. 139.

269 A.g.e, s. 139.

270 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, İstanbul, s. 170

271 A.g.e, s. 173.

272 Sevim Tekeli, Esin Kahya, Melek Dosay, Remzi Demir, Hüseyin G. Topdemir, Yavuz Unat, Ayten Koç Aydın, Bilim Tarihine Giriş, Nobel Yayın Dağıtım Ltd Şti, 1999, Ankara, s. 315-318.

273 A.g.e, s. 318.

274 Dr. Aykut Kazancıgil, Osmanlılarda Bilim ve Teknoloji, 1999, İstanbul, s.168-169.

275 A.g.e, s.168-169.

276 Kalender Yıldız, Müslüman İlim Öncüleri, Işık Yayınları, 2005, İstanbul, s. 159.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШ СӨЗ

  Куранда адамдар асмандар, жер, тоолор, жылдыздар, өсүмдүктөр, уруктар, жаныбарлар, түн менен күндүздүн келип чыгышы, өзүнүн төрөлүшү, жамг...